Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын «2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-октябры № 746 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 457 Жарлыгынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 48-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 212000 (эки жүз он эки миң) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенип Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты Аксы аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
3. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, аларды финансылык жактан камсыздоону бекитилген сметага ылайык уюштурсун жана ал каражаттарды максаттуу пайдаланылышына контролдоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 457 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону…Указ · 13.10.2021 · № 457 · Күчүн жоготкон