Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2011-жылы жаздык себүүнү өткөрүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндерин акысыз негизде бөлүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 18-ноябры № 176-р 2010-жылдын 17-19-сентябрындагы оор жааган кардын айынан кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү толугу менен алынбай калгандыгынын натыйжасында олуттуу жабыр тарткан Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын чечиминин негизинде 2011-жылы жаздык себүүнү өткөрүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндеринин 500 тонна үрөнү, анын ичинде мамлекеттик үрөн фондусунун Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынын үрөн чарбаларында топтолгон жаздык буудайдын 150 тонна үрөнү, ошондой эле 350 тонна жаздык арпанын үрөнү, анын ичинде Россия Федерациясынан алып келинген "Мамлюк" сортунун 150 тонна үрөнү жана республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон 200 тонна үрөнү Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун чарбакер субъекттерине акысыз негизде бөлүп берсин;
- Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун жабыр тарткан чарбакер субъекттерине андан ары акысыз бөлүп берүү үчүн эспарцеттин 50 тонна өлчөмүндөгү үрөнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда даярдоону карасын;
- Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун жабыр тарткан субъекттери үчүн 500 тонна жаздык дан эгиндеринин үрөнүн жана эспарцеттин 50 тонна үрөнүн акысыз бөлүп берүү боюнча чыгымдарды каржылоону 2011-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда каралган бюджеттик бөлүнгөн акчалардын чегинде жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын облусунун Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүндө зарыл болгон оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында жол-курулуш машиналарын, механизмдерди жана байланыш каражаттарын сатып алууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бөлүп берүү үчүн бюджеттик каражаттарды издеп тапсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2010-жылы Талас облусу албай калган дизель отунунун өлчөмүнүн эсебинен 200 куб метр дизель отунун Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун жабыр тарткан чарбакер субъекттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомунун негизинде, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын берген наряддары боюнча бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна табигый кырсыктан жабыр тарткан Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба жерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 2010-жыл үчүн төлөөдөн бошотуу сунуш кылынсын.
5. Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун жергиликтүү кеңештерине табигый кырсыктан жабыр тарткан жер пайдалануучуларын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесине ылайык жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунуш кылынсын.
6. Бул тексеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-авустундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык…Постановление · 18.08.2010 · № 171 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 20.01.2015 · № 20 · Күчүн жоготкон