Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 20-июну № 124 «Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө» Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү №277/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 18-майындагы №14 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планы №1 тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы кезектеги XIII сессиясынын (IVчакырылыш) № 124 токтомуна №1 тиркеме
Жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жамаатынын 2018-жылга карата иш планы
Ош шаары, Жапалак айылы, 2018–ж. Кыскартуулар: ААБ –айылдык аймактык башкармалыгы КӨ – климаттын өзгөрүшү ИММ – ири мүйүздүү мал ТЧ –токой чарбасы МММ – майда мүйүздүү мал ЖК – жайыт комитети ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту КФ-коомдук фонд ШМБ – шарттуу мал башы ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси. Киришүү Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы :
Республиканын борборунан Облустун борборунан Райондун борборунан Жакынкы темир жол бекетинен Аэропорттон
700 км, 7 км, 30 км, 10 км, 15 км аралыкта жайгашкан.
Физико-географиялык мүнөздөмө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жайгашкан чөлкөмдүн климаты мелүүн, жумшак болуп эсептелет. Жайкы ысык аба жеңил кыш менен алмашат. Эң жогорку суук мезги январь айына, эң ысык мезгил июль айларына туш келет. Абанын жылуулугунун абсолюттук минимуму -20 до -150 С, абсолюттук максимуму от +70до+400С.
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү 1-торчо
№
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
Өлчөө бирдиги
Көрсөткүчтөр
1
Калктын саны
адам
29006
2
Кожолуктардын саны
кожолук
5255
3
ААБнын жалпы аянты
ч.км
103
4
Кожолуктарга тиешелүү жер тилкелер
ч.м
52550
5
Жайыттардын жалпы аянты:
гa
2281
Анын ичинен:
Кышкы жайыттар
гa
-
Жазгы-күзгү жайыттар
гa
220
Жайкы жайыттар
гa
1440
Кара-Суу токой чарбасынан ижарага алынган жайыттар
гa
1570
6
Айдоо жерлердин жалпы аянты:
га
2040
Анын ичинен:
Буудай
гa
230
Жүгөрү
гa
800
Эспарцет/люцерна
гa
240
Табигый чөптөр
гa
10
Жана башкалар
га
200
7
Ири мүйүздүү мал
баш
9005
8
Майда мүйүздүү мал
баш
14910
9
Жылкы
баш
649
Пландын максаты
Жайыт башкаруу планы жайыттардын табигый комплексине келтирилип жаткан зыяндарды жана жоготууларды азайтуу, алардын баалуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. План кызыкдар тараптардын иш аракетин жөнгө салуу үчүн колдонулат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жайыт комитети 2010-жылдын 27-январында Ош облустук Юстиция башкармалыгында Юридикалык жак катары каттоодон өткөн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси коомдук башталыштагы өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. Жайыт пай – бул Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси. 2009-жылдын 15-сентябрында депутаттардын Жапалак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүү жөнүндө” токтом кабыл алынган. Бул токтом менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын жалпы жыйынынын чечиминин негизинде ЖПБнын Уставы, ЖКнын жана текшерүү комиссиясынын тутумдары бекитилген. Жайыт комитетинин төрагасы болуп Салиев Акылбек, башкы эсепчиси болуп Ташбаева Ч. шайланган. ЖПБ Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашып, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын бардык аймагында иш жүргүзөт. ЖПБнын иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес. ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер, жооп берүүчү катары чыгат. ЖПБнын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик жана гранттык банктык эсептери бар ЖПБнын юридикалык дареги: Ош шаары, Жапалак ААБ, Керме-Тоо айылы, Каримова көчөсү №1, моб.тел. 0777577720 Банктык реквизиттери: БИК (МФО) 129057. Р.с.: 1290573230020909, ОКПО 27319557, ИНН0 01802201110271. .Ош ш. “РСК”БАНК. ЖПБнын жогорку башкаруу органы болуп жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйыны эсептелет. ЖПБнын аткаруу органы-жайыт комитети. ЖПБнын текшерүү комиссиясы ЖПБнын ревизиялык контролдоочу органы болуп эсептелет. ЖПБнын мүчөлөрү- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулары. Жайыт комитетинин төрагасы: Салиев А. Жайыт комитетинин бухгалтери: Ташбаева Ч.
Жапалак аймактык айылдык Кеңешинин жайыт комитетинин курамы 2-торчо
№
Фамилиясы, аты, атасынын аты
Кызматы
1
Эшманов Санжарбек
Жапалак аймактык айылдык Кеңешинин башчысы
2
Салиев Акылбек
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы
3
Аттокуров Сайит
Жайыт комитетинин мүчөсү
4
Камилов Жаныбек
Жайыт комитетинин мүчөсү
5
Акматов Шералы
Жайыт комитетинин мүчөсү
6
Кулматов Исраил
Жайыт комитетинин мүчөсү
7
Ажиев Султангазы
Жайыт комитетинин мүчөсү
8
Таштанов Анарбай
Жайыт комитетинин мүчөсү
9
Арзиев Нуралы
Жайыт комитетинин мүчөсү
10
Самидинов Каныбек
Жайыт комитетинин мүчөсү
11
Осмонов Сабыр
Жайыт комитетинин мүчөсү
12
Коңурбаев Турат
Жайыт комитетинин мүчөсү
13
Омошов Абдилашим
Жайыт комитетинин мүчөсү
14
Шерматов Жунусалы
Жайыт комитетинин мүчөсү
15
Маматалиева Махбурат
Жайыт комитетинин мүчөсү
16
Жунусов Темирпбек
Жайыт комитетинин мүчөсү
17
Курбаналиев Насирдин
Жайыт комитетинин мүчөсү
Текшерүү комиссиясынын курамы 3-торчо
№
Фамилиясы, аты, атасынын аты
Кызматы
1
Маматлиева Махбурат
Төрага
2
Осмонов Сабыр
Комиссиянын мүчөсү
3
Аттокуров Сайипназар
Комиссиянын мүчөсү
Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын санын тактоо.
Жапалак жайыт комитети тарабынан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы малдын санын тактоо учурунда түзүлгөн жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн. Тилеке каршы бул тизме так эмес жана ар дайым тактап турууну талап кылат. Себеби бул тизмеге негизинен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жашаган, өзүнүн жеке менчик малы менен жайлоого чыккан, жайыттарда мурдатан короолору бар, ири сандагы мал ээлери жана фермерлер киргизилген. Мындан тышкары коммерциялык негизде мал баккан чабандар түрдүү себептер менен бул тизмеге киргизилген эмес. Мына ушундай себептердин негизинде жайытка чыгуучу малдын санын да толугу менен эсепке алуу кыйынчылыкты туудурат. Айрым учурларда чабандар кошуна жайгашкан айылдардын элинин малын багууга алып Жапалак жайыт комитетине караштуу жайлоого чыккан учурлар кездешет. 4-торчодо Жапалак жайыт комитетинде 2018-жылы жүргүзүлгөн мал каттоонун жыйынтыгы менен алынган малдын саны көрсөтүлгөн. Жайыт пайдалануучулардын такталган тизмеси 1-тиркеме менен планга тиркелген.
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгындагы малдын саны 4-торчо
Аймактык айылдык башкармалык
Ири мүйүздүү мал
Кой-эчкилер
Жылкы
Жапалак
9005
14910
649
Малдын санын так аныктоо мүмкүн болбогондуктан ЖКнын жайыт пайдалануу боюнча жылдык планын түзүү алдында болжолдуу түрдө эсепке алынбаган мал башынын %дык ченин аныктоо зарыл. Болжолдуу түрдө алынган %дык айырмачылык малдарды жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүүдө колдонулат. Төмөндөгү торчодо такталбаган малдын санынын пайыздык айырмасы көрсөтүлгөн.
Малдын жалпы санын тактоо 5-торчо
Малдын түрү
Жайыт комитетинин эсеби боюнча малдын саны
Статистикалык эсеп боюнча малдын саны
%-дык айырмачылык
Уйлар
8756
9005
+2,8%
Жылкы
615
649
+1,2%
Топоз
0
0
0
Кой-эчкилер
13654
14910
+9,2%
Төө
0
0
0
Эшек
0
0
0
Жапалак ААБнын жайыттарына жаз, күз мезгилдеринде чыга турган малчылардын жана жеке мал ээлеринин, жайыт пайдалануучулардын тизмеси ЖКнын каттоосу боюнча 1-тиркемеде тиркелген. Жогоруда аталгандай Жапалак ААБга караштуу жайыттарга бардык мал барбагандыктан улам, ЖКнын каттоосуна алынган жана статистикалык каттоодон өткөн малдын саны боюнча кескин айырма бар. 5-торчодо көрсөтүлгөндөй негизинен ИИМ мал ЖКнын каттоосунан өткөн эмес, анын негизги себеби ири мүйүздүү мал (уйлар) айылдын четиндеги бөлүнгөн жерлерге (бада) жайылат. Жалпы малдын санын жайыт тоютуна жана кышкы тоютка болгон муктаждыгын аныктоо үчүн, ошондой эле мал жаюуну жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүү максатында ШМБна которулганда 11981 шарттуу мал башын түзөт. Жапалак ЖКнин каттоосунун негизинде малдын жалпы саны 24564 башты түзөт. Жапалак ЖК тарабынан жумушчу жана эшек каттоого алынбайт, анын негизги себеби жумушчу аттар жана эшектерге жайыт акы алынбайт. Эл тарабынан так айтылбай, эсепке алынбай калган мал болжолдуу 3,5% түзөт. Ар түрдүү малды шарттуу мал башына которуу
Шарттуу мал –бул түрдүү малды бир түрдүү шарттуу малга которуу коэффициенти. Түрдүү мал башын шарттуу мал башына которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылы №386 токтому менен бекитилген коэффициент колдонулат. Мындан тышкары малды шарттуу мал башына которуу үчүн малдын тирүүлөй салмагын эсепке алуу менен которууга болот. Бул учурда түрдүү малдын тирүүлөй салмагын Кыргызстандын шартындагы орточо уйдун тирүүлөй салмагына бөлүү керек. Мисалы, уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг.Ар түрдүү малдын тирүүлөй салмагын 300 кг. бөлүү менен шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктап алабыз.
Малдын тирүү салмагынын негизинде малдын санын шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктоо 6-торчо
Малдын түрү
Салмагы, кг
Эсептөө
Малдын санын шарттуу малдын санына которуу коэффициенти
Уйлар, ири мүйүздүү мал
300
300/300
1
Ири мүйүздүү жаш мал
200
200/300
0,7
Бука
360
360/300
1,0 (1,2)
Кой-эчкилер
60
60/300
0,2
Жылкы
360
360/300
1,2
Төө
-
-
-
Топоз
-
-
-
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында малдарды шарттуу мал башына которуу токтомдун негизинде бекитилген коэффициентти колдонуу менен жүргүзүлгөн. Бир гана жылкыларды шарттуу мал башына которууда 1,2 коэффициенти колдонуу менен жүргүзүлөт. Жапалак жайыт комитетинде жылкылардын санын шарттуу мал башына которуу коэффициенти быйыл да 1,2 өлчөмүндө калтырылды.
Шарттуу мал башына которуу коэффициенти (ШМБ):
Ири мүйүздүү мал, уйлар -1 Ири мүйүздүү мал, торпоктор - 0,7 Кой -эчкилер – 0,2 Жылкылар, эшектер – 1 Төөлөр– 1 Малдын санын шарттуу мал санына которуу 7-торчо
Малдын түрү
Малдын саны
Шарттуу мал санына которуу коэффициенти
Шарттуу мал саны
Ири мүйүздүү мал, анын ичинен уйлар
6390
1
6390
Жаш ири мүйүздүү мал
2615
0,7
1830
Жылкы
649
1,2
779
Кой -эчкилер
14910
0,2
2982
Топоз
0
Бардыгы
24564
11981
Жайыт комитети малдын санын жыл башында эсепке алат, жарандар жыл ичинде малдарын саткандыгына жана жаңыдан малды сатып алгандыгына байланыштуу малдын саны ар дайым өзгөрүп турат № 5 торчодо көрсөтүлгөндөй , малдын саны орто эсеп менен 7% көп болгон. Ушул %дык айырмачылыкты колдонуу менен малдын санын %дык айырмачылыкка көбөйтүп ЖКнын тизмесиндеги малдын саны такталат. Тактоолордун негизинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 11981 шарттуу мал башы бар экендиги аныкталды. Айылдык аймактык башкармалыктын деңгээлинде тоют өндүрүү. Кыргызстандын шартында тоют өсүмдөрүнүн төмөндөгүдөй түшүмдүүлүгүн колдонобуз. Тоют өсүмдүктөрүнүнү түшүмдүүлүгү 8-торчо
Тоюттун түрлөрү
Түшүмдүүлүк (кургак салмак) т/га
Табигый чөп
0,2-0,5
Эспарцет, люцерна
5-10
Арпа саман
1-1,5
Буудай саман
1,5-2,0
Жүгөрү саман
1,5-2,5
Сулуу
1,2-1,5
Малдын бир суткадагы тоютка болгон муктаждыгы анын тирүүлөй салмагына, жашына, физиологиялык абалына жараша болот жана ал малдын тирүүлөй салмагынын 2,5-4% түзөт. Уйларга уйдун тирүү лөй салмагынын 2,5% түзгөн кургук массадагы тоют сарпталат. Эгерде бир уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг.болсо, анын 2,5 % 7,5 кг. түзөт. (300 х 2,5%=7,5 кг). Талап кылынуучу тоюттун өлчөмүн аныктагандан кийин Жапалак айылдык аймагынын деңгээлинде малга канча тоют даярдоо керектиги аныкталат . Тоют даярдоо 9-торчо
Тоюттун түрү
Түшүмдүүлүк (кургак масса) кг/га
Айдоо аянты, га
Түшүм,кг.
Бир күндүк тоют(кургак масса), Кг./ШМБ
Малга тоют берилүүчү күндөрдүн жалпы саны, ШМБ күн
Көп жылдык тоют өсүмдүгү (Эспарцет, Люцерна)
10000
240
2400000
7.5
320000
Буудай саман
2000
230
460000
61333
Жүгөрү саман
2500
800
2000000
266666
Табигый чөптөр
500
10
5000
666
Мал кол караган күндөрдүн жалпы саны
648665
Концентраттык тоюттар 4865000
№9 таблицада кесек тоютту концентраттык тоютка которгондогу эсеби көрсөтүлгөн. 9 А-торчо
Концентраттык тоют
Түшүмдүүлүк, кг
Сиңимдүүлүгү
Тоют бирдигине которуу коэф.
А х В
Люцер-нага которуу коэфф.
Жалпы люцерна Г х Д
А
Б
В
Г
Д
С
Дандык жүгөрү
4912000
800
1,3
6385600
0,5
3192800
Буудай
251850
230
1,0
251850
0,5
125925
Пахта жмыхы
180000
200
1,0
180000
0,5
90000
Бардыгы
3295725
Жапалак ААБдагы малдын башы 11981 шарттуу мал башын түзөт. Даярдалуучу жалпы тоют 5003 шарттуу малды кыш мезгилиндеги 247 күн багууга жетет. Бирок, малды короодо багуу кыш мезгилинде факт боюнча 15-20 күнгө азыраак. Ошого карабастан малга жетиштүү тоют даярдоодо бир топ көйгөйлөр бар.
Көйгөйлөрдү жоюунун жолдору:
ü Тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тоют талааларын сугаруу, органикалык семирткичтер менен кошумча азыктандыруу. ü Жетишсиз тоютту сатып алууну ишке ашыруу: o Калктын басымдуу бөлүгү тоюттуу Өзгөн районунан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунан сатып алат. o Эгемендүүлүк алганга чейин тоют аянттары көп болгон. Союз тарагандан кийин фермерлердин көпчүлүк бөлүгү тоют аянттарын колдонууга алып, ал жерлерге бак-дарак тигип, ал тургай приватташтырып да алышкан.
Жайыттардын асылдуулугун жана сыйымдуулугун аныктоо
Жайыттын асылдуулугун аныктоо үчүн ЖК тарабынан 1 чарчы метр аянттагы чөптү оруп чогулткан. Андан кийин чогултулган суу чөптү мал жей турган жана мал жебей турган бөлүккө бөлгөн. Андан кийин ар бир бөлүктү таразага тартып, алынган жыйынтык мониторинг жүргүзүү үчүн даярдалган маалымат баракчасына түшүргөн. Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде жайыттын асылдуулугу аныкталып, 10-торчого түшүрүлдү.
Жайыттын сыйымдуулугун аныктоо 10-торчо
Жайыттын аталышы
Аянты, га
Түшүмдүүлүк, кг/га
Жалпы түшүм ,кг (2 х 3)
Тоютту жедирүү коэфф., 60% (4 х 0,6)
ШМБнын саны
1 ШМБнын бир күндүк керектөөсү, 7,5кг
Жайыт-тын сыйым-дуулугу, ШМБ
1
2
3
4
5
6
7
8
Жаз
Жапалак
310
640
198400
119040
15872
55
288
Озгур
115
640
73600
44160
5888
55
107
Жай
Берки-Суу
1521
930
1414530
848718
113162
120
943
Тогуз-Булак
760
930
706800
424080
56544
120
471
Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоодо төмөндөгү көрсөткүчтөрдү эске алуу менен атайын формула колдонулат: Б – жайыттагы көк чөптүн мал жеген бөлүгү (массасы): 0,6 – Кургак массага которуу коэффициенти; Nга – жайыттын аянты; 0,7 –мал жаюу коэффициенти; N кун – мал жаюу күндөрүнүн саны; 7,5 – 1 шарттуу малга 1 суткада керектелүүчү кургак чөптүн көлөмү, кг.
Жайыт пайдалануу планы
Жайыт комитети тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жайыттардын мониторинги жүргүзүлбөгөндүктөн 2018-жылга карата жайыт пайдалануу планын түзүүдө ОФ САМР “Алатоо” тарабынан түзүлгөн жайыт картасы колдонулду. Бул карта геоботаникалык маалыматтардын негизинде түзүлүп, жайыттардын сыйымдуулугу көрсөтүлгөн. Өз учурунда жайыттардын сыйымдуулук картасы 80-жылы атайын түзүлгөн геоботаникалык экспедициянын маалыматынын негизинде түзүлгөн. 11-торчодо жайыт сезонунда жайыттарга коюлган жүк көрсөтүлгөн. Ал эми жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Жайыт сезонундагы жайыттарга коюлган жүк жана алардын сыйымдуулугу 11-торчо
Жайыт участкалары
Жай, 55 күн
Жай, 120 күн
Күз, 60 күн
Күз, 0 күн
ШМБ
Сый..
Жүк.
ШМБ
Сый..
Жүк.
ШМБ
Сый..
Жүк.
ШМБ
Сый.
Жүк.
Жапалак
346
288
20.1%
Х
Х
Х
X
X
X
Х
Х
Х
0ЗГУР
134
107
25.2%
Х
Х
Х
X
X
X
Х
Х
Х
Х
Х
X
X
X
X
Х
Х
X
Х
Х
Х
X
X
X
Х
Х
Х
Берки-Суу
X
X
X
1225
943
29.9%
Х
Х
Х
X
X
X
Тогуз-Булак
X
X
X
560
471
18.8%
Х
Х
X
X
X
X
X
X
X
Х
Х
X
X
X
X
Жайыт пайдалануу планын климаттык өзгөрүүгө ыңгайлаштыруу
Планды даярдоодо климаттык өзгөрүүлөрдү эсепке албай коюуга болбойт. Аба ырайынын өзгөрүүсү, абанын температурасы жайыттардыгы өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө өз таасирин тийгизет. Сурамжылоолордун негизинде жайыт жерлериндеги мал жей турган өсүмдүктөрдүн азайып бараткандыгы белгиленди жа бул көрүнүш жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Ошол себептен жайыт пайдалануучулар жайыттардын начарлап бара жаткандыгын белгилешет. Жогорудагылардын негизинде климаттын өзгөрүүсүн мал жайуу планын түзүүдө көз жаздымында калтырууга болбойт. Ушул жагдайларды эске алуу менен Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыттардын сыйымдуулугун 10-12%га азайцтуу менен жайыт пайдалануу планын түзгөн. 10-12% климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн начарлашын эсепке алат. Мындан тышкары Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыт пайдалануу боюнча келечек пландарында климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу боюнча бир катар иш чараларды аткарууну көздөөдө.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн жайыттардын сыйымдуулугуна тийгизген таасири 12-торчо
Жайыт участкаларынын аталышы
Жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ
Климат.өзгөр.эске алуу менен жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ
А
Б=А*0,9
Жапалак
288
259
Озгур
107
96
Берки-суу
943
848
Тогуз-Булак
471
424
Жапалак айылдык башкармалыгынын Жапалак жайыт комитети 13-торчодо жайыттардын сыйымдуулугун жайыт пайдалануучулар менен бирдикте 10%га азайтуу менен аныктаган.
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугу (КӨ) 13-торчо
Жайыт участкасы
Сыйымдуулук, ШМБ
Климаттын өзгөрүшүн эске алганда жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ
Жаз
Жай
Күз
Кыш
Жаз
Жай
Күз
Кыш
Жапалак
288
Х
х
Х
259
Х
X
Х
Озгур
107
Х
х
Х
96
Х
X
Х
Берки-суу
х
943
х
Х
х
848
X
Х
Тогуз-Булак
х
471
х
Х
х
424
X
Х
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугун аныктоого өзгөртүү киргизүү каралган. Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу малдарды жайыттарга кайра бөлүштүрүү каралган.
Мал көп жайылган жайыт участкаларында малды бөлүштүрүүнү жөнгө салуу 14-торчо
Жайыт участкасынын аталышы
Жайытка чыгуучу мал саны, ШМБ
Сыйымдуулук
Мал жайуу күндөрүнүн саны
Нагрузка на пастбища
Планга чейин
Пландан кийин
План-га чейин
План-дан кийин
A
Б
С
Д
А/С
Б/С
Жай
Жапалак
346
304
288
90
20.1%
5.5%
Озгур
134
124
107
90
25.2%
15.8%
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын малынын көпчүлүгү токой чарбасына тиешелүү жерлерде жайылгандыгына карабастан жайыттардагы малдын көптүгү байкалат. Ошол себептен көп малы бар мал ээлерин алыскы жайлоого чыгууга үндөө иштерин жүргүзүү зарыл. Мына ушундай жол менен гана жайыттарга болгон жүктү нормалдаштырууга, тоют базасын түзүүгө, жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Токой чарбалары менен кызматташуу Кара-Суу токой чарбасы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгна чектеш жайгашкан. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында Кара-суу токой чарбасынын айрым жер тилкелери жайгашкан. Азыркы учурда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянтын жана чектерин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянты жана чектери толук такталгандан кийин токой чарбасы менен Жапалак жайыт комитетинин ортосунда өз кызматташуу боюнча келишимдер түзүлөт. Бүгүнкү күндө Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы бардык жайыт жерлери үчүн жер салыгы Жапалак жайыт комитети тарабынан төлөнөт. заключен договор о сотрудничестве. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мал чарбасын өнүктүрүү Мал чарбасынын өнүгүүсүн жана жайыттардын сыйымдуулугун эсепке алганда негизги приоритеттер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
Малдын генетикалык потенциалын (породасын) жакшыртуу; Туруктуу тоют базасын түзүү; Мал чарба азыктарын жеринде кайра иштетүү; Мал чарба азыктарын сатууну колго алуу.
2016-2019-жылдарда Жапалак жайыт комитетинин мал чарбасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын планы. 15-торчо
№
Негизги багыттар
Иш чаралар
Мөөнөтү
Жоопкер
1
Малдардын породаларын жакшыртуу
Жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу
III кв. 2018-ж..
ЖК, Ветеринардык кызматтар
2
Кыш мезгилинде малды тоюттардырууну жакшыртуу
Көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү– эспарцет – Люцерна-
III кв. 2018-ж.
ЖК
3
Мал чарба азыктарын кайра иштетүүнү жандандыруу
Сүттү кайра иштетүү цехин куруу
II кв. 2018-ж.
ЖК
2018-жыл үчүн малдын ден соолугун жакшыртуунун планы Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы менен макулдашылып, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан бекитилип 2-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Жайыттарды пайдалануудагы жана башкаруудагы көйгөйлөр жана муктаждыктар
Жапалак жайыт комитети тарабынан 2016-2019-жылдарга жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана башка иш чараларды жүргүзүү, алардын аткаруу мөөнөттөрү белгиленген. Белгиленген иш чаралардын маанилүүлөрү жана тез арада аткарууга жаткандары жалпы жыйында тандалып алынып, аларды ишке ашыруу наркы аныкталат. Иш чараларга керектелүүчү каражат АРИС тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде такталат. Белгиленген иш чаралар жайыттардын начарлап кетишине жол бербейт жана алардын жакшыруусун камсыз кылат. Иш чараларды ишке ашыруу милдетин Жапалак жайыт комитети өз мойнуна алат. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу иш чараларынын планы жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйынында кабыл алынып, жергиликтүү Кеңештьин сессиясында бекитилет. Бекитилген иш чаралар планына 2018-жыл үчүн жайыт комитетинин бюджети да кирет.
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү дайыма үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Мониторинг жүргүзүү үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын буйругу менен атайын мониторинг жүргүзүү үчүн топ түзүлөт. Мониторинг жүргүзүү үчүн атайын топтун курамына жайыт комитетинин мүчөлөрү, ААбнын кызматкерлери, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, аялдардан түзүлгөн жамааттардын мүчөлөрү, жаштар, калктынг аялуу катмарынын өкүлдөрү кирет. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынында жана шаардык Кеңештин жыйынында ар жылы пландын аткарылышы боюнча маалымат берилет. Аталган маалымат берүүдө түшкөн сунуштардын негизинде планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн «Радар» ыкмасы колдонулат. Мониторинге чабандар, жаштар, аялдар, калктын аялуу катмары катышат жана 5 баллдык система менен баа берилет. Мониторинг жүргүзүүдө төмөндөгүлөр сурамжылоонун негизинде аныкталат:
· Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу;
· Тоют базасын жакшыртуу: Табигый, жасалма;
· Малдын ден соолугун сактоо иш чараларын жакшыртуу;
· Жайыттардын абалынын жакшырышы: башкаруу (менеджмент), агротехникалык иш чаралар (подсев, удобрение, и т.д.);
· Жайыттарды башкарууга калктын аялуу катмарынын катышуусу;
· Турмуш тиричилик деңгээлинин жакшыруусу – элдин кирешеси Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы калкка ачык айкын жеткирилип ар жылы жүргүзүлөт жана анын өзгөрүүсү боюнча планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Жайыт пайдалануу планына мониторингди жүргүзүүдө башка ыкмалар да колдонулушу мүмкүн. Мониторингди жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ар бир кызыккан мүчөсү, донорлор, өнөктөштөр, тиешелүү мамлекеттик кызматтар, АРИС ж.б да жүргүзүшү мүмкүн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыттарды башкаруу планынын ишке ашырылышынан жайыт пайдалануучулардын тапкан пайдасы.
Жайыттарды башкаруу планынын максатына ылайык Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар биримесине кирген 750 үй чарба ээлеринин 75% төмөндөгүдөй пайда көрөт. 16-торчо
№
Жыйынтыктар (пайда)
Көрсөткүчтөр
Маалымат булагы
1
Жайыттардын инфраструктурасы жакшырат
Жайыттардын инфраструктурасы 20% жакшырды
ЖПБнын Профайл Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы)
2
Тоют базасы жакшырат
Малдын жана мал чарба азыктарынын баасы 15% жогорулады.
Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Базар баасынын аналитикалык көрсөткүчтөрү.
3
Малдын ден соолугун камсыздоо иш чаралары жакшырат
Кожолуктардын 80% ында малдардын өлүмү азайды. Малдардын оорусу 5%га кыскарды.
Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Райондук ветеринардык кызматтын, ЧВ, ПОЗЖ көрсөткүчтөрү
4
Калкты аялуу катмарынын жайыттарды башкарууга катышат
Жаштардын, аялдардын, кембагал үй-бүлөлөрдүн 15%ы жайыттарды башкарууга катышты
ЖПБнын Профайлы Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) ЖПБнын иш чараларынын протоколдору
5
Калктын жашоо деңгээлинин, кирешесинин өсүүсү
Жеке үй чарбаларынын 15%ы тамактануусун жана азык түлүк коопсуздугун жакшыртты
Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Айылдык аймактык башкармалыктын социалдык –экономикалык көрсөткүчтөрү
Финансылык план Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт комитети аркылуу ишке ашырылуучу каржы планы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, мал чарбасынын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш чаралардык каржы булактарын аныктоого багытталган.
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга перспективалык-финансылык планы. 17-торчо
№
Чакан долбоорлордун аталышы
Жайгашкан орду
Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү)
Сумма-сы, сом
1
Ветсервис
Жапалак а.
2017-2019-ж.ж.
1000000
2
Жайыттардын жолун ондоо
Берки-суу.Тогуз-б.
2017-2019-ж.ж.
1000000
3
Көчмө кыркым пунктун куруу
Жапалак а.
2018-2019-ж.ж.
500000
5
Суугаруу ноолорун оңдоо
Тогуз -Булак
2018 г. (июль-август)
500000
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2018-жылга карата финансылык-инвестициялык планы. 18-торчо
№
Чакан долбоорлор
Жайгаш-кан орду
Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү)
Суммасы, сом
ЖК
АРИС
ААБ
Башка демөөрчүлөр
1
Ветсервис
2017-2019-ж.ж.
1000000
70000
930 000
0
0
2
Жайыттардын жолун ондоо.
2017-2019-ж.ж.
1000000
123 300
876700
0
0
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Жапалак ЖКнын 2016-2019-жылдарга иш чаралар планы. 19-торчо
№
Иш чаралар
Орду
Мөөнөтү
Каржы-лоо
1
Жапалак Ветсерис
Жапалак
2017-2019-ж.ж.
1000000
2
Жайыттардын жолдорун ондоо
Берки-суу
2017-2019-ж.ж.
1000000
3
Көчмө кыркым пунктун куруу
Жапалак
2018-2019-ж.ж.
500000
4
Мал сугаруу ноосун куруу
Жапалак
2018 (июль-август)
500000
Берки-Суу
2018 (июль-август)
100000
2018-жылга карата бекитилген жайыттарды башкаруу планына ылайык ички эрежелер.
-Жайыт сезону 1-апрелден башталат. -Жайыт сезону 30-октябрда аяктайт. -Фермерлердин жазгы (орто) жайытка чыгышы 1-майдан 10-майга чейин. -Фермерлердин жайкы жайытка чыгышы 25-майдан 30-майга чейин. -Күзгү жайытка кайтуу 1-октябрга карата жүргүзүлөт. -Күзгү жайыттарга көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте кайткан жактарга ар бир ири мүйүздүү малы үчүн 250 сом, майда жандыгы үчүн 250 сом жазана салынып, 1 сутканын ичинде кайра жайкы жайытка кайтуу жөнүндө эскертүү берилет; -20 апрелге карата айдоо аянттарына жакын жайгашкан мал ээлери жазгы жайытка чыгып кетүүсү зарыл; -20 апрелден баштап саан уйлар үчүн пада уюштурулат; -Айылда 1 жумушчу атты, 2 саан уйду, 3-5 койду алып калууга уруксат берилет. Ал эми калган малды жайкы жайытка айдоо зарыл; -Эгерде айыл ичинде экиден көп ири мүйүздүү мал жайлоого чыкпай калса төмөндөгүдөй чара колдонулат:
Жалпы жыйындын жана аксакалдар сотунун чечими менен ар бир баш мал үчүн 500 сом өлчөмүндө жазана төлөө;
-Эгин талааларыны түшкөн малдын ээсине карата төмөндөгүдөй жазаналар каралат:
Эскертүү-эгерде мал эгин талаасына 10-апрелге чейин кирсе; Эгерде эгин талаасына мал 10-апрелден кийин жайылса: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 200 сом, майда жандык үчүн 20 сом, экинчи жолу кайталанса ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, майда жандыкка 100 сом жазана салынат. Эгерде айдоо аянтына мал жайуу дагы кайталанса чыгашалар эсептелип, иш аксакалдар соту, сот аркылуу жазана салынат; Эгерде жайыт билети жок мал эгин талааларына жайылса төмөндөгүдөй жазана салынат: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, ар бир майда жандык үчүн 200 сом. Жазана төлөөдөн баш тарткандардын иши сот органдарына өткөрүлөт; Жайыт билети бар жарандар өз убагында салыктарды төлөбөсө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жоопко тартылат, иши сот органдарына өткөрүлүп берилет. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн башка мал ээлеринин малы жайытка чыкса, анда жайыт акысы Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген тарифтик чендин 2 эселенген суммасын төлөшөт.
№1 тиркеме. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы 2018-жылга карата жайыт пайдалануучулардын болжолдуу тизмеси.
№
Фамилиясы, аты, атасынын аты
Ири мүйүздүү мал
Кой-эчкилер
Жылкы
Топоз
Бардыгы, шарттуу баш
1
Досуев Алым
450
90
2
Карабаев Мурат
50
350
120
3
Манасов Хамид
150
150
4
Касымов Калбай
10
126
34
5
Жолонов Маматжума
10
100
5
35
6
Абдрасулов Абибилла
123
25
7
Орунбаев Хамид
45
75
60
8
Мадасманов Нурбек
80
80
9
Калмуратов Арстан
450
90
10
Максытов Калдар
400
80
11
Кочкоров С.
5
600
125
12
Абсаматов Долонбек
80
80
13
Апсаматов Бакытбек
500
11
111
14
Адылов Рахманали
4
24
24
33
15
Калыкулов Муратбек
6
10
8
16
Осоев Расул
20
20
10
34
17
Эргешов Таалайбек
8
28
14
18
Боронов Темирлан
19
160
10
61
19
Жоомарт уулу Адилет
55
55
20
Эргешов Эшбай
15
130
41
21
Аданбаев А.
8
100
28
22
Мамытов Нурбек
12
15
17
Бардыгы:
1381
№2 тиркеме. Малдын ден соолугун жакшыртуу боюнча 2018-жылдын планы
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагы боюнча 2018-жылга карата мал ооруларын, жугуштуу ылаңдарын ветеринардык эмдөө, алдын алуу боюнча ЖК менен биргеликте аткарыла турган иш чаралары.
Белгиленген мөөнөтү
Кайра тазалоонун аты
Аткаруу тартиби
Дары-дармектин аталышы
Бир жолку дозасы
Аткаруучу
Иттер
Квартал сайын
Эхинококкозго каршы дегельминтизациялоо (1080 ит)
Ооз аркылуу дарылоо
Прозикал
1 таб.10кг.тирүү салмакка
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Январь-декабрь 2018-жыл
Кутурмага каршы эмдөө (1080 баш)
Теринин астына. Булчуң этке
Антрабикалык вакцина
2 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Тооктор
Январь-декабрь 2018-жыл
Ньюкасль оорусуна каршы эмдоо (50500 баш)
Булчуң этке
Чума «Н», «Ла-Сота»
1 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Ири мүйүздүү мал
Январь-декабрь 2018-жыл
Сибирь жарасына каршы эмдөө (9222 баш)
Теринин астына
Вакцина СИТИ (Владмир ш., Россия)
1 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Январь-декабрь 2018-жыл
Карасанга каршы эмдөө (3185 баш)
Булчуң этке
«Алтын тамыр»
2 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Январь-декабрь 2018-жыл
Бруцеллозго каршы изилдөө үчүн кан алуу (2770 баш)
Серологиялык изилдөөгө жөнөтүү
-
-
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Январь-декабрь 2018-жыл
Шарпка каршы эмдөө (11120 баш)
Теринин астына
3 валенттүү
2 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Майда жандыктар
Январь-декабрь 2018-жыл
Кара өпкөгө каршы эмдөө (300 баш)
Теринин астына
1-2-3 мл.
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Январь-декабрь 2018-жыл
Бруцеллозго ИЭБке каршы изилдөө үчүн кан алуу (222 баш)
Серологиялык изилдөөгө жөнөтүү
-
-
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Май, сентябрь
Котурга каршы жуундуруу (7000 баш)
Неоцедол
Кытай
1 литр 1000 литр сууга
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Июль
Бруцеллозго каршы эмдөө (3500 баш)
Көзгө тамызуу
Rev-1
Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов
Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын жетекчиси
Маматалиева С.К.
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы кезектеги XIII сессиясынын (IVчакырылыш) № 124 токтомуна №2 тиркеме
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджети.
Киреше бөлүгү
Аталыштар
1 баш мал үчүн 1 сезон үчүн жайыт акысы, сом
Саны
Жалпы сумма
Ири мүйүздүү мал
125
1225
153125
Майда жандык
25
2800
70000
Жылкы
150
240
36000
Чөп оруу аянты (га)
500
20
10000
Айдоо жерлер (га)
2000
5
10000
Бардыгы
279125
Чыгаша бөлүгү
Салык (2281га х 1,04)
13.50
2372
28000
Бухгалтердин эмгек акысы
3500
42000
Ж К эмгек акысы
84000
Соц. Фондго чегерүү (17,25%)
3450
12
10500
Конц,тов,
2000
2000
Транспорт чыгымдары
20000
00
20000
Сапар чыгымдары
5000
5000
Түрдүү чыгымдар
15000
15000
Жайыттарды жакшыртуу чыгымы
72625
1
72625
Бардыгы
279125
Эскертүү: Жайытка мал жаюу сезону 90 күндөн 150 күнгө чейин деп табылсын. Жапалак ЖКнын бюджети жайыт акысын чогултулган каражаттардын эсебинен түзүлөт. Жайыт акысын өндүрүү үчүн малдын башын эсепке алуу элдин малын баккан жана жайытка чыккан чабандардын малынын башы боюнча жүргүзүлөт.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
С.Маматалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон