Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 29-июну № 114 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 31-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) "Преференциялык калктуу конуштар" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу калктуу конуштар.";
2) 21-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1591-берене менен толукталсын:
"1591-берене. Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин 5 жылда бир жолудан кем эмес бекитет.
Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин кайра бекитүү калктуу конушту өнүктүрүүгө берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында тизмекке төмөнкүлөр киргизилет:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жайлык өндүрүштүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары;
3) энергетика;
4) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
5) чогултуу өндүрүшү;
6) экспортко багытталган кандай болбосун өндүрүш.
Инвестициялык Макулдашуунун шарттарын аткарбоонун же берилүүчү жеңилдиктердин белгиленген мөөнөтүнүн аякташынын кесепетинен өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегинен ишканаларды чыгарып салуу тизмектен чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган жылдан кийинки жылдын башынан тартып жүзөгө ашырылат.
2. Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегине ишканаларды киргизүү жана андан чыгарып салуу тартиби ишканалардын өңүтүндө жылдар боюнча берилүүчү жеңилдиктерди дифференциациялоо менен жана продукцияны сатуудан алынган акчанын өлчөмүн жана төлөнгөн киреше салыгынын жалпы суммасын эске алуучу ченемди белгилөө менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектеринде преференциялык өнөр жай ишканаларына салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтому менен бекитилген инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат. Инвестициялык макулдашуулар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат.
4. Салыктар боюнча преференциялык өнөр жай ишканаларына берилүүчү жеңилдиктер ушул ишканалардын аларга жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө жайылтылбайт.";
3) 213-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн (кенди кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу, ошондой эле акцизге караштуу товарларды чыгарган ишканаларды кошпогондо) кирешеге салыктын ставкасы "0" пайыз өлчөмүндө белгиленет. Ушул бөлүктү колдонуу мөөнөтүнүн чеги сатуудан алынган акчанын өлчөмүнө жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жараша, кийин 10 жылга чейин узартуу укугу менен 5 жыл.";
4) 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын;
"8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтому менен бекитилген жана салыктар боюнча жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашуунун шарттарында преференциялык калктуу конуштарда иштеген өнөр жай ишканалары. Инвестициялык макулдашуулар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат.";
5) 330-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн мүлккө салыкты төлөөдөн толугу менен бошотууга. Ушул пунктту колдонуу мөөнөтүнүн чеги сатуудан алынган акчанын өлчөмүнө жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жараша, кийин 10 жылга чейин узартуу укугу менен 5 жыл. Ушул пункттун жоболору өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегине киргизилген ишканалар салык салынуучу объекттерди башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге пайдаланууга, ишенимдүү башкарууга же ижарага берген учурларда колдонулбайт.";
6) 344-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Жергиликтүү кеңештер алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн бошотууну берүү укугуна ээ. Ушул бөлүктү колдонуу мөөнөтүнүн чеги сатуудан алынган акчанын өлчөмүнө жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жараша, кийин 10 жылга чейин узартуу укугу менен 5 жыл.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Постановление Правительства КР от 10 сентября 2019 года № 465 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2020-2022 годы"Постановление · 10.09.2019 · № 465
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2531-VI "Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү…Постановление · 28.06.2018 · № 2531-VI
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 270 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 270 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.08.2018 · № 413 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.