24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 4-глава
1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
коштомо кат; маалымкат-негиздеме; салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе); ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо; жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар - зарыл болсо.
2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз же электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат.
5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 30, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2013 жылдын 28 ноябры №12-р
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2013 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
19.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз алынып салынды: түрүндө кошулду: же электрондук алынып салынды: сакталмасы менен кошо кошулду: түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Ченемдик укуктук … белгиленген тартипте киргизилет.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 30 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 30, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (73)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу тууралуу)…Распоряжение · 10.02.2023 · № 76
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 288 ("Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Распоряжение · 07.04.2026 · № 288
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 15.02.2021 · № 40
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун)…Постановление · 06.06.2019 · № 280
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 238 "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 07.05.2020 · № 238
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 9-августундагы N 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 09.08.2021 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 383 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан…Распоряжение · 08.08.2023 · № 383
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20 -январындыгы № 13"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 20.01.2021 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 504 "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2019 · № 504
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-февралындагы №49 ("Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Распоряжение · 01.02.2023 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 153 "Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 19.04.2021 · № 153
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-январындагы № 3 "Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 12.01.2021 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 287 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 31.05.2016 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 31.05.2016 · № 288
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 314 "Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге…Постановление · 24.06.2019 · № 314
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 352 "Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 23.06.2016 · № 352
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 451 ""Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 451
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 24-октябрындагы № 551 ("Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө"…Распоряжение · 24.10.2024 · № 551
73 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>