Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-1-берене. Муниципалдык заказ
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга, муниципалдык заказды жүзөгө ашырууга жана ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.
2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин же бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
4. Тарифтерге көзөмөлдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сактап калган шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка монополиялык кызмат көрсөтүүлөр катары берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) болгон белгилүү бир ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес мекемелерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Муниципалдык заказдын субъектиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.
(КР 2018-жылдын 27-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-62-1" title="62-1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>