Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 236 "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики, а также норм приложения 18 к Договору о Евразийском экономическом союзе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-ноябры № 773 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналган инженердик тармактарды адистештирилген уюмдун балансына акысыз өткөрүп берүү мүлктүн жеке менчик ээси тарабынан негизги объектти эксплуатациялоого киргизүү боюнча белгиленген тартипте берилген жана катталган актынын негизинде жүргүзүлөт. Мүлктүн жеке менчик ээсинин жана адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жактары инженердик тармактарга техникалык инвентаризация жүргүзөт жана инвентаризациялоо актысын түзөт. Ыйгарым укуктуу жактардын иштеринин жыйынтыктары боюнча жана инвентаризациялоо материалдарынын негизинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүү актысы эки нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
- биринчи нускасы - адистештирилген уюмга;
- экинчи нускасы - инженердик тармактарды өткөрүп берүүчү уюмга.";
- 5-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "комиссиянын курамына" деген сөздөр алып салынсын, "киргизилет" деген сөз "кирген комиссия түзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-1-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "комиссиянын курамына" деген сөздөр алып салынсын, "киргизилет" деген сөз "кирген комиссия түзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун экинчи абзацындагы "тиркемесине" деген сөз "2-тиркемесине" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесиндеги "тартибине тиркеме" деген сөздөр "тартибине 2-тиркеме" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
- Тартип ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 1-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Тиркеме
"Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибине 1-тиркеме
Форма Инженердик тармактарды кабыл алуу-өткөрүү АКТЫСЫ __________________________________________________________ (объекттин аталышы, жайгашкан жери) 20__-жылдын "__" ____________ № ___ _________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ негизинде, __________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ жеке менчигине өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекске кирген инженердик тармактарга инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Кабыл алуу (өткөрүү) учурунда инвентаризациялоо актысына ылайык ___________________________________________________________________________________ негизги каражаттардын наркы ______________________________________ миң сомду түздү. Инженердик тармактардын алгачкы наркы ___________________________________ миң сом. Инженердик тармактардын эскирүүсүнүн суммасы ____________________________ миң сом. Инженердик тармактардын калдык суммасы _________________________________ миң сом. Техникалык абалын эске алуу менен инженердик тармактардын кыскача мүнөздөмөсү:
1. _________________________________________________________________________________
2. _________________________________________________________________________________
3. ______________________________________________________________________________ ж.б.
Корутунду: _________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ Тиркемелер:
1. Инвентаризациялоо актысы __________________________ барак.
2. Техникалык документтер ____________________________ бирдик.
3. Чиймелер, схемалар ж.б.
3.1. _______________________________________________________________________________
3.2. _______________________________________________________________________________
3.3. _______________________________________________________________________________
(аталышы жана барактардын саны)
Мүлктүн жеке менчик ээси
__________________________________________
(колу, аты-жөнү)
Адистештирилген уюмдун жетекчиси
__________________________________________
(колу, аты-жөнү)
Мүлктүн жеке менчик ээсинин ыйгарым укуктуу жагы
_______________________________________
(колу, аты-жөнү)
Адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жагы
__________________________________________
(колу, аты-жөнү)
Өткөрүп берген:
________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Кабыл алган:
__________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык…Постановление · 26.12.2019 · № 9
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 10/11 (Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп…Постановление · 26.11.2019 · № 10/11
- Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу…Порядок · 11.04.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 236
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон