8-берене. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана жыл сайын жайыттарды пайдалануунун планын иштеп чыгат, ал жамааттын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- пландаштырылган жылга жайыт белеттери бар жайыт пайдалануучулардын тизмесин;
- пландаштырылган жылга жайыт белети берилген малдын тизмеси жана алардын ээлеринин-малчыларынын тизмесин;
- жаныбарлардын ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (эмдөө, дары сууга чөмүлтүү ж.б.) карата чаралардын тизмегин, аларды жайыт пайдалануунун шарттары катары жайыт пайдалануучулар сактоого тийиш;
- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тизмеги;
- мал жаюунун мезгилдүү маршруттарын, жайыт жүгүртүүнү, малдын кыймылын, мал айдап өтмө жолдорду жана пайдаланылуучу кашааларды белгилөөчү картаны жана календардык графикти;
- ишмердиктин аларга уруксат берилген түрлөрүн, ошондой эле аларга аталган иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерди көрсөтүү менен жайытка чыгаруу максатынан тышкары пайдаланылуучу адамдардын тизмесин;
- жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы төлөө графигин.
2. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин аткарылууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2020 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 декабря 2011 года № 254 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы
1. алынып салынды: Жайыт комитети кошулду: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана жыл сайын жайыттарды пайдалануунун планын иштеп чыгат, ал кошулду: жамааттын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча алынып салынды: жамааттын планына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп алынып салынды: эсептелет. кошулду: саналат. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- … 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 кошулду: , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 98 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт…Постановление · 26.12.2017 · № 98
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 124 «Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 20.06.2018 · № 124
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 178 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 14.05.2019 · № 178
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майы № 21/IV "Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка айылында 2024-жылга Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймактык коомдук ɵз алдынча…Постановление · 16.05.2024 · № 21/IV
- Постановление Ак-Кудукского айылного кенеша от 28 апреля 2025 года № 35/VIII-29 "2025-жылга карата Ак-Кудук айыл аймагында малдын башына акы жана жайыттарды пайдалангандагы үчүн…Постановление · 28.04.2025 · № 35/VIII-29
- Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 45/IX "Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2025 · № 45/IX
- Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 48/IX "НОРУС" муниципалдык ишканасынын кырман жана техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү…Постановление · 01.08.2025 · № 48/IX
- Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII "Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү…Постановление · 25.02.2026 · № 71/ ХVIII
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 75/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү…Постановление · 23.02.2026 · № 75/XVI-29
- Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин 2012-жылдын 02 июнундагы, №28/1 "Кара-Кулжа айыл окмотунун жайыттары жөнүндө" токтомуПостановление · № 28/1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202594/st-8" title="8-берене - Жайыттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>