52-берене. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүсүндөгү товарларды импорттоодо жана экспорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө, КНС жана акциз салыгын администрациялоо салык кызматы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бажы органдары КНС жана акциз салыгын администрациялоону жүзөгө ашырат:
1) Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу товарларды жылыштырууда;
2) товарларды эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажылык кампасынын бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда, ошондой эле эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажылык кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө.
3. Эркин бажы зонасынын, эркин кампанын жана бажылык кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө салыктарды администрациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-52" title="52-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>