25-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 138
1. Борбордук шайлоо комиссиясын финансылоо кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.
2. Кезектеги шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүүлөр финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.
3. Шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Шайлоо, референдумду өткөрүүгө каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине шайлоо, референдум дайындалган күндөн он календардык күндөн кечиктирбестен которулат жана төмөн турган комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.
4. Шайлоо, референдумду чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча илимий-изилдөө, маалыматтык, билим берүү программаларын, ошондой эле шайлоо, референдумду техникалык даярдоону финансылоону кошпогондо, катышуучусу чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар болуп саналган юридикалык жактар тарабынан шайлоо, референдумду финансылоого тыюу салынат.
5. Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүүгө, шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервди укуктук жактан окутууга байланыштуу мамлекеттик программалардын иш-чараларын финансылык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан жана башка мыйзам менен тыюу салынбаган финансылоо булактарынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Шайлоо комиссиясынын төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансыланат:
1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жана сыйакы берүү, ошондой эле эмгек келишими боюнча шайлоо комиссияларында иштөөгө тартылган жарандарга төлөмдөр;
2) басма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга;
3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл жабдууларды (анын ичинде технологиялык), башка материалдык баалуулуктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;
4) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, почталык, электрондук), транспорттук чыгымдарды камсыз кылууга;
5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоого же жок кылууга;
6) алардын чектерин, даректерин көрсөтүү менен шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, кругдук, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жарыялоого;
7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин жана аларды шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына киргизүү жөнүндө кабарламаларды жарыялоого;
8) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана жүргүзүүгө;
9) шайлоо, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын иш сапарлары жана жол-киреси боюнча чыгымдардын ордун толтурууга;
10) талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партияларга акысыз эфирдик убакыт, акысыз басылма аянтын берүүгө;
11) шайлоо комиссияларынын маалыматтарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
12) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүүгө;
13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөргө;
14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак уюштурууга;
15) шайлоо, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.
7. Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.
8. Участкалык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетту добуш берүү күнүнөн кийин жети календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына берет.
9. Аймактык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту добуш берүү датасынын күнүнөн кийинки жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө финансылык отчету жарыялоонун расмий булактарында, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана расмий сайтында шайлоо, референдумдун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жарыяланат.
11. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтердин шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдери менен шайкеш келгендиги жана финансылык отчетторду ушул Мыйзамда бекитилген мөөнөттөрдө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөмдөр;
2) басма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө алынып салынды: ашырууга (Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетени);
кошулду: ашырууга;
3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын … байланыштуу шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, алынып салынды: факсимилдүү, почталык, электрондук), транспорттук чыгымдарды камсыз кылууга;
5) … көрсөтүү менен шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, кошулду: кругдук, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын … жарыялоонун расмий булактарында, Борбордук шайлоо комиссиясынын алынып салынды: бюллетенинде жана расмий сайтында шайлоо, референдумдун натыйжалары жарыяланган … бекитилген мөөнөттөрдө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (72)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын -…Постановление · 18.01.2017 · № 14
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 701 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 16.09.2021 · № 701
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы № 3 "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.02.2023 · № 3
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 185 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун…Постановление · 04.11.2016 · № 185
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 17-апрелиндегит № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону…Постановление · 17.04.2013 · № 49
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 77 "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын…Постановление · 28.07.2015 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 199 "2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу…Постановление · 30.12.2025 · № 199
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 86 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 14.04.2017 · № 86
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин…Постановление · 26.10.2020 · № 268
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы № 841 "2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир…Постановление · 27.12.2021 · № 841
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 17-октябрындагы № 746 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун…Постановление · 17.10.2021 · № 746
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы № 4 "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын…Постановление · 08.02.2023 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 27 "2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 30.03.2023 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 66 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 12.07.2023 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.07.2020 · № 134
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 29 ноября 2013 года № 172 "Об утверждении сметы расходов на подготовку и проведение выборов…Постановление · 29.11.2013 · № 172
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 10.12.2013 · № 179
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык…Постановление · 18.02.2014 · № 27
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 42 "2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы…Постановление · 07.03.2014 · № 42
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин…Постановление · 08.04.2014 · № 56
72 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203100/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>