Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-марты № 42
2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир айылдык кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 544 300 (бир миллион беш жүз кырк төрт мин үч жүз ) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 53 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо…Указ · 07.03.2014 · № 53 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы №71/11…Положение · 25.11.2015 · № 71/11 · Күчүн жоготкон