Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негизи, мөөнөтү жана тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
1. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:
1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салыктык каттоо жөнүндө субъекттин арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызы;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген, субъектте салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү маалыматтын.
Жеке ишкерлерди салыктык каттоо аларды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат.
2. Салык органы салыктык каттоону төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүүгө милдеттүү:
1) ата мекендик уюмдарды - салыктык каттоо жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен;
2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү менен ишти жүзөгө ашыруучу чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюмду же жеке ишкерди - ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири келип чыккан күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен;
3) жеке жакты - Кыргыз Республикасынын жаранын - ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири келип чыккан күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен;
4) Кыргыз Республикасында салык салына турган объектке ээлик кылуучу чет өлкөлүк уюмду же резидент эмес жеке жакты - ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири келип чыккан күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен;
5) жеке ишкерди - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн арыз берилген күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде.
2-1. Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жер;
2) жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке жактар үчүн - каттоо орду Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык же жашаган жер;
3) жеке ишкер үчүн - каттоо орду жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык жашаган жери же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жер.
4. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө алып келген, чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке жак үчүн салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн жер;
2) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында өкүлчүлүктү же филиалды мамлекеттик эсепке алып каттоо жери;
3) чет өлкөлүк уюмдун же чет мамлекетте катталган жеке ишкердин кызыкчылыгын көрсөтүүчү ата мекендик уюм турган жер;
4) чет өлкөлүк уюмдун же чет мамлекетте катталган жеке ишкердин кызыкчылыгын көрсөтүүчү жеке жак жашоочу жер.
5. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюм үчүн салыктык каттоо орду ишин жүргүзгөн жер болуп саналат.
6. Кыргыз Республикасында салык салуу объекти бар чет өлкөлүк уюмдар же резидент эмес жеке жактар үчүн салыктык каттоо орду салык салуу объекти турган же катталган жер болуп саналат.
7. Эгерде ушул беренеде салык төлөөчү үчүн бирден ашуун каттоо жери каралса, салык төлөөчү ушул беренеде каралган каттоочу жерлердин тизмесинен каттоо ордун өз алдынча тандап алууга укуктуу.
8. Эгерде салык төлөөчү өзүнүн турган жерин же жашаган жерин өзгөртсө жана башка салык кызмат органында катталууга тийиш болсо, эсептен чыгаруу ал эсепте турган салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү турган же жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
9. Салык төлөөчүнү жаңы турган жери же жаңы жашаган жери боюнча эсепке коюу салык төлөөчүнүн мурда турган жери же мурда жашаган жери боюнча салык кызматынын органынан алынган документтердин негизинде салык кызматынын органы тарабынан жүргүзүлөт.
10. Тиркелүүчү документтердин тизмеси жана салык төлөөчүнү салыктык каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 , 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 декабря 2018 года № 99 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:
1) алынып салынды: субъекттин кошулду: кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салыктык каттоо жөнүндө алынып салынды: жазуу жүзүндөгү кошулду: субъекттин арызынын же алынып салынды: жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө алынып салынды: арызынын;
кошулду: жеке жактын арызы;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген, … № 55, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 , 2018-жылдын 10-декабрындагы № алынып салынды: 99 кошулду: 99, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №719 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 719 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 167 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 167
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-96" title="96-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>