Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыңды шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 7-февралы № 59/XX - 1 Кайыңды шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 55 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Кайыңды шаарынын аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана үй жаныбарларын жана канаттууларды багуу боюнча иштерди натыйжалуу уюштуруу максатында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарын көрктөндүрүү эрежелери бекитилсин.
2.Кайыңды шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери бекитилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон