Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 75/ХVI-29
Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” бекитилген токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4,8 жана 10-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун” негизинде, жайыт жерлерин пайдалануунун эффективдүүлүгү жана сарамжалдуу башкаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.2026-жылга мал жандыктары үчүн төмөндөгүдөй төлөм бекитилсин:
- бодо мал-1 баш -150 сом;
- жылкы -1 баш -150 сом;
- кой-эчки- 1 баш- 50 сом;
3. 2026-жылга жайыт жерлерди мал жаюудан тышкары максатта пайдалангандыгы үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
-туризм жана жарандардын эс алуусу үчүн 0, 01 га – 300 сом;
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Дж. Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон