10-берене. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар төлөнгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишканалар тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт белети үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү - 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөбөгөн учурда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.
3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана тарабынан оптималдуу жүктөмдү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталып, жайыт пайдалануунун жылдык пландарына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым малдын башына жана үй жаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт.
5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн жыйымга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо жыйым алынбайт.
6. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2020 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 мая 2016 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О пастбищах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 декабря 2011 года № 254 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жайыт алынып салынды: белеттери кошулду: билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар төлөнгөндөн кийин алынып салынды: жайыт комитети кошулду: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишканалар тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү … кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.
3. Жайыт жерлерин алынып салынды: пайдаланууга укук алуу кошулду: пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын алынып салынды: жайыт комитети кошулду: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана тарабынан оптималдуу алынып салынды: жүктү кошулду: жүктөмдү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталып, … № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2020-жылдын 10-июлундагы № алынып салынды: 76 кошулду: 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (13)
- Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 8 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2021-жылга карата акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2021 · № 8
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 98 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт…Постановление · 26.12.2017 · № 98
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 124 «Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 20.06.2018 · № 124
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 5/3 "Жайыт комитетинин айлык-акысын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 5/3
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 178 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 14.05.2019 · № 178
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 64 "Жапалак жайыт комитети тарабынанаткарылып жаткан иштер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды…Постановление · 27.09.2022 · № 65
- Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 25/121 "Жайыт пайдалануучулардын ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2023 · № 25/121
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майы № 21/IV "Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка айылында 2024-жылга Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймактык коомдук ɵз алдынча…Постановление · 16.05.2024 · № 21/IV
- Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июлу № 29-12/5 "Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.07.2025 · № 29-12/5
- Постановление Ак-Кудукского айылного кенеша от 28 апреля 2025 года № 35/VIII-29 "2025-жылга карата Ак-Кудук айыл аймагында малдын башына акы жана жайыттарды пайдалангандагы үчүн…Постановление · 28.04.2025 · № 35/VIII-29
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 75/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү…Постановление · 23.02.2026 · № 75/XVI-29
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2019 года № 259 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в…Постановление · 31.05.2019 · № 259
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.07.2020 · № 76 · Күчүн жоготкон
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 28.12.2011 · № 254 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202594/st-10" title="10-берене - Жайыттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>