24-берене. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
1. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:
1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда;
2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;
3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптары бузулганда.
2. Тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер, саясый партия арыз менен кайрылууга укуктуу. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз добуш берүү күнүнө же кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө - бул шайлоо участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген кийинки мезгилге чейин он календардык күндөн кечиктирбестен, бирок кайталап добуш берүү датасынын күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
3. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз кароого токтоосуз кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.
4. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы ушул Мыйзамдын жобосуна ылайык, жаңы курамдагы округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын түзөт.
5. Аны таркатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан кийин жаңы курамдагы округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы үч календардык күндөн кечиктирбестен түзүлүшү керек.
6. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу талапкердин же саясый партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушуна алып келбейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (14)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 154
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү…Постановление · 06.12.2019 · № 176
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 "2012-жылдын 4-мартында өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 28.03.2012 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 129 "Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөн…Постановление · 24.07.2013 · № 129
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 "Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттери жана Жалал-Абад шаардык…Постановление · 18.02.2014 · № 30
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2014-жылдын 20-февралындагы № 33 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө"…Постановление · 20.02.2014 · № 33
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 687 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгаруу жана Ош…Постановление · 09.09.2021 · № 687
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 58 "Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2012 · № 58
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 77 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын…Постановление · 25.05.2012 · № 77
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү жөнүндө"…Постановление · 10.01.2013 · № 2
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 2-февралындагы № 27 "Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракети жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2012 · № 27
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлу № 637 "2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап…Постановление · 26.07.2021 · № 637
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-августундагы № 658 "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү…Постановление · 29.08.2021 · № 658
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203100/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>