Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Пландуу текшерүүлөр
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Пландык текшерүүлөр стратегиялык пландарга, ошондой эле текшерүүлөрдүн пландарына ылайык жүргүзүлөт.
Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Стратегиялык план пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-ноябрына чейин ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Стратегиялык пландардын негизинде текшерүүлөрдүн жылдык же кварталдык пландары түзүлөт, алар пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин же планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күн мурда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Текшерүүлөрдүн пландары ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын орун-жайларындагы калкка жеткиликтүү ачык жерлерге жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Жылдык пландардын аткарылышы жөнүндө маалымат отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин же отчеттук квартал аяктагандан кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жайларындагы жалпыга жеткиликтүү ачык жерлерде жайгаштырылат.
11. Пландуу текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактар, алардын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бир бирдиктүү текшерүү субъектин түзөт жана, эгерде алардын иши тобокелдиктин бир тармагына кирсе жана тобокелдиктин бирдей даражасына ээ болсо, текшерүүлөрдүн планында текшерүүлөрдүн ар түрдүү субъекттери катары көрсөтүлүшү жана каралышы мүмкүн эмес.
Эгерде юридикалык жактын, анын экономикалык ишинин объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир нече ар түрдүү даражалары менен байланышкан болсо, анда юридикалык жак, анын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү текшерүүлөрдүн пландарында өз алдынча каралат.
2. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн карамагындагы чөйрөдө ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалап турган чен-өлчөмдөрдү иштеп чыгат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалай турган чен-өлчөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 679 "Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому
3. Текшерүүгө тийиштүү бардык текшерүүнүн субъекттери тобокелдиктин даражасына жараша тобокелдиктин үч: жогорку, ортоңку жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет.
Тобокелдиктин даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн аныктайт, бирок тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер жана энергетика тармагындагы тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттерине таандык объекттер үчүн жылына бирден ашык эмес, санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн - жылына эки жолудан ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн - 3 жылда бирден ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн - 5 жылда бирден ашык эмес жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тобокелдиктин төмөнкү даражасына киргизилген текшерүүнүн субъекттери туура келгенде алар пландык текшерүүлөрдөн бошотула турган шарттарды аныктайт.
4. Эгерде субъект үчүн тобокелдиктин даражасын жана ошого ылайык обьектти текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн белгилөөгө мүмкүндүк болбосо, ушул субъект тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттин тобуна кирет.
5. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнүн субъекттеринин бир түрдүү топтору үчүн текшерүү барактарын түзүүгө тийиш.
Текшерүү барактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиштүү эмес талаптарга тиешелүү маселелерди камтыбашы керек. Текшерүү барактары милдеттүү тартипте текшерүүнүн конкреттүү предметин, ошондой эле аларды сактоо текшерилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын конкреттүү түзүмдүк элементтерине негиздемени жана шилтемелерди камтууга тийиш. Текшерүү барактары аларды кабыл алуу түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан келип чыкпаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун сактоо жагындагы маселелерди камтышы мүмкүн эмес. Текшерүү барактардын формалары ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарына жарыяланат. Текшерүү барактарын колдонбогон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Ыйгарым укуктуу органдар 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирмени текшерүүнүн субъекттерине берүү шартында гана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Билдирмеде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- пландуу текшерүүнү баштоо жана аяктоо датасы;
- ишкердүүлүгү текшериле турган юридикалык жактын аталышы же жеке жактын - ишкер адамдын фамилиясы, аты-жөнү;
- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- текшерүүчү органдын кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү.
Билдирме заказдуу кат же телефонограмма аркылуу ыйгарым укуктуу органдын каражатынын эсебинен жөнөтүлөт же текшерүү субъектинин жетекчисине же текшерүүнүн субъектисинин ыйгарым укуктуу адамынын жеке кол коюусу боюнча берилет. Текшерүүнүн субъекттери билдирмелерди берүү жөнүндө кайрылууну ыйгарым укуктуу органдарга бул кайрылууда аныкталган электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүгө укуктуу, анда өздөрүнө билдирмелерди жөнөтүүгө өз макулдугун берүүгө тийиш, билдирмелер текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол коюу менен тапшырганга барабар болот. Бул кайрылуу жактырылгандан жана ыйгарым укуктуу орган кайрылуунун ээсине кол койдуруп тааныштырылгандан кийин, текшерүүнүн субъектине көрсөтүлгөн электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмени жөнөтүү текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол коюу менен билдирмени тапшырганга барабар болот. Эгерде текшерүүнүн субъекти ушул беренеде каралган электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмелерди алууга өз укугунан баш тартууну чечсе, текшерүүнүн субъекти ыйгарым укуктуу органдарга электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмелерди берүүдөн баш тартуусу бар кайрылууну жөнөтсө, мындай кайрылуу жактырылууга тийиш. Мындай учурда билдирмелерди электрондук байланыш каналдары аркылуу текшерүүнүн субъектине жөнөтүү текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол койдуруу менен тапшырганга барабар болбойт. Текшерүүнүн субъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы билдирмени алгандан кийин текшерүү объектисинде дайындалган убакытта пландык текшерүүнү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү. Текшерүүнүн субъекти пландуу текшерүү тууралуу билдирмени албаган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүүгө киргизбөөгө укуктуу.
7. Курулуш ченемдерине жана эрежелерине, тамак-аш азыктарын, өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга, эмгекти коргоонун жана экологиялык коопсуздуктун талаптарынын ылайык келүүсүнө пландуу текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.
8. Ишкердиктин жаңыдан түзүлгөн субъекттерин текшерүү алар юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик катталган күндөн тартып 3 жылдын ичинде жүргүзүлбөйт.
9. (КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна тиешеси бар текшерүүлөрдүн натыйжалары тиешелүү чөйрөлөрдө текшерүүлөрдү жүргүзүү ыйгарым укуктарына кирген ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында жарыяланууга жатат, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү башка жерлерге жайгаштырылат.
11. Иши калкты тейлөө менен байланышкан текшерүүлөрдүн субъекттери текшерүүлөрдүн натыйжаларын керектөөчүлөргө жеткирүүгө милдеттүү. Текшерүүлөрдүн натыйжалары керектөөчүлөргө жеткирилүүгө тийиш болгон иштин түрлөрү, маалыматтын көлөмү жана аны ачыкка чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо тууралуу" токтому
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүннүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 56
- 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 472-т тескемесине…План · 14.08.2023 · № 472-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты…Постановление · 10.01.2018 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө…Постановление · 28.09.2023 · № 513
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 441 "Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 22.09.2018 · № 441
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 671 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө…Постановление · 16.10.2025 · № 671
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдоо-көзөмөлдөө иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 25.04.2024 · № 202
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 токтомуПостановление · 10.01.2018 · № 12
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик…Постановление · 12.10.2009 · № 639 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2012 · № 108
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №679 "Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо…Постановление · 26.10.2011 · № 679
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты…Постановление · 10.01.2018 · № 12
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 07.07.2023 · № 134
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-6" title="6-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>