521-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 мая 2016 года № 62
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултууну жүзөгө ашырууга;
2) эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, ушул Кодекстин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
4) салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан салык салынуучу объекттерге жана ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алууга;
5) ушул Кодексте аныкталган тартипте салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
6) мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүгө, ошондой эле сотко доолорду берүүгө.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырышат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салыктык контролдоону жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;
2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алууга.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык төлөөчүнүн укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) салык төлөөчүлөргө алар тарабынан салыктык милдеттенмелеринин аткарууларына көмөк көрсөтүүгө;
4) ушул Кодекстин 74 жана 75-беренелерине ылайык салыктык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмаларын колдонууга;
5) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелердин аткарылышына салык контролун жүзөгө ашырууга;
6) рейддик салык контролун жүргүзүүдө ушул Кодекстин 108-беренесинин 3-5-бөлүктөрүн, 113-115 жана 117-беренелерин жетекчиликке алууга;
7) салык контролунун формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырларды сактоого;
9) салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын аныктыгын ырастоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;
10) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммасы жөнүндө, квитанциялардын жана документтердин колдонулушу тууралуу, ошондой эле салыктардын суммасын банкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төккөндүгү жөнүндө салык органына отчет берүүгө;
11) салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда салык кызматы органдарына көмөк көрсөтүүгө.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул берененин 1-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 25, 2015-жылдын 30-июлундагы № 207, 2016-жылдын 16-майындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
521-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 16 мая 2016 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2015 года № 207 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2013 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 23.07.2014 · № 413
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 413 токтомуПостановление · 23.07.2014 · № 413
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-521" title="521-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>