Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1591-берене. Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети преференциялык калктуу конуштардын аймагында жүзөгө ашырылуучу жана жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин 5 жылда бир жолудан кем эмес бекитет.
Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин кайра бекитүү калктуу конушту өнүктүрүүгө берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында тизмекке төмөнкүлөр киргизилет:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жайлык өндүрүштүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары;
3) электр энергетикасы;
4) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
5) чогултуу өндүрүшү;
6) экспортко багытталган кандай болбосун өндүрүш.
2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, конкреттүү преференциялык калктуу конуштун аймагынын чектеринде өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ишканага салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтому менен бекитилген инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат. Инвестициялык макулдашуулар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат.
Преференциялык калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 5 жылга болгон инвестициялык макулдашууну инвестициялардын көлөмүн, продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн пайданын көлөмүн жана төлөнгөн киреше салыгынын жалпы суммасын эске алуучу ченемди белгилөө менен түзөт. Инвестициялык макулдашууда белгиленген ченемдер аткарылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун колдонууну кийинки 5 жылга узартууга укуктуу.
3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салыктар боюнча берилген жеңилдиктер 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы ишканаларга колдонулат жана калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан, жеңилдиктер берилген алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө колдонулбайт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ администрациялык-аймактык бирдиктин аймагынын чегиндеги салык боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө, жеңилдиктер берилген администрациялык-аймактык бирдиктин аймагынын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүн кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн инвестициялык макулдашууну түзүү талабысыз берилет.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-1591" title="1591-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>