3-берене. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- бизнес-шериктештиктин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзөт, бул жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген принциптерге шайкештигине, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жөнгө салуунун натыйжалуулугуна карата аларды кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча координациялоочу орган болуп саналат;
- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202266/st-3" title="3-берене - Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>