Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин «Жайыт пайдалануучулардын ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели № 25/121 Жайыт пайдалануучулардын ижара акысын бекитүү жөнүндө Жайыт пайдалануучулардын ижара акысынын тарифтери боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123чү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлеринин 1 га үчүн ижара акысы 1000 (миӊ) сомдон - 10 000 (он миӊ) сомго чейин анын жайгашкан жерине жараша бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө иши Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» территориялык өз алдынча башкаруу коомунун төрагасы Н.Э. Молдогазиевге жүктөлсүн.
Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин төрайымы
А.У. Усенбекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон