Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-20.
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 19-июну № 87
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 2-бөлүгү "консультацияларды" деген сөздөн кийин "жана талкууларды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 18-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;".
3. 37-берененин 4 жана 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
5. Шаардык, райондук кеңештердин төрагалары илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасы 2021-2023-жылдаргаПрограмма · 04.03.2021 · № 5
- Каракол шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5 "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 26-12/5
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон