Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы чектөөлөр
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
Ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына төмөндөгүлөр тыюу салынат:
- текшерүү жүргүзгөн учурда текшерүүнүн субъекттеринен жазапулдарды жана башка төлөмдөрдү накталай түрүндө алууга. Бардык эсеп-кысаптар тийиштүү эсептешүү эсептери жана кредит-кассалык мекемелер аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттин кирешесине түшүүчү финансылык жана администрациялык санкциялардын жана башка төлөмдөрдүн суммасынан чегерүүлөрдү алууга;
- эгерде текшерүүнүн обьекти болуп эсептелбесе же текшерүүнүн затына таандык болбосо айлана-чөйрө обьекттерин жана өндүрүштүк чөйрө объекттерин иликтөө документтерин, маалыматты, продукциянын үлгүлөрүн, сынамдарын көрсөтүүнү талап кылуу, ошондой эле ушундай документтердин түп нускасын алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен текшерүүнүн субъекттери жөнүндө алынган маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган мамлекеттик, коммерциялык маалыматты жана башка мыйзам менен коргоого алынуучу жашыруун сырды жайылтууга;
- эгерде мындай талаптар алардын атынан ошол кызмат адамдары иш алып барган жаткан мамлекеттик контроль жана көзөмөл органдарынын ыйгарым укуктарына таандык болбосо, милдетүү талаптардын жана нормативдик укуктук актыларда белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүү;
- анонимдүү арыздар, б.а. арыз ээси жана анын байланыш маалыматы (жашаган жеринин дареги, байланыш телефону ж.б.) көрсөтүлбөгөн же туура эмес көрсөтүлгөн жарандар, ишкерлер жана башка адамдар тарабынан демилге кылынган пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү ишке ашыруу;
- аны жүргүзүү учурунда жетекчиси, башка кызмат адамы же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, жеке ишкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 5-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ушундай текшерүүлөрдү жүргүзүү учурун кошпогондо, пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү жүзөгө ашыруу;
- продукциянын үлгүлөрүн, айлана-чөйрөнүн обьекттери иликтенүүчү сынамдарды иргеп алуу: максаты - көрсөтүлгөн үлгүлөрдү, белгиленген форма боюнча сынамдарды иргеп алуу эрежелеринде, улуттук стандарттарда белгиленген нормалардан ашкан санда иргеп алуу жөнүндө протоколдорду жол-жоболоштурбастан аларды изилдөө, сыноо, өлчөө иштерин жүргүзүү: мында аларды изилдөө, сыноо, өлчөө, иштеринин методдорун, техникалык регламенттерди же алар күчүнө киргенге чейин иштетилген нормативдик техникалык документтерди жана изилдөө, сыноо, өлчөө жүргүзүүнүн эрежелерин жана методдорун колдонуу;
- текшерүү иштерин жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнөн ашып кетүү;
- юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге алардын эсебинен контролдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө жазма эскертүүлөрдү же сунуштарды берүүнү жүзөгө ашыруу;
- аларга бекитип берилген көзөмөлдөгү иштин алкагынан тышкары чыгууга;
- укук коргоо органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү же оозеки көрсөтмөлөрүнүн, тапшырмаларынын, суроо-талаптарынын негизинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү дайындоого жана/же жүргүзүүгө.
(КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-4" title="4-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>