Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
97-берене. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2014 года № 13
1. Салыктык каттоо салык кызматынын органы тарабынан:
1) салык төлөөчү салык кызматынын органына арыз берген;
2) салык салуу объектине салык төлөөчүнүн менчик укугун каттоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик органдан маалымат алынган;
3) жарандык абалынын актысын жазуу ишке ашырылгандыгы жөнүндө мамлекеттик органдан билдирүү алынган күндөн кийинки, 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Салыктык каттоо бирдиктүү идентификациялык салык номерин салык төлөөчүгө ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын салык фондунун идентификациялык номери болсо, мындай номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катарында колдонулат.
4. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номери ыйгарылгандан кийин ага каттоо картасы тапшырылат же жиберилет.
5. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын органына берилүүчү документтерде, ошондой эле салык төлөөчүнүн салыктык отчетунда жана төлөм документинде көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчүгө жиберилүүчү анын салык милдеттенмелерине жана салыктык карыздарына тиешеси бар бардык документтерде салык органы тарабынан көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номерин ыйгаруу (өзгөртүү), эсептен чыгаруу, кайра каттоо жана тиешелүү документтерди берүү үчүн, каттоо картасынын наркынан башка акы алынбайт.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2014-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексиннн…Постановление · 12.05.2006 · № 349 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-97" title="97-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>