Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 96-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
-төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
“321. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке иштөөнү көздөгөн жеке жак салыктык каттоодон өтүү/кайра катталуу үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) DOC STI-163 формасындагы арызды;
2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;
3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы “салык мыйзамдарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы “салыктарды” деген сөздөн кийин “жана камсыздандыруу төгүмдөрүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломба коюу тартибинин 3-пунктунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109 жана 110-беренелеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунда:
экинчи абзацындагы “жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 300, 301-беренелерине” деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 556-беренесинин 1-пунктуна жана 558-беренесине ылайык сот органдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 101 жана 102-беренелерине жана Жазык кодексинин 227 жана 228-беренелерине ылайык карап чыгуу үчүн экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон