КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-июлу № 207 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 52-1-беренеде: 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салыктык контролдоону жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;
2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алууга.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул берененин 4-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 348-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "кызматынын" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 534-1-статьяда "350" деген цифралар "348, 350, 353" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон