Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28 сентябрындагы №85-27 «Аламүдүн айыл аймагынын спорт комплексинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2018-жылдын 28 сентябры №85-27 Аламүдүн айыл аймагынын спорт комплексинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Пролетарская көчөсү № 12 дареги боюнча жайгашкан спорт комплексин ага ага жанаша жаткан жер тилкеси менен миниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине Аламүдүн айылы Пролетарская көчөсү № 12 дареги боюнча жайгашкан спорт комплексин ага ага жанаша жаткан жер тилкеси менен кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага:
А. Филимоненко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон