Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-декабры № 179
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” ПЖ №226 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүкттөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 508 700 (беш жүз сегиз миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 226 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо…Указ · 12.12.2013 · № 226 · Күчүн жоготкон