Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-июлу № 413 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 521, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын регламенттөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө:
- төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин:
банк мекемелери болбогон алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштар үчүн мүлккө салыкты, жер салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төлөөгө жол берилээри жөнүндөгү тийиштүү ченемди Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүүнү; Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин салык мыйзамдарын бузган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызматтык адамдар) катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү; Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы № 04 форма боюнча салыктын суммасын төлөө жөнүндө квитанциянын бланктарынын коргоо элементтерин жакшыртуу боюнча чара көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Ѳзгѳн шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бѳлγмγнγн…Постановление · 24.12.2015 · № 22/4
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары…Постановление · 11.04.2016 · № 202
- Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Убактылуу ЖобоПоложение · 23.07.2014
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 155/19-3 "Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө"…Постановление · 26.02.2015 · № 155/19-3 · Күчүн жоготкон