Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Өткөөл жобо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөндөгүлөр белгиленсин:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы, максатка ылайыктуулугуна жараша, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн эске албай туруп аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө укуктуу;
2) Борбордук шайлоо комиссиясы областтык шайлоо комиссияларынын тийиштүү документтерин тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү боюнча зарыл керектүү чараларды көрсүн.
2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, шаарлардын мэриялары областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдигин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү боюнча чараларды кабыл алсын.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чараларды кабыл алсын:
- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдигин киргизүү боюнча;
- областтык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорунун штаттык бирдигин киргизүүгө которуу боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн жана системалык администраторлорунун ар айлык эмгек акысын каржылоого акча каражаттарын тапсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап он беш күндүн ичинде шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берсин.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 12.07.2011 · № 383
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы №10 "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын…Постановление · 11.07.2011 · № 10
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203100/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>