Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 10-декабры № 99 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2018-жылдын 31-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 95-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган;";
б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 96-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";
3) 167-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 14-декабрындагы N 102 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2019 · № 258 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон