6-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу
Күчүн жоготкон · 22.02.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 февраля 2012 года № 7.
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен
жеке, юридикалык жактын ортосунда конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча
же тикелей сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Конкурстук тандоонун
жана тикелей сүйлөшүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же андан тышкары жерлерде
инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата колдонулган анын та-
раптарынын өз ара укуктары жана милдеттенмелери мамлекеттик-жеке
өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат.
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзгөн жеке же
юридикалык жактар жеке өнөктөш деп таанылат.
4. Макулдашуу, эгерде анын текстинде ал ушул Мыйзамга ылайык
түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу болуп санала
тургандыгы тикелей көрсөтүлгөн учурда гана, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
жөнүндө макулдашууга кирет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан каралган тартипте түзүлөт.
5. Жеке өнөктөш тарабынан утурлама мүлктүк милдеттенмелерди кабыл
албастан өзү үчүн экономикалык мүнөздөгү бир тараптуу пайданы камсыз
кылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүүгө жол бе-
рилбейт.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу ошол макулдашуу-
да каралган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
жөнүндө макулдашууда тараптын же тараптардын катышуусу менен бир же бир
нече юридикалык жактарды түзүүнү карашы мүмкүн.
Берененин тексти 22.02.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202538/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>