Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 12-январы № 3 "Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Жээнбеков, Г.С.Молдобекова, Т.И.Икрамов, А.К.Касымалиева, А.Ш.Осмонова, С.А.Айдаров, А.Т.Абжалиев, У.Б.Примов, Б.У.Сыдыков, Ж.К.Акаев, А.Э.Самигуллина, Д.Ш.Исаева, Р.М.Туманбаева, Б.Ж.Субанбеков, Н.В.Никитенко, П.Р.Тулендыбаев, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Ж.А.Мусабекова, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, А.Т.Алтыбаева, И.Ю.Карамушкина, К.Б.Орозова, Г-К.Самат тарабынан демилгеленген "Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-январындагы № 3 токтому менен жактырылган
"Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Жээнбеков, Г.С.Молдобекова, Т.И.Икрамов, А.К.Касымалиева, А.Ш.Осмонова, С.А.Айдаров, А.Т.Абжалиев, У.Б.Примов, Б.У.Сыдыков, Ж.К.Акаев, А.Е.Самигуллина, Д.Ш.Исаева, Р.М.Туманбаева, Б.Ж.Субанбеков, Н.В.Никитенко, П.Р.Тулендыбаев, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Ж.А.Мусабекова, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, А.Т.Алтыбаева, И.Ю.Карамушкина, К.Б.Орозова, Г-К.Самат тарабынан демилгеленген "Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-абзацы менен зооктук иш-чара - балдарга жетимдүү жерде жана үй-бүлөнүн адаттагы чөйрөсүнө кирбеген орчундуу сандагы адамдар катышкан жерде маалыматтык өндүрүмдү көрсөтүү, анын ичинде театрдык-зооктук, маданий-агартуучулук жана зооктук-көңүл ачуучулук иш-чаралар аркылуу көрсөтүү экендиги белгиленет.
Бирок андагы "үй-бүлөнүн адаттагы чөйрөсү" жана "орчундуу сандагы" деген сөз айкашы эмнени билдире тургандыгы түшүнүксүз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык көп маанилүү сөздөрдү жана туюнтмаларды колдонууга жол берилбей тургандыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорундагы жогоруда аталган жоболорду тактоону сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 4-беренеси боюнча:
1) мыйзам долбоорунун 4-беренеси менен балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо сунушталган.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиалдуу орган болуп санала тургандыгын белгилейбиз, Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү системасына башчылык кылат жана анын ишин жетектейт. Аталган конституциялык Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарына таянып, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт. Ошентип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет жана мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунан жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттөөчү жобону алып салууну жана зарылдыгына жараша аларды ченемдик көрсөтмөлөргө трансформациялоону сунуштайбыз;
2) Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пункту менен балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мыйзамда каралган маалыматтык продукцияга экспертиза жүргүзүү тартибин белгилей тургандыгын аныктоо сунушталат.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ. Мында укуктун ченеми деп адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлөт. Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн жоболор ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөлорүнө ээ экендигин белгилөө зарыл. Мындан сырткары аталган Мыйзамдын 5-беренеси менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу төмөнкүдөй органдар (кызмат адамдары) укуктуу: Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдары. Бирок балдарды алардын саламаттыгына же өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу органдардын көрсөтүлгөн тизмесине кирбейт жана маалыматтык продукцияга экспертиза жүргүзүү тартибин белгилөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ эмес. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 3-бөлүгү, 12-беренесинин 2-бөлүгү жана 17-беренесинин 9-бөлүгү боюнча ушул сыяктуу сунуштар берилет;
3) Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-пункту менен балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону, балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашыра тургандыгын белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун 20-беренесинде балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөрүн көрсөтүү сунушталган. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-пунктунун жоболору Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин жоболоруна шайкеш келбегендигин белгилөө зарыл, Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 17-беренесине ылайык балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, прокуратура, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 69-беренесине ылайык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү болуп саналат.
3. Мыйзам долбоорунун 5-беренесине ылайык балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардын түрлөрүн белгилөө сунушталат.
Атап айтканда Мыйзам долбоорунун ушул беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү, ошондой эле балдар арасында жайылтууга тыюу салынган маалыматтарга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды четке каккан жана ата-энелерине же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө карата сыйлабоону калыптандырган маалыматтар кирет деп белгиленген. Бирок Мыйзам долбоорунун "үй-бүлөлүк баалуулуктар" деген түшүнүгү кыйла чаржайыт жана ал ар түрдүү социалдык, диний топтор жана айрым индивидуумдарда ар түрдүү кабыл алынат. Мында ушул түшүнүккө карата бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу өтө татаал маселе болуп саналат. Ошондой эле "ата-энелерге же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабагандык" кандай деңгээлде өлчөнөөрү түшүнүксүз. Мындан сырткары аталган берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "укукка каршы жүрүм-турумду актоочу" деген түшүнүк эмне жөнүндө экендиги аныкталган эмес, ушуга байланыштуу бул түшүнүк өтө кеңири колдонулушу мүмкүн деп эсептейбиз. Мисалы, моралдык идеалдарга жана мыйзамдарга каршы курулган бир кыйла дүйнөлүк адабияттын чыгармаларында жана кинематографияларда үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү коргоо үчүн же оор турмуштук кырдаалдан чыгуу максатында башкы каармандар дагы укук бузууга же кылмыш жасоого аргасыз болушкан, Ошону менен бирге мындай каармандар оң ролду ойногондуктан чыгарманын авторлору алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин актай тургандыгы жөнүндө айтууга болот. Ошондуктан мындай чыгармалар тыюу салынган категорияга киргизилиши мүмкүн. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча уят сөздөрдү камтыган маалыматка тыюу салуу каралган, бирок уят сөздөр боюнча тизме мыйзамдарда жок экендигин белгилейбиз. Ошентип мыйзамдардын жоболорун негизсиз кеңири чечмелөө жана колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Мындан тышкары мындай маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу абсолюттук экенин эске алуу менен уят сөздөр болушу мүмкүн болгон буга чейин басылган адабий чыгармалардын тагдыры кандай болот деген суроо туулат.
4. Мыйзам долбоорунун 13-беренеси менен теле көрсөтүү жана радио берүү аркылуу маалыматтык продукцияны жайылтууга кошумча талаптарды аныктоо сунушталат.
Ошол эле учурда "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинде коомдук моралды коргоо жана жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн укуктарын камсыз кылуу боюнча жоболор аныкталган. Мындан улам Мыйзам долбоорунун 13-беренесин "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин жоболоруна ылайыктыгын талдоону сунуштайбыз.
5. Өнүккөн коомдун заманбап шарттарында, өсүп келе жаткан муундун ар биринин колунда мобилдүү байланыш каражаты, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу (анын ичинде Интернет тармактары) жайылтылуучу маалыматтарды, андан сырткары жамааттык пайдалануу пункттарында ачык колдонуу мүмкүнчүлүгү бар, мобилдүү интернет пайдалануучуларынын үлүшү жыл сайын өсүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар ага далил болуп саналат ("Интернет" тармагына туташуу үчүн мобилдүү түзүлүштү пайдаланган Интернет тармагынын пайдалануучуларынын саны).
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 14-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "14-берене. Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалыматты жайылтууга карата кошумча талаптар Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар (анын ичинде Интернет тармагы) аркылуу жайылтылуучу маалыматка балдардын жетүү мүмкүнчүлүгү байланыш операторлору тарабынан балдарды алардын саламаттыгына же өнүгүшүнө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоонун техникалык, программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу шарттарында аталган операторлор тарабынан берилет.".
6. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пункту менен эксперт, эксперттер катары экспертизага берилген маалыматтык өндүрүмдүн өндүрүүчүлөрү, жайылтуучулары же алардын өкүлдөрү болуп саналган адамдардан тышкаркы адамдар тартылары каралган.
Ушуга байланыштуу экспертиза жүргүзүү процессине жана анын жыйынтыгына экспертизага берилген маалыматтык өндүрүмдүн өндүрүүчүлөрү, жайылтуучулары же алардын өкүлдөрү болуп саналбаган башка аффилирленген жактар, мисалы, алардын жакын туугандары да таасирин тийгизе алышат. Баяндалганды эске алуу менен кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктун кайра карап чыгуу сунушталат.
7. Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 3-бөлүгү менен пикир келишпестиктер келип чыккан учурда ар бир эксперт пикир келишпестиктер жаралган маселелер боюнча өзүнчө эксперттик корутунду берет. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан ар бир эксперт эксперттик корутундунун ал жүргүзгөн изилдөөлөрдүн сыпаттамасын камтыган бөлүгүнө кол коёт жана ага жоопкерчилик тарта тургандыгын көрсөтүү сунушталууда.
Бирок Мыйзамдын долбоорунда комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө катышкан эксперт кандай жоопкерчилик тарта тургандыгын жана мындай жоопкерчилик кайсы ченемдик укуктук актыда белгиленгендигин тактоо зарыл.
8. Мыйзамдын долбоорунун 22-беренесинде балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келе тургандыгы белгиленген.
Мында "мыйзамдар" деген сөздүн мааниси жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү так мүнөзгө ээ эмес экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат"). Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам чыгаруу актынын түрүнө, жөнгө салуу тармагына жана айрым тийиштүү эрежелерге шилтеме кылат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруу чөйрөсүн аныктоо зарыл деп эсептейбиз. Мындан тышкары бузуулар жөнүндө, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда жана жазык мыйзамдарында бузуулардын бул түрү үчүн жоопкерчилик жок экендигин белгилей кетүү зарыл.
9. Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинде каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү каралган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мындан тышкары аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкмалар болуп ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жана ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо саналат. Аталган Мыйзамдын 28-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Мында бул беренеге ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорун талдоого ылайык аны ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу талап кылынат. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду болтурбоо жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында Мыйзамдын күчүнө кирүү күнүн Өкмөттүн мыйзам алдындагы актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн убакытты эске алуу менен кароо зарыл. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Мында каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн эмес.
10. Мыйзамдын долбоорун коррупцияга каршы экспертизалоого карата:
1) Мыйзамдын долбоорунун 7-беренеси менен жети жаш куракка чыга элек балдар үчүн маалыматтык өндүрүмдөргө балдардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирбей турган маалыматты камтуучу маалыматтык өндүрүмдөрдү (анын ичинде жанрына жана сюжетине жараша дене-бойлук жана психикалык зомбулуктун (сексуалдык зомбулукту кошпогондо) натуралисттик эмес эпизоддук сүрөттөлүшүн же сыпатталышын камтуучу маалыматтык өндүрүмдөрдү) жамандыктын үстүнөн жакшылык салтанат курган жана зомбулуктун курмандыгын аёо билдирилген же зомбулук айыпталган шартта киргизүүгө болот деп белгилөө сунушталууда.
Мында "болот" деген туюндурма укук колдонуу субъектисине тигил же бул кырдаалды өзүнүн кароосу боюнча чечмелөөгө мүмкүндүк бере тургандыгын белгилей кетүү зарыл, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорундагы аталган туюндурманы кайра карап чыгуу керек. Мыйзамдын долбоорунун 8, 9 жана 10-беренелери боюнча ушундай эле сын пикирлер;
2) Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык маалыматтык өндүрүмдү экспертизалоо балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча, эксперт, эксперттер жана эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Мында Мыйзамдын долбоорунда сунушталган "чечими боюнча" деген конкреттүү эмес туюндурма укук колдонуу практикасында так эместиктердин келип чыгышына мүмкүндүк берет, анткени бул жоболор баа берүүчү мүнөзгө ээ жана тиешелүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өзүнүн кароосу боюнча чечмелөөгө дискрециялык ыйгарым укуктарды берет. Ушуга байланыштуу балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча экспертиза жүргүзүлүүчү учурлардын толук тизмесин аныктоо зарыл. Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү "белгиленген тартипте аккредитацияланган", "кокустук тандап алуу методунун негизинде" деген туюндурмаларга карата да ушундай эле сын пикирлер;
3) Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 5-бөлүгү менен балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитация аттестаттарын берет, берилген аккредитация аттестаттарын колдонууну токтотуп турат же токтотот, аккредитацияланган эксперттердин жана эксперттик уюмдардын реестрин жүргүзө тургандыгын көрсөтүү сунушталууда.
Мыйзамдын долбоорунун аталган жоболору балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктай турганын белгилөө зарыл. Муну менен бирге жогоруда белгиленгендей, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде аталган ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары аныкталган. Мындан тышкары административдик жол-жоболордун жоктугу же толук эместиги, аккредитация аттестаттарын берүү, берилген аккредитация аттестаттарынын колдонулушун токтотуп туруу же токтотуу, аккредитацияланган эксперттердин жана эксперттик уюмдардын реестрин жүргүзүү тартибинин жоктугу укук колдонуу практикасында коррупциогендик факторго алып келиши мүмкүн экендигин белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу коррупциогендик же мүмкүн болуучу дискрециялык ыйгарым укуктарды болтурбоо максатында аталган жоболорду кайра карап чыгуу жана аталган иш-аракеттерди ишке ашыруунун так тартибин кароо зарыл. Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бүлүгүнө жана Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 4-пунктуна ылайык Мыйзамдын долбоорунун укуктук ченемдерин баяндоодо өтө жалпылаштырылган жана өтө майдаланган туюндурмалардан, ошондой эле бир эле маселе боюнча ченемдик түшүндүрмөлөрдү кайталоодон жана алардын көп түрдүүлүгүнөн качуу керек. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунда аталган тартип Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салына тургандыгы жөнүндө шилтеме жоболорду кароону сунуштайбыз. Мыйзамдын долбоорунун 18-беренеси боюнча да ушундай эле сын пикир;
4) Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 8-бөлүгү менен маалыматтык өндүрүмгө экспертиза жүргүзүү мөөнөтү аны жүргүзүү жөнүндө кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып токсон күндөн ашпоого тийиш экендигин көрсөтүү сунушталууда.
Көрсөтүлгөн мөөнөт укук колдонуу практикасында так эместиктердин келип чыгышына өбөлгө түзөрүнө көңүл бурабыз. Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында маалыматтык өндүрүмгө экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү кайсы критерийлерге ылайык аныкталгандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлбөгөнүн белгилейбиз. Ушуга байланыштуу экспертизаны жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөтүн маалыматтын көлөмүнө, мүнөзүнө ж.б. ылайык көрсөтүү жана Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында тийиштүү маалыматты көрсөтүү зарыл. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренеси боюнча да ушундай эле сын пикир.
11. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды алып келбейт деп белгиленген.
Бирок мыйзамдын долбоорунан келип чыгуучу ченемдерди ишке ашыруу белгилүү бир финансылык чыгымдарды талап кылаарын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүгө жана анын иштөөсүнө, анын ичинен маалыматтык өндүрүмгө экспертиза жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарга республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү талап кылынат. Мында Мыйзамдын долбооруна карата финансы-экономикалык эсептөөлөр жок. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш. Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык тыкыр кайра иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилей кетүү зарыл. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле бюджеттик ресурстардын чектелүүлүгүнө, республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгына жана кирешелердин түшпөй калышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V