Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чон-Кемин айылдык кеңешинин «Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ» чечими
ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ЧЕЧИМ 2018-жылдын 29-марты № 03-8а Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ Чоң-Кемин айылдык Кеңешинин, Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 28-мартындагы XXVII/11-4 сандуу токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 18-беренесин жетекчилике алып, Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтү ЧЕЧТИ:
1. Чон-Кемин айыл аймагындагы Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу менен «Чон-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагында жайгашкандыктан, жергиликтүү калк катмарына социалдык жана башка түрдѳгү ар тараптуу кызматтар толук кандуу кѳрсѳтүлбѳй калгандыктан, Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу «Чон-Кемин» суусунун айланасындагы Шабдан айылына чейинки жерлери (сай) менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин ѳткѳрүү жана жана которуу (трансформациялоо) маселесин карап чыгуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы
Н.Ж. Сулайманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-мартындагы № XXVII/11-4 "Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер…Постановление · 28.03.2018 · № XXVII/11-4
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон