Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 февраля 2014 года № 62 "Об итогах социально-экономического развития Кыргызской Республики за 2013 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-01.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 62 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-октябры №669 2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн базалык шарттарды түзүү жана 2011-жылга коюлган милдеттерге жетишүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин тиркелген маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №606 "2012-жылдагы түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү өткөрүүнүн программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилгени иш-чаралардын бүткүл комплексин сөзсүз аткарууну камсыздасын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда бөлүнгөн УТО-904 маркасындагы кытай тракторлорун лизингге алуу үчүн дыйкан жана фермер чарбалар менен келишимдерди түзүүнү аяктоо боюнча иштерди тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтому менен бекитилген иш-чаралардын бүткүл комплексин сөзсүз аткарууну камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартуу боюнча ар тараптуу чараларды көрүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 45 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 62 "2013-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2014 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 1-февралындагы № 62 токтомуПостановление · 01.02.2014 · № 62
Шилтеме берет (45)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы Кыргызстандык-Россиялык биргелешкен ишкана түзүүгө…Постановление · 15.02.2011 · № 48
- "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)Регламент · 06.04.2011 · № 137
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламентЗакон · 27.06.2011 · № 57
- Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 30.05.2011 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги №155 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка…Постановление · 12.04.2011 · № 155
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну…Постановление · 26.07.2011 · № 408
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 149-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата…Распоряжение · 29.04.2011 · № 149-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 57 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 18.02.2011 · № 57
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 11.03.2011 · № 5
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2011 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 259
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке…Постановление · 22.02.2011 · № 64
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 19.05.2011 · № 27
- Бейсалык төлөмдөр жөнүндөЗакон · 16.06.2011 · № 48
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2011 · № 54
- Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2011 · № 121
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
45 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №670 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.10.2011 · № 670 · Күчүн жоготкон