Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо тартиби (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2025 года № 533 "О внесении изменений в некоторые постановления Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере налогообложения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-28.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)
Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо тартибин белгилейт.
2-глава. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражаттарынын наркын аныктоо тартиби
2. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен түзүлгөн туруктуу комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан аныкталат.
3. Комиссия салык кызматынын органынын, транспорт каражаттарын каттоону жана кайра каттоону ишке ашыруучу органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка жагынан камсыздоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жүзөгө ашырат.
4. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо үчүн салык кызматынын органы Комиссияга жазуу жүзүндө кайрылууга милдеттүү.
5. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражаттарынын наркын аныктоонун жыйынтыгы акт менен төрт нускада таризделет, алар мүлк объекти боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн салык кызматынын органына, транспорт каражаттарын каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашыруучу органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, ошондой эле тиешелүү түрдө мүлк объектин иш жүзүндө пайдалануучуга берилет.
6. Мүлк объекти боюнча салыктык милдеттенме Комиссия тарабынан акт таризделген күндөн тартып эсептелүүгө же кайра эсептелүүгө тийиш.
7. Мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги, өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
8. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо үчүн Комиссиянын мүчөлөрүнүн мүлк объектин текшерүүгө кирүүсүн камсыз кылууга;
2) мүлк объектине байланыштуу түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, маалыматтарды берүүгө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.