Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2017-жылга план) бекитүү) жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 23-январы № 15-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелеринин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2017-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2017-жылга планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2017-жылга планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2017-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2017-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2017-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
- зарыл болгон учурда 2017-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. 2017-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескеген орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2б-февралындагы № 73-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 418-б буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мыйзам долбоорунун аталышы
Жооптуу аткаруучулар
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү
Эскертүү
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү чөйрөсүндө
1
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
ӨЭЖМК
I квартал
II квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
2
2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
Айылчарбамин
I квартал
II квартал
Айыл тургундарын айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн жаңы сугат жерлери менен камсыз кылуу, региондогу социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында
3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
ӨЭЖМК
II квартал
III квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
ӨЭЖМК
II квартал
III квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы '"Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
ӨЭЖМК
II квартал
III квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
6
Астана шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
ИИМ
II квартал
III квартал
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу үчүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 575-б буйругу) Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
7
Коргоо чараларын ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
ИИМ
II квартал
III квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
ӨЭЖМК
III квартал
IV квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө
10
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ФМ
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
11
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ФМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
12
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
ФМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
13
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
Соцфонд
IV квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
Жол тармагы чөйрөсүндө
14
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ТЖМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 372 токтому менен бекитилген 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн. Жол тармагын реформалоо максатында
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б буйругунун редакциясына ылайык) КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө
16
Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө
ЖӨБ жана этностор агенттиги
III квартал
IV квартал
Калктуу конуштарды өз алдынча жана натыйжалуу өнүктүрүү максатында
17
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Курулуш агенттиги
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы тармактык мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында
Айыл чарба чөйрөсүндө
18
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Курулуш агенттиги
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Мамлекеттик органдардын функцияларын кайталоону жоюу жана калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында
19
Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө
Айылчарбамин
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн, ошондой эле төмөнкү максаттарда:
- кооптуу-уулуу химиялык пестициддерди пайдаланууну азайтуу;
- экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмдөрүн жана зоналарын көбөйтүү;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн шарттарды түзүү
20
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылчарбамин
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайыт ресурстарын башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
Кодификация
21
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Курулуш агенттиги
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн
22
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Курулуш агенттиги
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн
23
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Курулуш агенттиги
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканалардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу жана ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканалардын банкроттук процессин алдын алуу максатында
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 511-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө
25
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ЭМ
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү максатында
26
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жаштар жана спорт агенттиги
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын аткаруу үчүн
27
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ЭМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында
28
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ЭМ
III квартал
IV квартал
Республикада өндүрүлүүчү продукцияга карата техникалык шарттарды иштеп чыгууну жана колдонууну, продукцияны каталогдоштуруу системасын түзүүнү караган ченемдерди киргизүү максатында. Киргизилген оңдоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ченемдик укуктук базасына шайкеш келишине алып келет
29
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
БИМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасында билим берүү системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында
30
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
БИМ
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү жана чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген мөөнөттөрдө киргизүү үчүн тиешелүү министрликтер жана ведомстволордон тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү дагы жооптуу аткаруучулар болуп саналышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 29 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 13
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.08.2017 · № 376-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 511-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.11.2017 · № 511-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.09.2017 · № 403-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 26.02.2016 · № 73-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 16.02.2018 · № 58-б · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (29)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- СОГЛАШЕНИЕ о защите участников уголовного судопроизводства г.Минск от 28 ноября 2006 годаСоглашение
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 30.06.2016 · № 304-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 11.07.2016 · № 311-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 511-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.11.2017 · № 511-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.08.2017 · № 376-р
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.09.2017 · № 403-р
- Указ Президента КР от 21 января 2013 года УП №11 "О Национальной стратегии устойчивого развития Кыргызской Республики на период 2013-2017 годы"Указ · 21.01.2013 · № 11 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн…Постановление · 28.03.2016 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуЗакон · 10.04.2002 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Көмүр жөнүндөЗакон · 03.02.1999 · № 18 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки"СТРАТЕГИЯСЫСтратегия · 28.03.2016 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Об образованииЗакон · 16.12.1992 · № 1074-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтому…Программа · 12.05.2014 · № 254 · Күчүн жоготкон