Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө» Жобосу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 236 "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики, а также норм приложения 18 к Договору о Евразийском экономическом союзе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 токтому менен бекитилген
Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул жобо кийинки календардык жылга карата киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин (мындан ары - МЭК) өлчөмүн аныктоонун методикасын белгилейт.
2. Мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде, өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын 40 пайыз өлчөмү, кийинки календардык жылга карата МЭКтин өлчөмүн аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
3. МЭКти эсептөөдө төмөнкү факторлордун таасири жокко чыгарылат:
1) жалпысынан өлкө боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен бир кыйла ашкан жогорку эмгек акы деңгээли;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштөө үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин эсебинен куралган эмгек акыга кошумча төлөмдөр.
4. МЭК мамлекеттик статистикалык органдын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматтарынын негизинде, орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалардын жана уюмдардын маалыматтарын эске албастан жыл сайын, төмөнкү методика боюнча аныкталат:
МЭК = (ЭАОӨ - КТОӨ) х 40%, мында
МЭК - бир айдагы минималдык эсептик киреше; ЭАОӨ - бир айдагы эмгек акынын орточо өлчөмү; КТОӨ - бир айдагы бийик тоолуу жана алыскы аймактар боюнча эмгек акыга кошумча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 "Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 615 · Күчүн жоготкон