Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 19-майы № 69 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 3-бөлүгүндө ", ошондой эле кагаз вариантта" деген сөздөр "же кагаз түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 50-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 51-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 52-берененин 2-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 58-берененин 6-бөлүгү "күндүн ичинде" деген сөздөрдөн кийин "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 162-берененин 1-бөлүгүндө "кагаз жана электрондук түрдө" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-берененин 3-бөлүгүндө "кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 30-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241