Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-апрели № 236 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 7-июлундагы № 342, 2024-жылдын 23-августундагы № 497, 2024-жылдын 27-августундагы № 526, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 16-январындагы № 11 , 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 246 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86, 174, 187, 205, 213, 236, 239, 245, 246, 258, 269, 288, 295, 302, 303, 320, 321, 347, 354, 364, 375, 376, 386, 407, 409, 411-беренелеринин, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерине ылайык пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган мүлктү акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Бонусту эсептөө тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо тартиби 6-тиркемеге ылайык;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда дубалдардагы материалды, дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоонун тартиби 8-тиркемеге ылайык;
9) Салыктык карызды өндүрүп алуу жүргүзүлбөй турган салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн тизмеги 9-тиркемеге ылайык;
10) Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 10-тиркемеге ылайык;
11) Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешелерден кетирилген чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрөнүн объекттеринин тизмеги 11-тиркемеге ылайык;
12) Майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы киреше салыгынан жана сатуу салыгынан бошотулган жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги 12-тиркемеге ылайык;
13) Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги 13-тиркемеге ылайык;
14) Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ордун ырастоочу документтердин тизмеги 14-тиркемеге ылайык;
15) Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги 15-тиркемеге ылайык;
16) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 16-тиркемеге ылайык;
17) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 17-тиркемеге ылайык;
18) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 18-тиркемеге ылайык;
19) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кошумча нарк салыгы жана акциздик салык боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 19-тиркемеге ылайык;
20) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 20-тиркемеге ылайык.
21) Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги 21-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 497, 2024-жылдын 27-августундагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун бешинчи жана он биринчи абзацтары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 "Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 792 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 "Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
9-тиркеме
Салыктык карызды өндүрүп алуу жүргүзүлбөй турган салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн ТИЗМЕГИ
Жеке жактын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк жеке пайдалануусуна жумшалуучу жана экономикалык ишке тиешеси жок салык төлөөчүнүн - жеке жактын төмөнкү мүлктөрүнө карата салыктык карыз өндүрүп алынбайт:
1) карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган, күрөө предмети катары коюлбаган турак жайы;
2) негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - жалгыз ую, ую жок болгон учурда - жалгыз кунаажыны, ую да, кунаажыны да жок чарбаларда - жалгыз кою, эчкиси же чочкосу, ошондой эле үй канаттуулары;
3) жаңы тоют жыйноого же малды жайытка чыгарууга чейин мал үчүн зарыл болгон тоют, кезектеги себүү ишине керектүү үрөн;
4) карызкорго жана анын багуусундагы адамдарга зарыл болгон үй жасалгасынын предметтери, идиш-аяк жана кийим-кечек:
- кийим-кечек - ар бир кишиге: бир жайкы же күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (мындан тышкары, аялдар үчүн эки жайкы жоолук жана жылуу же шайы жоолук), узак мезгилден бери пайдаланууда болгон жана баалуулук деп эсептелбеген башка кийим-кечек жана баш кийимдер;
- пайдаланууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөнчү, ашкана эмеректери (кымбат баалуу материалдан жасалган, ошондой эле көркөм баалуулугуна ээ болгон буюмдардан тышкары);
- эмерек - ар бир кишиге бирден керебет жана отургуч, бир стол, үй-бүлөгө бир шкаф жана бир сандык;
- балдардын бардык буюмдары;
5) эгерде карызкордун негизги иштеген иши айыл чарбасы болсо, анда карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон тамак-аш продуктулары, ал эми калган учурларда - карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн тамак-аш продуктусуна жана эң аз эмгек акынын өлчөмүндөгү акча каражаты;
6) тамак-аш жасоо үчүн жана жылытуу сезонунун ичинде үй-бүлө жашаган турак жайды жылытуу үчүн зарыл болгон отун;
7) карызкор соттун өкүмүнө ылайык тийиштүү иш-аракет менен алектенүү укугунан ажыратылган же буюмдар мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланылган учурлардан тышкары, карызкордун кесиптик иштерин улантуу үчүн зарыл болгон шаймандар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).
10-тиркеме
Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 342 , 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 246 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Уюмдардын аталышы
Идентификациялык салык номери
1
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы" коммуналдык ишканасы
00211199210036
2
"Ошгорводоканал" муниципалдык ишканасы
02201200410193
3
"Бишкектеплоэнерго" муниципалдык ишканасы
00205199410037
4
Жалалабат шаардык мэриясынын "Жалалабатводоканал" суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармасы" мекемеси
01107199410089
5
"Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы" мамлекеттик ишканасы
02711199010024
6
"Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" ачык акционердик коому
01711201510101
7
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому
02512200110100
8
"Электр станциялар" ачык акционердик коому
01810200110062
9
"Нарын суу-канал ишканасы" коммуналдык мекемеси
00106198010013
10
"Чолпон-Ата суу канал ишканасы" муниципалдык ишканасы
01208195710012
11
"Карасуу-Таза Суу" муниципалдык ишканасы
02406199910105
12
"Кемин Суу канал" муниципалдык ишканасы
00503202010234
13
"Исфана-Таза суу" муниципалдык ишканасы
02009201610042
14
"Ноокат Суу-канал" чарбалык ишмердүүлүк укугуна негизделген муниципалдык ишканасы
02301201710160
15
Таш-Көмүр шаарынын суу менен камсыздоо боюнча "Суу чарба" чарбалык эсептеги ишканасы
01804200510207
16
"Өзгөн Таза-Суу" суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы
02702200610292
17
"Водоканал" Каракол шаардык муниципалдык ишканасы
00109199310108
18
"Балыкчы шаардык суу түтүкчөлөр ишканасы" муниципалдык ишканасы
014101990010017
19
"Маркетинг-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому
02702200710079
20
"Базар-Коргон сууканал" муниципалдык ишканасы
01409201510250
21
Кадамжай шаардык мэрия алдындагы "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасы
01905201510010
22
Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасы
00103201210115
23
"Кербен сууканал" муниципалдык ишканасы
02601201810138
24
Көк-Жангак өз алдынча чарбалык эсептеги таза суу менен камсыздоо "Шар-Булак" участкасы
01110200010093
25
"Кызылкыя-Сууканал" муниципалдык ишканасы
00806200610045
26
Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык "Суу канал" ишканасы муниципалдык ишканасы
00101199310422
27
"Токмок Водоканал" муниципалдык ишканасы
00508199010010
28
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын "Шаарсууканал" мекемеси
00304200010050
29
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы "Таза суу" муниципалдык ишканасы
01510201210016
30
"Коммунальщик Айдаркен" ачык типтеги акционердик коому
00709199510011
31
"Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты" коммуналдык ишканасы
01110200110048
32
"ГАЗТОРГ Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому
01007201710141
33
"Бишкектеплосервис" жоопкерчилиги чектелген коому
00710201910236
34
"Чакан ГЭС" ачык акционердик коому
00811200010039
35
"Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коому
01312199010013
36
"Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коому
02003195810014
37
"Таза Энерджи" жоопкерчилиги чектелген коому
02112202110234
38
"Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы
00808202410151
39
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы
00808202410330
11-тиркеме
Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешелерден кетирилген чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрөнүн объекттеринин ТИЗМЕГИ
№
Аталышы
1
Мектепке чейинки мекемелер (бала бакчалар)
2
Медициналык мекемелер (ооруканалар, санаторийлер, поликлиникалар, санаторий-профилакторийлер)
3
Маданият объекттери (маданият үйлөрү, клубдар, кинотеатрлар, китепканалар)
4
Мейманканалар жана эс алуу обьекттери (пансионаттар, балдардын ден соолугун чыңдоо лагерлери, эс алуу базалары, туристтик базалар)
5
Спорт комплекстери жана курулмалар
6
Турак жай фонду (турак үйлөр жана жатаканалар)
7
Жылуулук менен камсыздоо системалары (от казандар, сордургучтар, жылуулук тармагы)
8
Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө багытталган объекттер (суу менен камсыздоо, канализация, электр энергиясы, жолдор, жашылдандыруу, тазалоочу курулмалар жана башка коомдук кызмат көрсөтүүлөр)
Эскертүү: Социалдык чөйрөнүн объекттери болуп иши ден соолукту коргоону, билим берүүнү, тарбиялоону, жарандарды социалдык жактан тейлөөнү, алардын ишке орношуусун камсыз кылууга, жарандардын коомдук керектөөлөрүн жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасын канааттандырууга багытталган мекемелер, уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин балансында турган имараттар, курулуштар, курулмалар эсептелет.
12-тиркеме
Майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы киреше салыгынан жана сатуу салыгынан бошотулган жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин ТИЗМЕГИ
№
Уюмдардын аталышы
Идентификациялык салык номери
1
"Кыргызстандагы сокурлар жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги № 1 окуу-өндүрүш ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00504199610100
2
"Кыргыз азизтер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги № 2 окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00504196010010
3
"Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн Кыргыз коомунун Бишкектеги № 3 окуу-өндүрүш ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00101198010083
4
Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн Кыргыз коомунун "Карек" жоопкерчилиги чектелген коому
00409199210090
5
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому Садовскийдеги окуу-өндүрүш ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
01010193610024
6
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому Канттагы окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00309199210210
7
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому Токмоктогу окуу-өндүрүш ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
01509199210115
8
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Каракол окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
01003195410010
9
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Оштогу үйрөтүү өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00101199410064
10
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк "Дыйкан" ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
02806199510035
11
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому
00403195010016
12
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Медикос" медициналык борбору" жоопкерчилиги чектелген коому
00103200710468
13
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмеси
00606199710113
14
"Жакшылык" турак жай ээлеринин шериктиги
02104199810112
15
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын республикалык көз карандысыз коому" коомдук бирикмеси
00711199610119
16
"БЕК ЭРК" жоопкерчилиги чектелген коому
00107201810273
17
"Чүй облусунун жаш майыптар коому" коомдук бирикмеси
00609200510182
13-тиркеме
Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 342, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 16-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ к/н
Мүлк объекттери
1
Гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, от казан жана гидротехникалык курулмалардын объекттери
1.1
Плотиналар, тоннелдер, шахталар, суу агызгычтар, суу кабылдагычтар, коллекторлор, суу тундургучтар жана суу өткөрүүчү курулмалар, күл жыйнагычтар, кычкылтек станциялары, химиялык суу тазалоо объекттери жана гидро жана жылуулук энергетика комплексинин башка объекттери
1.2
Жээкти бекемдөөчү жана жээкти коргоочу курулмалар
1.3
Ички чарбалык, чарбалар аралык сугат тармактары жана суу түтүк-канализациялык чарба курулмалары:
- каналдар, ачык жер каналдарынан ички чарбалык жана чарбалар аралык суу топтоп кое берүүчү тармактар;
- жерге бекемделбеген чарбалар аралык жана ички чарбалык коллектордук-дренаждык каналдар;
- темир-бетон лотокторунан турган каналдар;
- асбест-цемент жана болот түтүктөрдөн турган каналдар;
- стационардык суу алуучу жана сууну басым менен жиберүүчү станциялар, резервуарлар;
- дамбалар, сууну соруп берүүчү насос станциялары;
- тазалоо курулмалары;
- скважиналар
1.4
Гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын, от казандардын негизги жана көмөкчү өндүрүшүнүн конструкциялары жана курулмалары, гидротехникалык курулмалар
1.5
Жылуулук пункттары (жылуулук менен жабдуу системаларынын ишин жана керектөөчүлөрдүн жашоо-турмушун камсыздоочу жылуулук булактарын трансформациялоо жана параметрлерди өлчөө үчүн технологиялык жабдуулар жайгашкан жайлар, курулмалар) жана жылуулук тармактарынын насостук станциялары
2
Транспорт чарбасынын, байланыш жана башка тармактардын курулмалары
2.1
Бардык түрдөгү жана конструкциядагы көпүрөлөр жана эстакадалар
2.2
Таштан, бетондон жана темир-бетондон жасалган колдоочу жана коргоочу курулмалар (жер көчкүгө каршы, кар көчкүгө каршы, жердин урашына каршы, тирөөчү, каптоочу, тосулуучу дубалдар, галереялар, сел кое бергичтер, траншеялардын текчелери ж.б.)
2.3
Темир жол платформалары
2.4
Темир жолдордун нугунун үстүңкү курулушу (балласт, шпалалар, бекиткичи бар рельстер, которгуч жебелер жана башка элементтер)
2.5
Ичке нуктагы темир жолдор
2.6
Автомобиль жолдору
2.7
Учуп-конуучу тилкелер, аэродромдордун үстүңкү бети
2.8
Самолет учуучу жолдор, токтоп туруучу жерлер, перрондук жана ангардын алдындагы аянтчалар
2.9
Авиациялык-техникалык базанын перронунда аба кемелерин тейлөөчү жерлер
3
Спорттук курулмалар
3.1
Стадиондор
3.2
Стадиондордогу спорттук курулмалар
4
Электр берүү жана байланыш түзүлүштөрү
4.1
Троллейбус жана темир жол контакттык тармагы
4.2
Аба менен электр берүү линиялары, сырткы жарык берүүчү электр линиялары
4.3
Кабель менен электр берүү линиялары
4.4
Электр бөлүштүрүүчү жабдуулар
5
Түтүк өткөргүчтөр
5.1
Канализация тармактары
5.2
Суу өткөрүү тармактары (муздак, жылуу суу жана жылытуу түтүк өткөргүчтөрү)
5.3
Мунай заттары үчүн түтүк өткөргүчтөр
5.4
От казандар, элеватор түйүндөрү
5.5
Жылуулук тармагынын түтүк түйүндөрү
5.6
Күл калдык түтүктөрү
5.7
Түтүн түтүктөрү
6
Башка обьекттер
6.1
Бомбадан жашынуучу жайлар
6.2
Көмүр тоңун эритүүчү түзүлүштөр жана вагонду которуп түшүргүчтөр
6.3
Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана бөлмөлөр үчүн мүлк объекттери:
- коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, тарыхый-маданий багыттагы, суу жана токой фонддорунун объекттери, ишкердик ишинде пайдалануу үчүн берилгендерден башкасы
6.4
Көрүстөндөр
6.5
Диний табынуу объекттери
6.6
Жаратылышты коргоо, санитардык-тазалоо максатында жана өрт коопсуздугу үчүн пайдаланылуучу обьекттер
6.7
Продукт өткөргүч түтүктөр, каттам жолдору (анын ичинде автомобиль жолдору), байланыш жана электр берүү линиялары, подстанциялар, ошондой эле аларды эксплуатациялык абалда кармап туруу максатында тургузулган курулмалар
6.8
Шаардык жүргүнчүлөр транспорту (таксиден, анын ичинде маршруттук таксиден тышкары). Шаар четиндеги каттамда жүргүнчүлөрдү ташууда жалпы пайдаланылган автомобиль транспорту (таксиден, аны ичинде маршруттук таксиден тышкары)
6.9
Коммуналдык транспорт (таштанды ташыгыч, суу сепкич жана кар тазалагыч машиналар)
6.10
Эгин жыйноочу комбайндар
6.11
Лифттер
6.12
Салык төлөөчүлөрдүн балансында турган жана ишкердик ишинде пайдаланылбаган жарандык коргонуу жана мобилизациялык багыттагы объекттер
6.13
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн (өсүмдүк өстүрүүчүлүк, малчылык, балыкчылык, балык өстүрүүчүлүк, канаттууларды өстүрүүчүлүк) турак жай эмес имараттары, курулмалары жана бөлмөлөрү үчүн мүлк объекттери
6.14
Электр жылуулук, телекоммуникациялар тармактарында изин суутпай издөө иш-чаралар системасынын техникалык каражаттары
6.15
Жалпы жарандык багыттагы турак жай-коммуналдык жана башка шаардык чарба объекттери (шаардык тротуарлар, парктар, шаардык скверлер, фонтандар)
6.16
Менчик турак жайга үлүштүк укугу бар шериктештикке жана турак-жай кооперативине таандык мүлк объекттери
6.17
Ишкердик ишинде пайдаланылбаган, жеке жактардын өзүнчө пайдалануу үчүн бөлүнүп берилген турак эмес жайлары:
– көп кабаттуу үйдүн жер астындагы бөлүгүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайлар;
– көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан, аянты 12 кв. м ашпаган кампалар, кургаткыч жайлары жана башка жайлар
7
Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү системаларынын объекттери
7.1
газ бөлүштүрүүчү станциялар
7.2
газ өткөргүчтөр
7.3
газ жүргүчтөр
7.4
жер алдындагы газ сактагычтар жана чыгаруучу компрессордук станциялар
7.5
компрессордук станциялар
7.6
компрессордук станцияларды магистралдык газ түтүктөрүнө кошуучу түйүндөр
7.7
газ түтүктөрүн электрохимиялык коргоочу түзүлүштөр
7.8
газ түтүктөрүнүн тазалоочу түзүлүштөрүн кабыл алуучу жана ишке киргизүүчү түйүндөр
7.9
газды редукциялоо түйүндөрү
7.10
газды өлчөө түйүндөрү
7.11
газ бөлүштүрүүчү станциялардын жана газ өлчөөчү түйүндөрдүн операторлорунун үйлөрү
7.12
газ өткөргүчтөрдү линиялык кыдыруучулардын үйлөрү
7.13
газды жөнгө салуучу пункттар
7.14
автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар
7.15
газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү системаларынын объекттерине кирүүчү жолдор
8
Каржылоо үлүшүнө карабастан бюджеттен каржылануучу жана/же атайын казыналык эсептерде топтолуучу каражаттары бар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, муниципалдык мекемелердин объекттери; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын, Депозиттерди коргоо фондунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аларга бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу же менчигинде мүлкү бар объекттери, буга мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга келишим боюнча акы төлөнүүчү же акысыз пайдаланууга берилген объект же анын бөлүгү, ошондой эле эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок үчүн пайдаланылуучу объекттер кирбейт.
9
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана/же уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы башкы компанияга таандык болгон туунду чарбалык коомдорго мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер тилкелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
14-тиркеме
Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ордун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ордун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсүнүн ортосунда жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишим (контракт);
2) Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү мүчө мамлекеттеринин бухгалтердик эсепке алуу талаптарына ылайык жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү фактысын ырастоочу документтер;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтер.
15-тиркеме
Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
1. Товарлардын экспортун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аларга карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тиркемелерди эсепке алуу менен, алардын негизинде товарлардын экспорту ишке ашырыла турган келишимдер (макулдашуулар) (мындан ары - келишимдер (макулдашуулар), товарлардын лизинги учурунда - финансылык ижара (лизинг) келишими, буюм-терим түрүндө зайымды берүүдө - буюм-терим түрүндөгү зайымды берүүнү караштырган келишимдер (макулдашуулар), товарларды даярдоо келишимдери (макулдашуулары);
2) аймагына товарлар импорттолгон Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекетинин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) тууралуу белгиси менен салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук арыздын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү;
3) ЕАЭБдин бир мүчө мамлекетинин аймагынан ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин аймагына товарларды ташууну ырастоочу, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
5) акча каражатынын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастаган документтер;
6) сырткы соодадагы товар алмашуу (бартердик) операциялары боюнча келишим (макулдашуу);
7) лизингдин предмети болуп саналган товарлардын баштапкы наркынын ордун толтуруу бөлүгүндө лизингдик төлөмдүн кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастаган документтер;
8) интеллектуалдык менчиктин объектине укугу, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин объектин экспорттогон учурда - анын наркы жөнүндө интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы.
2. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагында кайра иштетүү үчүн ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагына ташып чыгарылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларынын экспортун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимдери (макулдашуулары);
2) алардын негизинде кайра иштетүү продуктуларынын экспортун ишке ашыруучу келишимдер (макулдашуулар);
3) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу фактысын ырастаган документтер;
4) иштетип алма чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми иштетип алма чийки затты магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча ташууда салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
5) аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) тууралуу белгиси менен салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук арыздын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү;
6) ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми кайра иштетүү продуктуларын магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча ташуу учурунда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
7) акча каражаттарынын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастаган документтер;
8) кошумча нарк салыгынын кайтарып берилүүчү суммасын аныктоодо тышкы соодадагы товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча кайра иштетүү продуктуларын экспорттоодо алынган, товарлардын импортун (жумуштарды аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) ырастаган келишимдер (макулдашуулар), ошондой эле документтер;
3. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагында кайра иштетүү үчүн ташып чыгарылган иштетип алма чийки заттын кайра иштетүү продуктуларын ЕАЭБдин мүчөсү болбогон мамлекеттин аймагына экспорттоону ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимдери (макулдашуулары);
2) алардын негизинде кайра иштетүү продуктуларынын экспорту ишке ашырылган келишимдер (макулдашуулар);
3) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу фактысын ырастаган документтер;
4) иштетип алма чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми иштетип алма чийки затты магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча ташууда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
5) кайра иштетүү продуктуларын ЕАЭБдин чегинен сырткары ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми кайра иштетүү продуктуларын магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча ташууда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
6) экспорттун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарган ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин бажы органынын белгиси менен, ошондой эле ушул Тизмектин 3-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн учурлардан сырткары, ЕАЭБдин бажы чек арасындагы өткөрүү пунктунда жайгашкан ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин бажы органынын белгиси менен жүк ташуунун бажы декларациясы;
7) бажылык декларациялоону жүргүзүүчү ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин бажы органынын белгиси менен жүк ташуунун толук бажы декларациясы төмөнкү учурларда берилет:
- магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы боюнча же электр берүү линиялары боюнча экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда;
- мезгилдүү декларациялоонун жол-жоболорун колдонуу менен экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташып чыгууда;
- убактылуу декларациялоонун жол-жоболорун колдонуу менен экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташып чыгууда.
8) салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, түшкөн акча каражатынын кассага же салык төлөөчүнүн банк эсебине түшкөнүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү.
16-тиркеме
Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) ошол эле мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер (макулдашуулар);
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча иштерди аткаруу фактысын ырастаган документтер;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затгы ташып киргизүүнү ырастаган документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында иштетип алма чийки затты ташып киргизүү жөнүндө кабарлама;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгарууну ырастаган документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгаруу жөнүндө кабарлама;
5) аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) тууралуу белгиси менен салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук арыздын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү;
6) Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда салык төлөөчүнүн банктык эсептерине валюталык акчанын түшкөнүн ырастаган документтер;
7) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу.
17-тиркеме
Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлгөн даяр продукцияларды жеткирүүгө карата иштетип алма чийки затты кайра иштетүүгө келишимдер (макулдашуулар);
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча иштерди аткаруу фактысын ырастаган документтер;
3) иштетип алма чийки затты жана даяр продукцияны кайра иштетүү продуктуларын кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затты ташып киргизүүнү ырастоочу документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында иштетип алма чийки затты ташып киргизүү жөнүндө кабарлама;
5) Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгарууну ырастоочу документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгаруу жөнүндө кабарлама;
6) аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) тууралуу белгиси менен салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук арыздын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү;
7) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу;
8) түшкөн акча каражатынын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастоочу документтер.
18-тиркеме
Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Кайра иштетилген продуктуну кийин ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтер төмөнкүлөр:
1) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер (макулдашуулар);
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтер;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затты ташып кирүүнү ырастоочу документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү жөнүндө кабарлама;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастоочу документтер, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу жөнүндө кабарлама;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттин аймагына товарларды ташып чыгарууда бажы декларациясын ишке ашыруучу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин бажы органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык таризделген бажы декларациясынын көчүрмөсү;
6) салык органдарынын маалыматтык системасында иш жүзүндө ташып чыгарылган товарлар жөнүндө бажы органдарынын билдирүүсү бар, ошондой эле товарлардын экспортун ырастоочу документ болуп эсептелген электрондук документ түрүндөгү бажы декларациясы. Бул пунктчада каралган товарларга бажылык декларация электрондук документ түрүндө болгондо ушул Тизмектеги 5-пунктчасында белгиленген документти көрсөтүү талап кылынбайт;
7) акча каражаттын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастоочу документтер;
8) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу.
19-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кошумча нарк салыгы жана акциздик салык боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
Товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине ташып чыгарууда кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салыктык отчеттуулук менен бирге салыктык катталган жери боюнча салык органына берилүүгө тийиш болгон документтер:
1) аймагына товарлар (анын ичинде иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү продуктулары) импорттолгон ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) тууралуу белгиси менен салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук арыздын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү;
2) товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын ордуна "Бош кампа" жана "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жоболору алдында товар импорттолгон мамлекетке товарларды жайгаштырууда товар алуучунун бажы декларациясы;
3) товарларды жеткирүү келишиминин (контракттын) салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) акча каражатынын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшкөнүн ырастоочу документтердин салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
20-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткарууда) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна тиркелүүчү документтердин тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продукттары болуп саналган товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу менен бирге салыктык катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө берилүүгө тийиш болгон документтер:
1) товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө салык төлөөчүнүн электрондук санариптик колу коюлган арыз (арыздар);
2) импорттолгон товарлар үчүн кыйыр салыктарды төлөө боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышын ырастоочу төлөм документтери, алар төмөнкү учурларда берилбейт:
– салык төлөөчүнүн жеке эсебинде салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы болгондо, алар бул төлөмдөрдү төлөө эсебине чегерилүүгө тийиш;
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарды төлөөдөн бошотуунун болушу;
3) ЕАЭБдин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып өтүүнү ырастаган товар коштоочу документтер (CMR, авиа же т/ж коштомо кагазы) жана коштоочу коштомо кагаздар;
4) эгерде аларды коюу (жазып берүү) ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин мыйзамдарында каралган учурда товарларды жөнөтүүдө ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралар.
Эгерде эсеп-фактураны коюу (жазып берүү) ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин мыйзамдарында каралбаса же болбосо товарлар ЕАЭБдин мүчөсү болбогон мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн сатып алынса, анда салык органына эсеп-фактуранын ордуна сатуучу койгон (жазып берген), импорттолгон товарлардын наркын ырастаган башка документ берилет;
5) ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон сатып алынган товарлардын негизиндеги келишимдер (контракттар), товарлардын лизинги (лизингдин предмети) болгон учурда – лизинг келишими (контракты), буюм түрүндө зайымдарды берүү учурунда – зайымдык келишимдер, товарларды даярдоо тууралуу келишимдер (контракттар), иштетип алма чийки затты кайра иштетүүгө карата келишимдер (контракттар);
6) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсү же болбосо ЕАЭБдин мүчөсү болбогон мамлекеттин салык төлөөчүсү берген (уюмдун жетекчиси же жеке ишкер кол койгон жана ЕАЭБдин мүчөсү үчүнчү мамлекеттин аймагынан импорттолгон товарларды сатуучу уюмдун же жеке ишкердин мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлгөн) ЕАЭБдин мүчөсү үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсү жөнүндө төмөнкү маалыматтары жана ЕАЭБдин мүчөсү ушул үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишим (контракт) тууралуу, импорттолгон товарды сатып алуу жөнүндө маалыматтык билдирүү (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259, 260-беренелеринде каралган учурларда):
– адамды ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсү катары идентификациялоочу номер;
– ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсүнүн (уюмдун, жеке ишкердин) толук аталышы;
– ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсүнүн жайгашкан (жашаган) жери;
– контракттын (келишимдин) номери жана датасы;
– спецификациясынын номери жана датасы.
Эгерде ЕАЭБдин товар сатып алынган мүчө мамлекетинин салык төлөөчүсү сатылып жаткан товардын менчик ээси болуп саналбаса (агент, принципал болсо), анда ушул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасынын 2–6 абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар сатылып жаткан товардын менчик ээсине карата да берилет. Маалыматтык билдирүү чет тилде берилген учурда кыргыз жана/же орус тилдерине котормосу (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормо) милдеттүү түрдө болууга тийиш. Эгерде ушул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасында каралган маалыматтар ушул Тизмектин 1-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн келишимде (контрактта) камтылган учурда, маалыматтык билдирүү берилбейт;
7) комиссиянын келишимдери (контракттары), тапшырмалар же агенттик келишим (контракт) (алар түзүлгөн учурда);
8) келишимдер (контракттар), алардын негизинде комиссиянын келишимдери же тапшырмалар боюнча ЕАЭБдин мүчөсү башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар сатып алынат (импорттолуучу товарлар боюнча кыйыр салыктар принципал же агент тарабынан төлөнгөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259, 260-беренелеринде каралган учурларда).
2. Жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактан товар сатып алууда ушул Тизмектин 1-пунктунун 4, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлардын алынгандыгын (же сатып алынгандыгын) ырастаган документтер (анын ичинде контролдук-кассалык машинанын чектери, товардык чектер, сатып алуу актылары) көрсөтүлөт.
3. Лизинг келишими (контракт) боюнча КНСти биринчи төлөөдө салык төлөөчү салык органына ушул Тизмектин 1-пунктунун
1–8-пунктчаларында каралган документтерди берет. Андан ары салык төлөөчү салык органына салык отчеттуулугу менен бир убакта ушул Тизмектин 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында каралган документтерди берет.
4. ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар сапаты жана (же) комплектациясы талаптагыдай эмес болгондуктан жарым-жартылай кайтарылган учурда, ушул Тизмектин 1-пунктунда каралган документтер менен бирге төмөнкү документтер берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын салык органынын өкүлү менен бирге, анын ичинде товар жок кылынган учурда түзгөн экспертизасынын актысы (“Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу адамынын электрондук колу коюлган документтин түп нускасы же электрондук варианты);
2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган доомат;
3) келишимдин (контракттын) катышуучуларынын ортосундагы
ТЭИ ТН кодун, товардын өлчөө бирдигин, санын жана аталышын көрсөтүү менен түзүлгөн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (кайтарылган товарлар ташылбаган учурда);
4) транспорттук (товар коштоочу) документтер (кайтарылган товарлар ташылган учурда);
5) товарларды кайтарып берүүдө сатуучу тарабынан коюлган (жазып берилген) оңдоп-түзөөчү эсеп-фактура же башка документ.
5. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар сапаты жана (же) комплектациясы талаптагыдай болбогондуктан толугу менен кайтарылган учурда, салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкү документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө кайрылууну берет:
1) Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын салык органынын өкүлү менен бирге, анын ичинде товар жок кылынган учурда түзгөн экспертизасынын актысы (“Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу адамынын электрондук колу коюлган документтин түп нускасы же электрондук варианты);
2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган доомат;
3) ТЭИ ТН кодун, товардын өлчөө бирдигин, санын жана аталышын көрсөтүү менен түзүлгөн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (кайтарылган товарлар ташылбаган учурда);
4) транспорттук (товар коштоочу) документтер (кайтарылган товарлар ташылган учурда);
5) товарларды кайтарып берүүдө сатуучу тарабынан коюлган (жазып берилген) оңдоп-түзөөчү эсеп-фактура же башка документ.”.
21-тиркеме
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эсеп-фактура (инвойс) - салык мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;
2) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) - CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын ордуна КМШ өлкөлөрүнүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;
3) CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазы - жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 22 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 10
Цитата келтиргендер (23)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 11 "Мамлекеттик маанидеги долбоорлордун статусуна ээ долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик ишканаларды…Постановление · 16.01.2026 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2012 · № 158
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин…Постановление · 08.06.2017 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз…Постановление · 07.07.2023 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 16.12.2022 · № 705
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну…Постановление · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык…Положение · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы №653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2011 · № 653 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 "Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин…Постановление · 31.07.2015 · № 550 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 "Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу)…Постановление · 01.06.2017 · № 328 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.11.2016 · № 616 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 токтому менен бекитилген "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 11.11.2013 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2020 · № 599 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189…Постановление · 24.11.2017 · № 773 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 792 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 20.11.2015 · № 792 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (22)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө…Постановление · 23.08.2024 · № 497
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2012 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз…Постановление · 07.07.2023 · № 342
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну…Постановление · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы №653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2011 · № 653 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 "Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин…Постановление · 31.07.2015 · № 550 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.11.2016 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 "Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу)…Постановление · 01.06.2017 · № 328 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2020 · № 599 · Күчүн жоготкон
22 ичинен 18 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)Положение · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү…Порядок · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерине ылайык пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган мүлктү акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп…Порядок · 30.04.2022 · № 236
- Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо тартибиб (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)Порядок · 30.04.2022 · № 236
- Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган…Порядок · 30.04.2022 · № 236
- Бонусту эсептөө тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)Порядок · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 13.09.2023 · № 470
- Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу…Порядок · 11.04.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)Порядок · 30.04.2022 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтому менен бекитилди)Порядок · 30.04.2022 · № 236 · Күчүн жоготкон