Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 22 февраля 2012 года № 7 "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-22.
КР
2012-жылдын 22-февралындагы № 7 Мыйзамы күчүнө
кирген күндөн тартып күчүн жоготот
Бишкек шаары
2009-жылдын 11-майы № 154
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө
Ушул Мыйзам экономика чөйрөсүндө коомдук мааниси бар милдеттерди
чечүүдө мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара мамилелердин укук-
тук негиздерин аныктайт.
1-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - инвестициялык мамилелер жагында мам-
лекет менен жеке өнөктөштүн ортосундагы орто- жана узак мөөнөттүү өз
ара пайдалуу кызматташтык.
2-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк төмөнкү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- өз ара пайдалуу кызматташтык;
- инвестициялык долбоорлорду башкаруунун натыйжалуулугу жана ачык-
тыгы;
- ыктыярдуу катышуу;
- ак ниеттүүлүк;
- милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун реалдуулугу;
- укукту жана милдеттенмелерди белгилөөдө өз ара мамиле;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө катышууга бирдей жеткиликтүүлүк.
3-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам ушул Мыйзамдан жана
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө демилгечилер
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө демилге Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарына, жеке жана
юридикалык жактарга таандык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин жергиликтүү
органдары инвестициялык долбоорлордун тизмесин аныктайт жана бериле
турган мамлекеттик кепилдиктерди көрсөтүү менен конкурстук негизде ал
долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышууга жеке жана юридикалык жактарды
чакыруу менен алар жөнүндө маалыматты жарыялайт.
3. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ат-
каруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен тикелей сүйлөшүү жолу ме-
нен мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө демилгечи катары чыгууга укуктуу.
5-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруунун түрлөрү
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруунун түрлөрү мамлекет-
тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун тартибинде жана шарттарында
аныкталат.
6-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен
жеке, юридикалык жактын ортосунда конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча
же тикелей сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Конкурстук тандоонун
жана тикелей сүйлөшүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же андан тышкары жерлерде
инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата колдонулган анын та-
раптарынын өз ара укуктары жана милдеттенмелери мамлекеттик-жеке
өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат.
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзгөн жеке же
юридикалык жактар жеке өнөктөш деп таанылат.
4. Макулдашуу, эгерде анын текстинде ал ушул Мыйзамга ылайык
түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу болуп санала
тургандыгы тикелей көрсөтүлгөн учурда гана, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
жөнүндө макулдашууга кирет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан каралган тартипте түзүлөт.
5. Жеке өнөктөш тарабынан утурлама мүлктүк милдеттенмелерди кабыл
албастан өзү үчүн экономикалык мүнөздөгү бир тараптуу пайданы камсыз
кылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүүгө жол бе-
рилбейт.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу ошол макулдашуу-
да каралган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
жөнүндө макулдашууда тараптын же тараптардын катышуусу менен бир же бир
нече юридикалык жактарды түзүүнү карашы мүмкүн.
7-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөгү мамлекеттик
кепилдиктердин түрлөрү
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй ке-
пилдиктер берилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде каралган бажы алымдарын
жана жыйымдарын төлөөнүн өзгөчө тартибин колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өзгөчө салык
режимин колдонуу.
2. Өкмөт, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары тарабынан ушул
Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосун эске алуу менен башка ке-
пилдиктер да берилиши мүмкүн.
8-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун
тараптарынын укуктук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, улуттук коопсуздук,
саламаттыкты сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери менен
байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан тышкары Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда
жеке өнөктөштөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу күчүндө
турган бүткүл мөөнөт ичинде алар үчүн кыйла жагымдуу шартты тандап алу-
уга укуктуу.
2. Өкмөт жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары мамле-
кеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча укуктук
мамилелерди жөнгө салуу боюнча төмөнкү мыйзамдардын чегинде каралгандан
башкача милдеттенмелерди өзүнө албайт:
- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо жөнүндө;
- мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө;
- жер, жаратылыш ресурстары жана жаратылышты коргоо жөнүндө;
- жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык тазалыгы жөнүндө;
- коргонуу, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялык ресурстар
жөнүндө.
Өкмөттүн жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын милдет-
тенмелери эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы өзүнө
алган милдеттенмелерге карама-каршы келбеши керек.
3. Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын мамлекет-
тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун чегинде өндүрүлгөн товарларды
(иш, кызмат көрсөтүүнү) сатып өткөрүүгө катышуусунун шарттары, ошондой
эле тийиштүү товарларды (иш, кызмат көрсөтүүнү) керектөөчүлөрдүн алдын-
дагы, ошондой эле жеке өнөктөштүн контрагенттеринин алдындагы жоопкер-
чилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу-
нун чегинде байкоочулар кењешин түзүү каралган, анын иш тартиби тарап-
тардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн чегинде долбоорду жүзөгө ашыруу
менен байланышкан иш ар жылы тышкы аудиттен өткөрүлөт.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары бо-
юнча акча каражаттарын төгүү (төлөө) боюнча Өкмөттүн, аткаруу бийлиги-
нин жергиликтүү органынын милдеттенмелерин камсыз кылган каражаттар ти-
йиштүү жылга мамлекеттик бюджетте жана кийинки эки жылга божомолдоодо
каралууга тийиш.
9-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды
түзүү тууралу маалыматтарды жайгаштыруу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүлгөн күндөн
тартып жыйырма күндүн ичинде Өкмөт, аткаруу бийлигинин жергиликтүү ор-
ганы өзүнүн расмий интернет-сайтына түзүлгөн макулдашуу жөнүндө маалы-
матты жана анын толук текстин, анын ичинде макулдашуунун бөлүгү болуп
саналган бардык тиркемелерди жайгаштырат жана жалпыга маалымдоо кара-
жаттарына берет.
10-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун
колдонулушунун шарты
Макулдашуунун мөөнөтү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүүнүн тартиби, ошондой эле аны токтотуунун шарттары мамлекеттик-жеке
өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
11-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу боюнча
талаштарды чечүү
Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда башкача
каралбаса, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында тараптардын орто-
сунда келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында же
бейтарап соттордо же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл
аралык коммерциялык (бейтарап) сотторго кайрылуу жолу менен чечилүүгө
тийиш.
12-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (21)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 3127-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2019 · № 3127-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-июнундагы № 2455-VI "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2018 · № 2455-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 мая 2019 года № 3083-VI "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве"Постановление · 29.05.2019 · № 3083-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 3131-VI "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2019 · № 3131-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3026-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3026-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3035-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2019 · № 3035-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 505-VI "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.05.2016 · № 505-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 473-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2016 · № 473-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3073-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2019 · № 3073-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- Каракол шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/4 "Каракол шаарынын 2012-2016ж.ж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 26-12/4
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 4290-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-2015-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 03.09.2014 · № 4290-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №669 "2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2011 · № 669 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы №539 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2011 · № 540 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 07.10.2011 · № 624 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 130 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 13.03.2013 · № 130 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын…Постановление · 26.01.2011 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-майындагы №323 " Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн…Постановление · 27.05.2009 · № 323 · Күчүн жоготкон