8-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте ушул Мыйзамга шайкеш келтирет.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш эместигин аныктаган учурда аларды өзүнүн чечими менен жокко чыгара алат. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202266/st-8" title="8-берене - Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>