Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 27-апрели № 64 Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 16-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене
1-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын: "81) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;".
3-берене. "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн.";
б) отуз экинчи абзац "катаал мамилеге," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулукка," деген сөздөр менен толукталсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
"үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат.";
2) 7-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн "б" пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор;)";
б) 3-бөлүгүндө:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);"; онунчу абзацында "зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын: "23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.".
5-берене
5-берене. (КР 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене
6-берене. (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене. "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.. № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статья төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пункту менен толукталсын: "ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.".
8-берене. "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай формасын кабылдабоону калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай формасын үгүттөөгө жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу.".
9-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин отуз үчүнчү абзацы "басмырлоонун" деген сөздөн кийин "жана зомбулуктун" деген сөздөр менен толукталсын.
10-берене. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-статьянын 14-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- аларга карата алардын үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча сот актысы бар;".
11-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 20 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (20)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
- Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасы 2021-2023-жылдаргаПрограмма · 04.03.2021 · № 5
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 872-VI "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.06.2016 · № 872-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 1430-VI "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 16.03.2017 · № 1430-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 1309-VI "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 02.02.2017 · № 1309-VI
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөЗакон · 25.06.2005 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 344 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 344 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон