Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
344-берене. Жер салыгы боюнча жеңилдиктер
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 51-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118
1. Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөнкүлөр үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук участокторду пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотулушат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдары эрезеге жеткенге чейин;
3) пенсиялык куракка жеткен жеке адам;
4) 4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жеке адам.
2. Жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурда жергиликтүү кеңештер 3 жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.
3. Жергиликтүү кеңештер алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн бошотууну берүү укугуна ээ.
(Экинчи абзац КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жергиликтүү кеңештер чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдү жер салыгын төлөөдөн бошотууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 27-февралындагы № 8, 2017-жылдын 29-июнундагы № 114, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июня 2017 года № 114 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (19)
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №30 "Ош шаарынын "Жапалак"айылдык аймактык башкармалыгынын апрель айындагы жаан-чачындын кесепетинен зыян тарткан айыл чарба…Постановление · 17.08.2012 · № 30
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы № 38-б "2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үшүп кетишине жана зыянга учурашына…Распоряжение · 07.02.2020 · № 38
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 176-р (2011-жылы жаздык себүүнү өткөрүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндерин акысыз негизде бөлүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.11.2010 · № 176-р
- Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 30-июлунун №196 "Экономикалык субьекттерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндө" ТоктомуПостановление · 30.07.2010 · № 196
- КР УО 2010-жылдын 19-июнунун № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык…Декрет · 19.06.2010 · № 77
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 570-б (2011-жылы табигый бөөдө кырсыктардан жапа чеккен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо…Распоряжение · 30.12.2011 · № 570-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 197-б (2012-жылдын апрелинин үчүнчү декадасында жааган нөшөрлөгөн жаандан жана селден жабыр тарткан Ош, Баткен жана Жалал-Абад…Распоряжение · 15.05.2012 · № 197-р
- Ак-Таш айылдык кеңешинин 2014-жылдын 27-июлундагы № 1 "2011-2012-2013-жылдарга жер салыгынан жана ижара акыларынан бошотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2014 · № 1
- Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2012 · № 26/1
- Сары-Колот айылдык кеңешинин 2012-жылдын 30-июнундагы №5/1 "Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 11-июнундагы чыгыш № 595 \3 кат аркылуу келген Кыргыз…Постановление · 01.08.2012 · № 5-1
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №213 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196-«Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды…Постановление · 04.03.2011 · № 213
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №136 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоонун, аларды төлөөнүн жана эсепке…Постановление · 29.07.2010 · № 136 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон
- "Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI – 100)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому…Порядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 токтомуПостановление · 24.04.2019 · № 193
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнунун № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 393 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 13.09.2021 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 27.02.2012 · № 8 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-344" title="344-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>