Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
75-берене. Салык карыздарын мажбурлап жоюу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2012 года № 55
1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчүнүн салык карызы болсо жана ушул Кодекске ылайык ага кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтү берилбесе, салык органы салык карызын төлөө жөнүндө кабардамада көрсөтүлгөн сумманын чектеринде бул салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен мүлктү тескөөнү чектөө жана/же салыктык карыздарын өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.
Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт. Мындай доодо салык карызын үчүнчү жактан, анын ичинде дебитордун, жумуш берүүчүнүн, банктын же болбосо башка уюмдун каражаттарынын эсебинен өндүрүүнү каралышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө салык органы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салык карызы бар салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин, чечимди тиркөө менен жиберүүгө укуктуу.
Эгерде үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды соттун чечими чыкканга чейин аткарбаса жана салык кызматы органынын бул чечимин талашпаса төлөмгө барабар, бирок салык карызынын суммасынан ашпаган сумма өндүрүлөт. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү жөнүндөгү доо боюнча ишти кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыктык карыздарын өндүрүү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
5. Салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн эсебинен салыктык карыздарын өндүрүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:
1) 100000 сомго чейинки өлчөмдөгү негизги каражаттарга;
2) экономикалык иш-аракетке тиешеси жок жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча жеке жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар күндүк өздүк пайдалануусу үчүн арналган мүлккө.
Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүүдө ушул пунктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо, бул мүлк белгиленген чекке чейин мүлктүн суммасын кийин кайтарып берүү менен ушул берененин шарттары боюнча сатылууга тийиш.
6. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүргөн учурда аны саткан жана түшкөн суммалардын эсебинен салык карызын жойгон күндөн тартып салыктык карыздарын төлөө боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет. Мурда камакта турган мүлктү саткан учурда салыктык карыздарды жана салыктык санкцияларды өз учурунда которбогондук үчүн туум мүлктү камакка алган күндөн тартып жана түшкөн суммаларды бюджетке которгонго чейин эсептелбейт.
7. Салык органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара көз каранды адамдар салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүү жөнүндө соттун чечимин аткаруу тартибинде салык төлөөчүнүн сатылуучу мүлкүн сатып алууга укугу жок.
8. Бул берене салык текшерүүсүнүн жана ага даттануунун натыйжасында келип чыгуучу салык милдеттенмесине карата даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин колдонулбайт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 240 "Салыктык карыз боюнча өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн убактылуу тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2016 · № 240
- Балыкчы шаардык кеңешинин 2015- жылдын 24-февралындагы № 1 "Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында муниципалдык жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча бөлүм ачуу жана иштөө тартиби…Постановление · 24.02.2015 · № 1
- Приказ Госкомналогов КР от 12 декабря 2008 года № 133 "Об утверждении Положения "О порядке возникновения, изменения, исполнения и прекращения налогового обязательства, а также…Приказ · 12.12.2008 · № 133 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 майындагы № 240 токтомуПостановление · 11.05.2016 · № 240
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 158 токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 158
- Постановление Правительства КР от 16 октября 2003 года № 652 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.10.2003 · № 652 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-75" title="75-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>