Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн. IX бөлүм. Медициналык кызматтар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 мая 2024 года № 288 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-29.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
IX “Медициналык кызматтар"
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-октябрындагы № 720, 2017-жылдын 1-январындагы № 20, 2018-жылдын 20-июнундагы № 294, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 665, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 239, 2022-жылдын 12-июлундагы № 370, 2023-жылдын 24-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IX. Медициналык кызматтар
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат аталышы көрсөтүүнүн
Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 1-пункт
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КР KM):
- КР КМ аскердик бейтапканасы;
- КР КМ аскердик госпиталы 44549-аскер бөлүгү (мындан ары - а/б);
- КР КМ аскердик госпиталы 34594-а/б;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - КРИИМ);
КР ИИМ Аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары - АДК);
- Ош облустук ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын АДКсы (мындан ары - ИИБ МК АДК);
Штаттан тышкаркы АДК:
- Ысык-Көл облустук ИИБ МК АДК;
- Нарын облустук ИИБ МК АДК;
- Жалал-Абад облустук ИИБ МК АДК;
- Талас облустук ИИБ МК АДК;
- Баткен облустук ИИБ МК АДК
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандары:
- жогорку аскер окуу жайларына тапшыруучулар;
- контракт боюнча аскердик кызматка чакырылгандар;
- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (Бишкек ш.) аскердик кафедрасында окуган студенттер, аларды кабыл алууда жана окуусун аяктоодо;
- КР ИИМдин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) кызматка кабыл алынуучулар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) жобону бекитүү тууралуу" токтому
5
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы
Аскердик кызматка, ички иштер органдарындагы кызматка, окуу жайына кирүүгө даярдыктын даражасы жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда;
- жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө), анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана кыймыл-таяныч аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка, жайларга тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалган;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Имаратта күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борборлоштурулган суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда - короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефон бар. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү
КР КМ: кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү катары менен 2 күндөн ашык эмес. Өзгөчө учурларда, жеке көрсөткүчтөр болгондо жалпы мөөнөт 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Биринчи күнү:
- канды, заараны жалпы анализге тапшыруу - 15 мүнөт;
- көкүрөк клетка органдарынын флюорографиясы - 20 мүнөт.
Экинчи күнү:
- дарыгер-адистердин кароосу 3 сааттан ашык эмес;
- күбөлөндүрүү жана аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маалымкат берүү - 15 мүнөткө чейин. КР ИИМ: кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 3 жумуш күнүнө чейин.
Кошумча медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда мөөнөттөр 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Биринчи күнү:
- документтерди кабыл алуу - 30 мүнөткө чейин;
- дарыгер-эксперттердин кароосу - 4 сааттан ашык эмес.
Экинчи күнү:
- канды, заараны анализге тапшыруу, наркотест берүү, көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы 1 сааттын ичинде, В, С гепатитине, ВИЧке кандын анализи - 3 күнгө чейин;
- психологиялык тесттерди тапшыруу - 2 сааттын ичинде.
Үчүнчү күнү:
- психиатр жана психолог менен маектешүү - 30 мүнөткө чейин;
- токтомду кабыл алуу жана маалымкат берүү - 30 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү мaалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- КР КМдин расмий сайтынан (mil.gov.kg);
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg);
- КР КМдин коомдук кабылдамасынан;
- КР КМдин аскердик бейтапканасынан;
- КР КМдин 44549-а/б аскердик госпиталынан;
- КР КМдин 34594-а/б аскердик госпиталынан;
- жашаган жери боюнча райондук, шаардык аскер комиссариаттарынан;
- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы аскердик кафедрасынан (Бишкек ш.).
Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Даректер, ишеним телефонунун номери, бейтапкананын, госпиталдардын, КР КМдин жооптуу башкармалыгынын телефондорунун номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты аскер комиссариаттарынын маалымат такталарында, КР КМдин расмий сайтында жайгаштырылат. КР ИИМ:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg);
- төмөнкүлөрдө жайгашкан маалымат такталарынан:
- ИИМ АДК - Бишкек ш., Киев көч., 58;
- Ош облустук АДК - Ош ш., Ленин көч., 199;
- Жалал-Абад облустук АДК - Жалал-Абад ш., Шопоков көч., 37;
- Нарын облустук АДК - Нарын облусунун ИИБ имараты, Нарын ш., Ленин көч., 27;
- Ысык-Көл облустук АДК - ИИБ имараты, Каракол ш., Кутманалиев көч., 146а;
- Талас облустук АДК - Талас ш., Бердике-Батыр кеч., 200-үй, 1-бат.;
- Баткен облустук АДК - Баткен ш., Раззаков көч., 4.
Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кызмат көрсөтүүчү мекемелердин тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге КР ИИМдин маалымат такталарына, расмий сайтына (mvd.gov.kg) жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- КР КМ аскердик-медициналык башкармалыгына кайрылганда;
- ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бейтапканага жана госпиталдарга кайрылганда;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын, ЖОЖдордун аскердик факультеттеринин (кафедраларынын) такталарында;
- КР КМ жана КР ИИМдин расмий сайттарында;
- КР ИИМ ИИБ кадрлар бөлүмдөрүндө;
- ушул стандарттын 8-пунктунда көрсөтүлгөн КР ИИМ штаттык жана штаттан тышкаркы АДКларынын маалымат такталарында;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызмат көрсөтүүчү жогоруда аталган уюмдардын кабинеттеринин каалгаларында көрсөткүчтөрү бар табличкалар болууга тийиш. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык-сыпаа, ак ниет, адептүү, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешти угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербейт, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыз кылат, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбайт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана суроо-талапка ылайык берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: КР КМ:
1. Каттоо жайына кайрылып, төмөнкүлөрдү берүүгө:
- инсандыгын ырастоочу документ (паспорт, аскердик билет);
- аскер комиссариатынан жолдомо, же жогорку окуу жайдын аскер факультетинде, аскер кафедрасында окуган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жалпы тизмеси берилет;
- амбулатордук карта ф. № 025/У же аскер кызматчысынын медициналык китепчеси;
- психоневрологиялык, наркологиялык, кургак учук диспансерлеринен маалымкаттар.
Жогорку аскердик окуу жайларына тапшыргандар жана контракт боюнча аскердик кызматка чакырылгандар Республикалык "СПИД" борборунан маалымкат бериши керек. Мурда аскер кызматынан бошотулган адамдар өздүк делосунан көчүрмө тапшырышы керек.
2. Кызмат көрсөтүүнүн наркын мекеменин кассасына төлөөгө жана төлөгөндүгү тууралуу квитанция алууга.
3. Адистердин текшерүүсүнөн жана экспертизасынан өтүүгө.
4. Мекеменин улук медайымынан күбөлөндүрүлгөн маалымкат алууга.
КР ИИМ: комиссияга келгендер:
1. Каттоо жайына кайрылып, төмөнкүлөрдү бериши зарыл:
- КР ИИМ кадрлар бөлүмүнөн жолдомо;
- аскердик билет (каттоо күбөлүгү), паспорт;
- 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
- психиатриялык жана наркологиялык борборлордон же кабинеттерден каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымкаттар;
- жашаган жери боюнча бейтапканадан амбулатордук картадан алынган көчүрмө.
Мурда ички иштер органдарынан бошотулган адамдар кызматтан бошотуунун себеби жөнүндө буйруктан көчүрмө берүүгө тийиш.
2. Кызмат көрсөтүүнүн наркын кассага төлөөгө жана төлөгөндүгү тууралуу квитанция алууга.
3. Адистердин кароосунан жана текшерүүсүнөн өтүүгө.
4. Мекеменин медайымынан белгиленген формадагы күбөлөндүрүлгөн корутунду алууга
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КР КМ жана КР ИИМ жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүүчү мекемелердин маалымат такталарында жана КР КМ жана ИИМдин расмий сайттарында жайгаштырылган. Баткен облусунун ИИБ МК АДКсы облустун калкына акысыз кызмат көрсөтөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулук;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагындыгы;
- жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарына шайкештиги: имаратка, жайга жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болуусу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүгү;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сылыктыгы жана сыпайылыгы, керектүү документтерди толтурууга кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда саналган, зарыл болгон документтерди бербегенде
17
Даттануу тартиби
Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө КР КМдин жана КР ИИМдин жетекчилигине даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер 1 күндүн ичинде даттанууну каттоого алат жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды кароо КР КМдин жана КР ИИМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүү мөөнөтү, ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда керектөөчү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турушу керек
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Алдын ала эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, (тизмеги) 2-бап, 3-пункт
2
Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти; Республикалык иммунопрофилактикалоо борбору; Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондук, шаардык борборлору; облустук, райондук, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар, жалпы дарыгердик практика борборлору. Дарылоо-алдын алуу уюмдарынын тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык. Календарь дарылоо-алдын алуу уюмдардын такталарында жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгаштырылат
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу";
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Эмдөө алуу жана вакцина түрүнүн аталышын, дозасын, иммунобиологиялык дарынын сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен алдын ала эмдөө алуусу жөнүндө алдын ала эмдөөлөрдү эсепке алуу картасында (063/у, 112/у формалар) белги коюу
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, же болбосо, эгерде бөлмөгө көтөрүлө алышпаса, кызматчы аларга арызын алуу үчүн өзү түшөт
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Врачтын медициналык кароосу жана алдын ала эмдөө жүргүзүү үчүн уруксат алуу - 5-10 мүнөт. Эмдөө жүргүзүү процедурасы - 10-15 мүнөт. Жасалган эмдөөлөрдү эсепке алуу документтеринде каттоо - 5 мүнөт. Поствакциналык мезгилде медициналык байкоо жүргүзүлөт:
- медициналык мекемеде алдын ала эмдөө алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде;
- инактивациялык вакциналык дарыларды алгандан кийин 2-күнү;
- тирүү вакциналарды алгандан кийин 7 жана 12-күнү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg. ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынан: www.foms.kg:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине, Республикалык иммунопрофилактикалоо борборуна жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык иммунопрофилактикалоо борборунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык иммунопрофилактикалоо борборунун тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Дарылоо-алдын алуу уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер-тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүдө төмөнкүлөр болушу керек:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (жашы жетпеген балдар үчүн)
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат:
- алдын ала эмдөөлөрдүн календарында аныкталган жаш курагына жетпеген учурда;
- медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн болушу
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси дарылоо-алдын алуу уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Алдын ала эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилбеген алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, (тизмеги) 2-бап, 4-пункт
2
Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); облустук, райондук, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар, жалпы дарыгердик практика борборлору. Дарылоо-алдын алуу уюмдарынын тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар
4
Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу";
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Эмдөө алуу жана вакцина түрүнүн аталышын, дозасын, иммунобиологиялык дарынын сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен алдын ала эмдөө алуусу жөнүндө алдын ала эмдөөлөрдү эсепке алуу картасында (063/у, 112/у формалар) белги коюу
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, же болбосо, эгерде бөлмөгө көтөрүлө алышпаса, кызматчы аларга арызын алуу үчүн өзү түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Алдын ала эмдөө жүргүзүү үчүн врачтын медициналык кароосу жана уруксат алуу - 5-10 мүнөт. Эмдөө жүргүзүү процедурасы - 5-10 мүнөт. Жасалган эмдөөлөрдү эсепке алуу документтеринде каттоо - 5 мүнөт. Поствакциналык мезгилде медициналык байкоо жүргүзүлөт:
- медициналык мекемеде алдын ала эмдөө алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде;
- инактивациялык вакциналык дарыларды алгандан кийин 2-күнү;
- тирүү вакциналарды алгандан кийин 7 жана 12-күнү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташгырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери;
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын: www.med.kg: ошондой этте ОАА МСЭКДнын сайты: www.dgsen.kg:
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Дарылоо-алдын алуу уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн паспорту же жарандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болушу керек
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg жайгашкан баалардын прейскурантында кызмат көрсөтүүнүн наркы чагылдырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күткөнүнө дал келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат:
- алдын ала эмдөөлөрдүн календарында аныкталган жаш курагына жетпеген учурда;
- медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн болушу
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси дарылоо-алдын алуу уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү дарылоо-алдын алуу уюмунун жетекчисинин же болбосо жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карал чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө амбулатордук деңгээлде кеңеш берүү диагностикалык жардам көрсөтүү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 5-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, илимий-изилдөө институттар, улуттук, облустук, республикалык саламаттык сактоо борборлору, шаардык саламаттык сактоо уюмдары. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Иод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- кеңеш берүү (кароо, текшерүү, дарылоо дайындоо, рецепт жазып берүү);
- текшерүү, дарылоо сунуштары жана маалыматтары менен амбулатордук картадан жазып берүү (талап боюнча);
- ф. 095у формасындагы маалымкаты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча)
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөр карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабарлоо
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Саламаттык сактоо уюмуна биринчи жолу кайрылганда керектөөчү катталуу жол-жобосунан өтүшү керек, ал үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат);
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жеңилдиктерге укуктарын далилдеген документтерди;
- эгерде керектөөчү туруктуу катталбаган жерден кайрылган учурда, жергиликтүү аймактык башкармалыктын (кварталдык жана үй комитеттери) маалымкатын көрсөтүү керек.
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- тиешелүү адис боюнча маалымат алуу үчүн каттоочу жайга кайрылуу;
- тиешелүү адиске лабораториялык-диагностикалык изилдөөгө жолдомону көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- төмөнкү кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды жүргүзүү үчүн кайрылганда;
- чет жаккы тамырлардын, баш мээнин жана ички органдардын тамырларынын ангиографиясы;
- жүрөк кемтигинде ангиокардиография;
- гемосорбция;
- гемодиализ;
- компьютердик томография;
- коронарография;
- плазмоферез;
- ядролук-магниттик-резонанстык томография;
- литотрипсия
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги. телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн тышкары амбулатордук деңгээлде кеңеш берүү-диагностикалык жардамды көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 6-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, илимий-изилдөө институттар, улуттук, облустук, республикалык саламаттык сактоо борборлору, шаардык саламаттык сактоо уюмдары. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн жарандар. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Иод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес Оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча программа жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөөсү же бир нечеси болушу мүмкүн:
- консультация (кароо, текшерүү, дарылоону дайындоо, рецепт жазып берүү);
- текшерүү, дарылоо сунуштары жана маалыматтары менен амбулатордук картадан көчүрмө (талап боюнча);
- убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча);
- жаранды окуу жайына тапшыруу, жумушка орношуу, ооругандыгына же оорулууну карагандыгына байланыштуу жумуштан, окуудан убактылуу бошотуу, автомобиль айдоо укугун тастыктаган профессионалдык консультативдик дарыгердик корутунду
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, же болбосо, эгерде бөлмөгө көтөрүлө алышпаса, кызматчы аларга арызын алуу үчүн өзү түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөр карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери. брошюралары, буклеттери.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана, ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти);
- саламаттык сактоо уюмунун кассасына медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген);
- тиешелүү адиске кайрылуу;
- медициналык кызматкердин лабораториялык диагностикалык изилдөөгө жолдомосун көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күткөнүнө дал келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимге канааттанбаганда кызматты керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Медициналык тез жардам пункттары/станциялары жана бөлүмдөрүнүн амбулатордук деңгээлде шашылыш медициналык жардам көрсөтүүсү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 9-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Шашылыш медициналык жардам борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору. Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке адамдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- өлүмдү констатациялоо.
Керектөөчүнүн жеке суроо-талабы боюнча чакыруу картасынан көчүрмө берилет
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- уюмдарда күтүү үчүн орундар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган.
Чакырылган жерде (керектөөчүнүн жашаган жери же кырсык болгон жер) кызмат көрсөтүлгөн учурда тиешелүү медициналык аппаратурасы, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар тез жардам жардамы бар шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бригадасы аркылуу жүзөгө ашырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Медициналык шашылыш жардам бригадасын чакырган учурда керектөөчү кайрылган учурдан тартып кызмат көрсөтүлө баштайт. Чакырган жерде шашылыш жардам жекече, акыбалы туруктуу болгонго чейин көрсөтүлөт. Саламаттык сактоо уюмунда керектөөчүгө медициналык шашылыш жардам көрсөтүү ченемдик мөөнөтү белгиленбестен, керектөөчүнүн акыбалы туруктуу болгонго/каза болушуна чейин кезексиз көрсөтүлөт. Көрсөткүчтөр болгондо, саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери медициналык шашылыш жардам бригадасын бейтапты андан ары стационарга жаткыруу үчүн чакырат
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү-кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү Медициналык шашылыш жардам борборунун кызматкерлерин "103" телефону боюнча керектөөчү турган жерге чакырат же саламаттык сактоо уюмуна өзү келет
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилбейт
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү ден соолугун коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызматтын аталышы
Өмүргө коркунучтуу болгон абалдан чыгарууга чейин стационарларда медициналык шашылыш жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап. 10-пункт
2
Кызмат көргөзгөн мамлекетти органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); облустук бириккен ооруканалар; аймактык ооруканалар; илимий-изилдөө институттары; улуттук, облустук, шаардык, республикалык саламаттык сактоо борборлору. Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.ke берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында турган жеке адамдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо
6
Мамлекеттик кызмат көргөзүү шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо;
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- уюмдарда күтүү үчүн орундар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Өмүргө кооптуу абалдан чыгарууга чейин бейтап келип түшкөн учурдан тартып. Кызмат көрсөтүү убактысы - абалдын оордугуна жараша жеке каралат
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо уюмдардан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Өмүргө кооптуу абалдан чыгарууга чейин кандайдыр бир документтерди сурабастан же инсандыгын аныктабастан шашылыш жардам көрсөтүлөт
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилбейт
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлбөгөн медициналык жардамды стационар ордуна болуучу бөлүмдөрдө көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 11-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору. Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.ks берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук-негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө",
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар жана текшерүү, дарылоо маалыматтары менен стационардык бейтаптын картасынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо - бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
-жалпы ванна болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен.
Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун оордугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт стационардык картадан көчүрмөсүн, 095у формасындагы маалымкатты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо жазууга эсептелген)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), анын ичинде компетенциясына кирген мамлекеттик кызматтарды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- саламаттык сактоо уюмга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери. кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) көрсөтүү;
- саламаттык сактоо уюмунун кассасына медициналык кызматтын наркын төлөө, төлөөсү жөнүндө квитанция алуу;
- стационар ордуна болуучу бөлүмдүн адисине кайрылуу;
- саламаттык сактоо уюмунун адисинин жолдомосун көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: ДМЧА үчүн имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күткөнүнө дал келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- дарылык жардамды алуу үчүн көрсөтмөлөр болбогондо
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Пландуу көрсөтмөлөр боюнча, ошондой эле өмүргө кооптуу абалдан чыгаруудан кийин шашылыш көрсөтмөлөр боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө стационарларда дарылоо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 12-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, илимий-изилдөө институттар, улуттук, облустук, республикалык саламаттык сактоо борборлору. Саламаттык сактоонун уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча стационардык жардам алууга укуктары бар жарандардын. категориялар тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеги Саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматтык такталарында жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайтында жайгаштырылат
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык- санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык катары төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча)
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жалпы ванна (душ) болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен.
Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Ооруканага жаткыруу убактысы (оорунун оордугуна жараша жекече) - 3 саатка чейин. Эгерде керектөөчү - башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте туруу убактысы - 1 саатка чейин. Эгерде керектөөчү өмүргө кооптуу абалдан ошол эле саламаттык сактоо уюмунан чыгарылган болсо, анда ал ошол саламаттык сактоо уюмунун адистештирилген бөлүмүнө кезексиз которулат. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - жеке түрдө, керектөөчүнүн абалынын оордугуна жараша. Стационардык бейтаптын медициналык картасынан көчүрмөнү (же 095у формасындагы маалымкатты, же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) берүүгө убакыт - 1 саатка чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмунда жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке- кайрылуу жана телефон менен байланышуу.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- жеңилдиктерге укугун далилдеген документ;
- башка саламаттык сактоо уюмунан тиешелүү адиске жолдомо Кызмат алуу үчүн алгачкы кароо, текшерүүдөн өтүп, кийин ооруканага жаткыруу.
Ооруканага жаткырууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта текшерүүдөн өткөн бейтаптар стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана кеңеш берүү-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз госпиталдаштырылат
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде.
Пландуу ооруканага жаткырууда:
- ооруканага жаткыруу үчүн көрсөтмөлөрдүн, жолдомонун жоктугу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө ошол саламаттык сактоо уюм үчүн таандык эмес патология табылганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартты кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Пландуу көрсөткүчтөр боюнча, ошондой эле өмүргө кооптуу абалдан чыгарылгандан кийин шашылыш көрсөткүчтөр боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашыкча стационарларда дарылоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 13-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, илимий-изилдөө институттар, улуттук, облустук, республикалык саламаттык сактоо борборлору. Саламаттык сактоонун уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар. Медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча)
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жалпы ванна (душ) болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен.
Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Керектөөчүнүн каалоосу боюнча жуунгучу жана өзүнчө дааратканасы бар жеке палата (койка) берүү менен кызмат көрсөтүлөт
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Эгерде керектөөчү башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте туруу убактысы - 30 мүнөткө чейин. Эгерде керектөөчү өмүргө кооптуу абалдан ошол эле Саламаттык сактоо уюмунда чыгарылган болсо, анда ал ошол саламаттык сактоо уюмунун адистештирилген бөлүмүнө кезексиз которулат. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - жеке түрдө, абалынын оордугуна жараша. Стационардык бейтаптын медициналык картасынан көчүрмөнү (же 095у формасындагы маалымкатты, же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) берүүгө убакыт - 30 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- бардык саламаттык сактоо уюмдарында;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти);
- кийин госпиталдаштыруу менен баштапкы кароодон, текшерүүдөн өтүү;
- көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмунун кассасына акы төлөө (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген). Госпиталдаштырууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта алдын ала текшерүүдөн өткөн бейтаптарды госпиталдаштыруу стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык жана консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз жүргүзүлөт
13
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде.
Пландуу ооруканага жаткырууда:
- ооруканага жаткыруу үчүн көрсөтмөлөрдүн, жолдомонун жоктугу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө ошол саламаттык сактоо уюм үчүн таандык эмес патология табылганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Адистештирилген стационарларда (терапевттик, педиатриялык, хирургиялык, акушердик-гинекологиялык багыттагы ж.б.) Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 14-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); улуттук борборлор, республикалык мекемелер, илимий-изилдөө институттары, облустук бириккен ооруканалар, шаардык аймактык ооруканалар, Үй-бүлөлүк медицина борборлору
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк жарандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар менен стационардык картадан көчүрмө;
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жалпы ванна (душ) болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен.
Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Ооруканага жаткыруу убактысы (оорунун оордугуна жараша жекече) - 3 саатка чейин. Эгерде керектөөчү башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте күтүү убактысы - 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - керектөөчүнүн абалынын оордугуна жараша жекече. Стационардык бейтапка медициналык картадан көчүрмө берүү убактысы (же 095у формасындагы маалымкатты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) - 1 саатка чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмуна жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билети, пенсия күбөлүгү);
- жеңилдиктерге укуктарын далилдеген документ;
- башка саламаттык сактоо уюмунан тиешелүү адиске жолдомо;
- алгачкы кароо, текшерүүдөн өтүп, кийин ооруканага жаткыруу
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы. тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде.
Пландуу ооруканага жаткырууда:
- ооруканага жаткыруу үчүн көрсөтмөлөрдүн, жолдомонун жоктугу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө ошол саламаттык сактоо уюм үчүн таандык эмес патология табылганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү; жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартты кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Баштапкы деңгээлде жана адистештирилген стационарларда (терапевттик, педиатриялык, хирургиялык, акушердик-гинекологиялык багыттагы ж.б.) медициналык жардам көрсөтүү, анын ичинде жогорку жайлуулуктагы палаталарда (бейтаптын жогорку жайлуулуктагы шартта жатышы, жеке медициналык жана тиричилик тейлөө, заказ менен тамактануу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 15-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); улуттук борборлор, республикалык мекемелер, илимий-изилдөө институттары, Облустук бириккен ооруканалар, шаардык жана аймактык ооруканалар, жалпы дарыгердик практика борборлору, Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк жарандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар менен стационардык картадан көчүрмө;
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен.
Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Керектөөчүнүн каалоосу боюнча өзүнчө санитардык-гигиеналык жайы бар, өзүнчө тамактануу менен жеке палата (койка) берүү менен кызмат көрсөтүлөт
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Ооруканага жаткыруу убактысы оорунун оордугуна жараша жекече. Эгерде керектөөчү башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте күтүү убактысы - 15 мүнөткө чейин. Эгерде керектөөчү өмүргө кооптуу абалдан ошол эле Саламаттык сактоо уюмунда чыгарылган болсо, анда ал ошол саламаттык сактоо уюмунун адистештирилген бөлүмүнө кезексиз которулат. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - жеке түрдө, абалынын оордугуна жараша. Стационардык бейтаптын медициналык картасынан көчүрмөнү (же 095у формасындагы маалымкатты, же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) берүүгө убакыт - 15 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмуна жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, кез карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билети, пенсия күбөлүгү) көрсөтүү;
- кызмат алуу үчүн алгачкы кароодон өтүү, андан ары жатуу менен текшерилүү керек;
- көрсөтүлгөн кызмат үчүн саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөө
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- ооруканага жаткыруу үчүн көрсөтмөлөрдүн, жолдомонун жоктугу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө ошол саламаттык сактоо уюм үчүн таандык эмес патология табылганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартты кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Белгиленген квотанын алкагында медициналык жардамдын жогорку технологиялуу түрлөрүн көрсөтүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 16-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); улуттук борборлор, илимий-изилдөө институттары, республикалык саламаттык сактоо уюмдар, облустук бириккен ооруканалар. Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2002-жылдын 7-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө";
- 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар менен стационардык картадан көчүрмө;
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- уюмдарда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (УАСК, УАСМ, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет;
- жалпы ванна болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен;
- өзүнчө койка берүү менен;
- дарыгердин күн сайын кароосун, башчысынын жана зарыл болгондо - адистердин кеңеш берүүсүн камсыздоо менен тиешелүү деңгээлдеги дайындалган процедураларды жүргүзүү
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Ооруканага жаткыруу убактысы (оорунун оордугуна жараша жекече) - 3 саатка чейин. Эгерде керектөөчү башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте күтүү убактысы - 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - керектөөчүнүн абалынын оордугуна жараша жекече. Стационардык бейтапка медициналык картадан көчүрмө берүү убактысы (же 095у формасындагы маалымкатты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) - 1 саатка чейин, дароо кабыл алууну жана ооруканага жаткырууну талап кылган өтө оор бейтаптарды кошпогондо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында;
- саламаттык сактоо уюмунун сайты;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмуна жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат алуу төмөнкүлөр керек:
- КР жаранынын паспорту (ID картасы);
- жеңилдиктерге укуктарын далилдеген документ (майыптыгы жөнүндө күбөлүк, пенсиялык китепчеси, УАС катышуучусу же майыбынын күбөлүгү);
- башка саламаттык сактоо уюмунан тиешелүү адиске жолдомо
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- оору саламаттык сактоо уюмунун багытына шайкеш келбеген учурда
- адамда жардам алууга көрсөтмөлөр жок болгондо;
- тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү медициналык жабдуулар болбогон учурда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым-укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу түрлөрүн көрсөтүү (белгиленген квотадан ашыкча) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 17-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); улуттук борборлор, илимий-изилдөө институттары, республикалык саламаттык сактоо уюмдар, облустук бириккен ооруканалар. Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар менен стационардык картадан көчүрмө;
- толук айыгып кетүү;
- керектөөчүнүн ден соолугунун/акыбалынын жакшыруусу;
- керектөөчүнүн абалын турукташтыруу;
- текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмуна которуу;
- өлүмдү констатациялоо
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- уюмдарда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (УАСК, УАСМ, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет;
- жалпы ванна болгондо;
- үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен;
- өзүнчө койка берүү менен;
- дарыгердин күн сайын кароосун, башчысынын жана зарыл болгондо адистердин кеңеш берүүсүн камсыздоо менен тиешелүү деңгээлдеги дайындалган процедураларды жүргүзүү.
Керектөөчүнүн каалоосу боюнча жуунгучу жана өзүнчө дааратканасы бар жеке палата (койка) берүү менен кызмат көрсөтүлөт
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Ооруканага жаткыруу убактысы (оорунун оордугуна жараша жекече) - 3 саатка чейин. Эгерде керектөөчү башка саламаттык сактоо уюмунан түшсө, кезекте күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - керектөөчүнүн абалынын оордугуна жараша жекече. Стационардык бейтапка медициналык картадан көчүрмө берүү убактысы (же 095у формасындагы маалымкатты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын) - 15 мүнөткө чейин. Дароо кабыл алууну жана ооруканага жаткырууну талап кылган өтө оор бейтаптарды кошпогондо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмуна жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бүт мүмкүн болгон ыкмаларды санап чыккыла жана мүнөздөгүлө)
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билети, пенсия күбөлүгү) көрсөтүү;
- кызмат алуу үчүн алгачкы кароодон өтүү, андан ары жатуу менен текшерилүү керек;
- көрсөтүлгөн кызмат үчүн саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөө
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана ез убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- оору саламаттык сактоо уюмунун багытына шайкеш келбеген учурда;
- тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү медициналык жабдуулар болбогон учурда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 2-бап, 18-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту;
- "улуттук" статусу бар медициналык борборлор, илимий-изилдөө институттары, облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору.
Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилбеген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар жана текшерүү, дарылоо маалыматтары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- бекитилген формадагы маалымкат;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун оордугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөрдүн карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо жазууга, анализ берүүгө эсептелген) Бейтаптарды клиникалык бөлүмдөргө жаткыруу белгиленген кезек тартибинде же телефон аркылуу алдын ала жазылуу боюнча кабыл алуу-кеңеш берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден.
Саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Саламаттык сактоо уюмуна биринчи жолу кайрылганда керектөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жеңилдиктерге укуктарын ырастаган документтерди;
- саламаттык сактоо уюмунун жолдомосун.
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- маалымат алуу үчүн каттоочу жайга кайрылуу;
- тиешелүү адиске жолдомону көрсөтүү
13
Мамлекеттик кызматтын наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, алардын жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, ДМЧА үчүн бөлмө, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү, акысыз бланктар;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызматтан баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн тышкары реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 19-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту;
- "улуттук" статусу бар медициналык борборлор, илимий-изилдөө институттары, облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору.
Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- сунуштар, дарылоо жана текшерүүнүн маалыматтары менен бейтап баянынан көчүрмө;
- бекитилген формадагы маалымкат;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
Жарандарды саламаттык сактоо уюмдарында кабыл алуу, алар кайрылган күнү жандуу кезек принциби боюнча жүргүзүлөт. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун оордугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 3 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөрдүн карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо жазууга, анализ берүүгө эсептелген). Бейтаптарды клиникалык бөлүмдөргө жаткыруу белгиленген кезек тартибинде же телефон аркылуу алдын ала жазылуу боюнча кабыл алуу-кеңеш берүү бөлүмдөр аркылуу жүргүзүлөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилүүгө тийиш
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Саламаттык сактоо уюмуна биринчи жолу кайрылганда керектөөчү ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтөт. Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- маалымат алуу үчүн каттоочу жайга кайрылуу;
- саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөө
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) жана акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызматтан баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде -саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, керектөөчүнүн колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө стоматологиялык амбулатордук жардам көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 20-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); саламаттык сактоонун бардык стоматологиялык уюмдары. Стоматологиялык Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү жана тиштерди оңдоо;
- чайноо функциясын жана эстетиканы калыбына келтирүү;
- толук санация, шашылыш жардам жана кесиптик кароо;
- кеңеш берүү жана сунуштар
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Жаак-бет тарапта катуу оору, ириңдүү-сезгенүү процесстери жана жаракат бар, тез жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кезек күтүүнүн убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - оорунун оордугуна жараша
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- стоматологиялык саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жеңилдиктерге укуктарын ырастаган документтерди көрсөтүү;
- стоматологиялык бейтаптын амбулатордук картасын алуу
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда), акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- эстетикалык жана косметикалык дефектке даттануунун жоктугу;
- алынган кызматка канааттануусу;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- алкоголго жана баңгизатка мас абалда келгенде;
- адамдын шайкеш эмес жүрүм-туруму жана коомдук тартипти бузганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашыкча стоматологиялык жардамды көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 21-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); саламаттык сактоонун бардык стоматологиялык уюмдары. Стоматологиялык Саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында дарылоо менен камтылбаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү жана тиштерди оңдоо;
- чайноо функциясын жана эстетиканы калыбына келтирүү;
- толук санация, шашылыш жардам жана кесиптик кароо;
- кеңеш берүү жана сунуштар
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Жаак-бет тарапта катуу оору, ириңдүү-сезгенүү процесстери жана жаракат бар, тез жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кезек күтүүнүн убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - 20 мүнөт жана оорунун оордугуна жараша андан узак
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- стоматологиялык саламаттык сактоо уюмуна жеке кайрылууда;
- стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарына жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы.
Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Стоматологиялык саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү);
- стоматологиялык бейтаптын амбулатордук картасын алуу;
- тиешелүү адистен медициналык жардам алуу;
- бүткөндөн кийин төлөөгө наряд алат;
- стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун кассасында кызматтын наркын төлөө
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда), акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- эстетикалык, косметикалык дефектке даттануунун жоктугу;
- бейтаптын алган кызматка канааттануусу;
- жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- алкоголго жана баңгизатка мас абалда келгенде;
- адамдын шайкеш эмес жүрүм-туруму жана коомдук тартипти бузганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү стоматологиялык саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги белгиленген тартипте жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн сырткары стоматологиялык жардамды көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 212-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ); ИИМ стоматологиялык кызматы, ИИМ стоматологиялык кызматынын аймактык филиалдары (мындан ары - филиалдар). Филиалдардын тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ИИМ стоматологиялык кызматынын маалымат тактасында жана ИИМ расмий сайтында www.mvd.kg жайгаштырылган
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Бекитилген контингент:
- ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) офицерлер курамынын жана ички аскерлердин адамдары үй-бүлө мүчөлөрү менен;
- ИИОнун катардагы жана кенже башкаруучу курамындагы, жазык-аткаруу системасындагы органдардын адамдары, үй-бүлө мүчөлөрүсүз;
- контракттык жана мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчылары;
- ИИМ Академиясынын жана Адистерди даярдоочу борбордун курсанттары;
- ИИОдо туруктуу иштеген ИИОнун эркин жалданма курамы;
- ИИМдин жана жазык-аткаруу системасындагы органдардын ортоңку, улук жана жогорку офицердик курамдагы пенсионерлери, жаш курагына, ден соолугуна, бирдиктин кыскарышына байланыштуу жумуштан бошотулгандар, улук жана жогорку офицердик курамдагы пенсионерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, ИИОнун офицердик, катардагы жана сержанттык курамына кирген майыптар;
- кызматтык милдеттерин өтөө учурунда курман болгон ИИМдин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү;
- башка күч ведомстволордун адамдары (Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы).
Үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- жубайлар;
- 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар;
- бирге жашаган ата-энелери
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү жана дарылоо, тиштерди оңдоо, косметикалык дефектти кетирүү;
- чайноо функциясын жана эстетиканы калыбына келтирүү;
- кеңеш берүү жана сунуштар
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө;
- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо;
- жандуу кезек принциби боюнча.
Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Жаак-бет тарапта катуу оору, ириңдүү - сезгенүү процесстери жана жаракат бар, тез жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кезек күтүү убактысы - 30 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - 20 мүнөт жана оорунун оордугуна жараша андан узак
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана укук тартибин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан;
- ИИМдин стоматологиялык кызматына жеке кайрылууда;
- ИИМдин стоматологиялык кызматынын филиалдарындагы маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери.
Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: www.med.kg;
- ИИМдин расмий сайты:www.mvd.kg;
- оозеки, кат түрүндө кайрылуулар (телефон боюнча, жеке байланышуу);
- филиалдардын маалымат стенддери;
- маалымат брошюралары, буклеттер;
- ИИМдин коомдук кабылдамасы;
- "Бетме-бет" ведомстволук гезити.
Филиалдардын даректери, телефон номерлери ИИМдин стоматологиялык кызматынын маалымат стенддеринде жана ИИМдин расмий сайтында көрсөтүлгөн
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
ИИМдин стоматологиялык кызматында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- кызматтык, пенсиялык күбөлүктү, үй-бүлө курамы тууралуу кадрлар бөлүмүнөн маалымкатты, жеңилдик берилген категорияны ырастоочу документти көрсөтүү;
- стоматологиялык бейтаптын амбулатордук картасын алуу;
- тиешелүү адистен дарылоо алуу;
- төлөөгө эсеп кагазын алуу.
Кызматты алгандан кийин акысы стоматологиялык кызматтын кассасына төлөнөт. Башка күч ведомстволордун адамдары (прокуратура органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы) келишимдик негизде тейленет. Кызмат үчүн төлөм келишимдик негизде ИИМдин медициналык башкармалыгынын банктык алыш-бериш эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ИИМ жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал ИИМдин стоматологиялык кызматынын жана анын филиалдарынын маалымат стенддеринде жана ИИМдин расмий сайтына жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта айтылган шарттарга жана мөөнөттөргө ылайыктыгы жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керектүү гана документтерди талап кылуу жана алардын жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүүнүн шартынын ылайыктыгы: имаратка, бөлмөгө ДМЧА үчүн кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандардын кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- эстетикалык, косметикалык дефектиге даттануунун жоктугу;
- алган кызматка бейтаптын канааттануусу;
- жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- алкоголго жана баңгизатка мас абалда келгенде;
- адамдын шайкеш эмес жүрүм-туруму жана коомдук тартипти бузганда
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ИИМдин медициналык башкармалыгына, маселе чечилбегенде укуктук тартипти коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону укуктук тартипти коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги белгиленген тартипте жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү укук тартибин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Бейтапты ооруканага чейин жеткирүү, пландуу көрсөтмөлөр боюнча бир ооруканадан экинчи ооруканага ташуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 23-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Бишкек ш. Медициналык шашылыш жардам борбору; Ош ш. Медициналык шашылыш жардам борбору
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке адамдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Бейтапты стационарга жеткирүү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат атайын автотранспорт менен көрсөтүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген;
- зарыл болгон медициналык аппараттар жана жабдуу, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар медициналык иреттеп салгычтын (чемодандын) болушу.
Кызмат көрсөтүүнүн кезеги телефон жана жазылуу (маалымат базада жана журналда) боюнча түзүлөт
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Чакырууну кабыл алуу - 4 мүнөт; Бригаданы күтүү:
- Бишкек жана Ош шаарларында - 90 мүнөткө чейин;
- республиканын калган региондорунда - 90 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун ыкмалары:
- Медициналык шашылыш жардам борборунда "103" тел. боюнча;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасынын бардык саламаттык сактоо уюмдарында;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;
- маалыматтык стенддер, брошюралар.
Медициналык шашылыш жардам борборунун иш графиги - күнү-түнү. Жарандарга мамлекеттик кызмат жөнүндө оозеки маалымдалышы мүмкүн (адис менен жеке байланышканда). Маалымат бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде, мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Саламаттык сактоо уюмдарынын даректери, телефон номерлери жана тизмеси саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында берилген
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним телефондору
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү же анын туугандары чакырууну тариздөөдө "103" номери боюнча чалып, төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:
- чакыруу дареги, саламаттык сактоо уюмунун аталышы, бөлүмдүн аталышы, палата номери же бригаданын бейтапты издөө үчүн керектүү маалыматтар (керек болгондо баруучу жолдорду көрсөтүп же бригаданы эшиктен тосуп алуу керек);
- бейтаптын аты-жөнү жана жаш курагы;
- медициналык шашылыш (тез) жардамга кайрылуунун себеби;
- телефон номери жана ким чакырып жатат.
Чакыруу чакыруулар журналына же электрондук маалыматтар базасына жазылат. Керектөөчүдө төмөнкүлөр болушу керек:
- саламаттык сактоо уюмунун ооруканага жаткырууга жолдомосу;
- бейтапты кабыл алуу туурасында максатталган стационар менен келишүү (стационардын өкүлдөрү менен оозеки жүргүзүлөт).
Төлөм кызмат алгандан кийин врачка (фельдшерге) берилет, ал төлөм тууралуу квитанция берет
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, алардын жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ДМЧАнын кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- максаттуу стационарга жеткизүү;
- ташуу процессинде жашоо үчүн маанилүү көрсөткүчтөрдү байкоо жана бузулганы болсо туруктуу абалда кармоо;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде;
- керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде;
- бейтапта башка саламаттык сактоо уюмдарынын жеткирүүгө көрсөтмөлөрдүн болбошу
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги белгиленген тартипте жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Патологоанатомиялык бюронун жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын өлүкканасындагы муздаткычта өлгөн адамдын сөөгүн сактоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 25-пункт
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык патологоанатомиялык бюро; Ош облустук патологоанатомиялык бюро; Аймактык ооруканалардын патологоанатомиялык бөлүмдөрү. Аймактык ооруканалардын патологоанатомиялык бөлүмдөрүнүн тизмеси, байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын-расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
- саламаттык сактоо мекемелери;
- жеке менчик медициналык мекемелер;
- юридикалык жана жеке жарандар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Экологиялык экспертиза жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Адамдын өлгөндүгү тууралуу маалымкат
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шартта жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө;
- өлүкканада +3, +5°С температура режиминдеги муздатуучу камералардын болушу.
Туугандары үчүн:
- уюмда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Документтерди кабыл алуу - 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - 20 күндөн көп эмес. Жыйынтыкты берүү - 1 саатка чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- Бишкек ш., Сүйөркулов көчөсү, 3 дареги боюнча Республикалык патологоанатомиялык бюронун өзүнөн;
- RPAB-2011@mail.ru электрондук дарегине кайрылганда;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана сайтынан: www.med.kg;
- адиске оозеки кайрылууда же жеке байланышууда;
- сөөк коюу бюросунда.
Маалымат кыргыз жана орус тилдеринде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg;
- сөөк коюу бюродо.
Патологоанатомиялык бөлүмдөрдүн даректери, телефон номерлери саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында жана сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- саламаттык сактоо уюмунда берилген бейтап баяны же өлгөндүгү жөнүндө маалымкат менен саламаттык сактоо уюмунун каттоочу жайына кайрылуу;
- кызматтын наркын мекеменин кассасына төлөө
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мекеменин каттоочу жайында жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.med.kg жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, алардын жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ДМЧАнын кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, температуралык шарттардын ылайык келиши;
- өлүктүн көмгөнгө чейин бузулбай сакталышы;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда аталган керектүү документтерди бербеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги белгиленген тартипте жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Патологоанатомиялык бюролордун жана Саламаттык сактоо уюмдарынын өлүкканасындагы муздаткычта биологиялык калдыктарды сактоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 2-бап, 21-пункт
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык патологоанатомиялык бюро; Ош областын патологоанатомиялык бюро; Аймактын ооруканалардын патологоанатомиялык бөлүмдөрү. Аймактын ооруканалардын патологоанатомиялык бөлүмдөрүнүн тизмеси алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо мекемелери
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Экологиялык экспертиза жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
- жок кылууга чейин биологиялык калдыктарды сактоо;
- биологиялык калдыктарды жугушсуздандыруу;
- биологиялык калдыктарды андан ары жерге көмүү үчүн сөөк коюу бюрого тапшыруу
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө;
- өлүкканада +3, +5°С температура режиминдеги муздатуучу камералардын болушу;
- материалдарды пластик идиштерде сактоо
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 30 күнгө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- Бишкек ш., Сүйөркулов көчөсү, 3 дареги боюнча Республикалык патологоанатомиялык бюронун өзүнөн;
- RPAB-2011@mail.ru электрондук дарегине кайрылганда;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана сайтынан: www.med.kg;
- адиске оозеки кайрылууда же жеке байланышууда;
- сөөк коюу бюродо.
Маалымат кыргыз жана орус тилдеринде берилет
9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg:
- сөөк коюу бюродо.
Патологоанатомиялык бөлүмдөрдүн даректери, телефон номерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат стенддеринде жана расмий сайтында берилген
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- саламаттыкты сактоо мекемесинин жолдомосун көрсөтүү;
- биологиялык калдыктарды пакеттелген түрдө берүү;
- ай сайын төлөнөт, төлөмдүн баасы саламаттык сактоо мекемесинен жиберилген биологиялык калдыктардын жалпы салмагына жараша болот. Төлөм мекеменин банктагы алыш-бериш эсебине которуу менен жүргүзүлөт
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мекеменин каттоочу жайында жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдардын кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, температуралык шарттардын ылайык келиши;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда, кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү;
- жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Берилбейт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
23. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемеде медициналык тейленүүгө тийиш кызматтардын жана адамдардын тизмегине кирбеген, катталып жазылбаган контингентке амбулатордук деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын, суу процедураларын жүргүзүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 2-бап, 27-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Клиникалык мекеме)
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк жарандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын (мындан ары - КРПӨ ИБ) 2014-жылдын 16-октябрындагы № 155 буйругу
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы керектөөчүнүн кайрылуу себебине жана медициналык көрсөткүчтөргө жараша төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- диагностикалык-кеңеш берүү жардамы (кароо, текшерүү, дарылоону дайындоо, рецепт жазып берүү);
- медициналык кароо;
- дарылоо иш-чараларын жана суу процедураларын жүргүзүү (дарыгердин дайындоосу боюнча)
- текшерүү, дарылоо сунуштары жана маалыматтары менен амбулатордук картадан жазып берүү (талап боюнча);
- бекитилген формадагы маалымкат же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча) жана медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн жиберүү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө жүргүзүлөт. Бөлмөлөр жылытуу мезгилинде жылытылат, Клиникалык оорукана күтүү үчүн орундар, суу түтүктөрү, канализация менен жабдылган, бейтаптар зарыл болсо телефон колдоно алышат. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалган. Кызмат көрсөтүү үчүн керектүү медициналык жабдуу жана инвентарь камсыздалган. Кабыл алуу жандуу кезек принциби боюнча ишке ашырылат. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөр карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген)
Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрүнө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүчү мекеменин жайгашкан жери, анын иш графиги жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана клиникалык оорукананын www.ud.gov.kg , www.kbudp.kg сайтынан;
- клиникалык ооруканага жеке кайрылууда;
- кызмат көрсөтүлө турган пункттарда жайгаштырылган маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден.
Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- клиникалык оорукананын www.ud.gov.kg сайты
- КРПӨ ИБ сайты: www.ud.gov.kg;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Клиникалык ооруканада кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана, ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана үчүнчү адамдарга суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) көрсөтүү;
- Клиникалык оорукананын кассасына медициналык кызматтын наркын төлөө, төлөм тууралуу квитанция алуу;
- тиешелүү адиске (дарыгерге) кайрылуу;
- лабораториялык-диагностикалык изилдөө зарылдыгы болгондо медициналык кызматкерден жолдомону көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал КРПӨ ИБ жана клиникалык оорукананын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.ud.gov.kg, www.kbudp.kg жайгашкан; Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КРПӨ ИБ жетекчилигинин буйругу менен бекитилет
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат жогорку квалификациялуу адистер тарабынан көрсөтүлүшү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүү үчүн заманбап медициналык жабдуу жана инвентарь менен жабдылышы;
- көрсөтүлө турган кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында берилиши;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, алардын жеткиликтүүлүгү;
- кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ДМЧА кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- алган кызматка керектөөчүлөрдүн канааттануусу;
- жарандардын даттануу жана сунуш берүү китебинин жеткиликтүү жерде болушу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызмат Клиникалык ооруканага жеке кайрылганда берилет. Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызматты берүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- клиникалык ооруканада тиешелүү багыттагы адистин жоктугу (онкология, СПИД, тери жана венерология оорулары, жаракаттар, төрөт);
- эгерде бейтап дарыгердин тапшырмасын аткарбаса (Клиникалык оорукананын жетекчиси менен макулдашуу боюнча баш тартуу);
- жардам алууда медициналык каршы көрсөтүүлөр болгондо;
- керектөөчү кызматка баалардын бекитилген прейскурантына ылайык төлөөдөн баш тартуусу
17
Даттануу тартиби
Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү Клиникалык оорукананын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Керектөөчүнүн атынан кызмат көрсөтүүгө анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттана алышат. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо Клиникалык оорукананын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 календардык күндөн ашпоого тийиш. Маселе чечилбеген учурда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде медициналык тейленүүгө тийиш кызматтардын жана адамдардын тизмегине ылайык, катталып жазылган контингентке амбулатордук деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-бап, 28-пункт
2
Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемеси
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде медициналык тейленүүгө тийиш кызматтардын жана адамдардын тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө";
- "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы АИВ/СПИД жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө";
- "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө";
- "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө";
- "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө";
- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 172-б буйругу.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын (мындан ары - КРПӨ ИБ) 2014-жылдын 16-октябрындагы № 155 буйругу
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы керектөөчүнүн кайрылуу себебине жана медициналык көрсөткүчтөргө жараша төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн:
- диагностикалык-кеңеш берүү жардамы (кароо, текшерүү, дарылоону дайындоо, рецепт жазып берүү);
- медициналык кароо;
- текшерүү, дарылоо сунуштары жана маалыматтары менен амбулатордук картадан жазып берүү (талап боюнча);
- бекитилген формадагы маалымкат же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча);
- башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча) жана медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн жиберүү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө жүргүзүлөт. Бөлмөлөр жылытуу мезгилинде жылытылат, Клиникалык оорукана күтүү үчүн орундар, суу түтүктөрү, канализация менен жабдылган, бейтаптар зарыл болсо телефон колдоно алышат. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалган. Кызмат көрсөтүү үчүн керектүү медициналык жабдуу жана инвентарь камсыздалган. Кабыл алуу жандуу кезек принциби боюнча ишке ашырылат. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун катуулугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт амбулатордук картадан, стационар ордуна болуучу палата/бөлүмдөр карталарынан жазып берүүгө, маалымкатты, убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомону жазууга, анализ берүүгө эсептелген)
Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрүнө маалымат берүү
8
Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүчү мекеменин жайгашкан жери, анын иш графиги жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын www.ud.gov.kg , www.kbudp.kg сайтынан;
- клиникалык ооруканага жеке кайрылууда;
- кызмат көрсөтүлө турган пункттарда жайгаштырылган маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден.
Жарандар кайрылган күнү жандуу кезек тартибинде кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);
- клиникалык оорукананын www.ud.gov.kg сайты
- КРПӨ ИБ сайты: www.ud.gov.kg;
- маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер;
- жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Клиникалык ооруканада кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана үчүнчү жактарга суроо-талап менен берилиши мүмкүн.
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) көрсөтүү;
- дарылоо картасын көрсөтүү;
- тиешелүү адиске (дарыгерге) кайрылуу;
- медициналык адистен лабораториялык-диагностикалык изилдөөгө жолдомону көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт.
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат жогорку квалификациялуу адистер тарабынан көрсөтүлүшү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүү үчүн заманбап медициналык жабдуу жана инвентарь менен жабдылышы;
- көрсөтүлө турган кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында берилиши;
Документтин уландысы
Тексттин башы көрсөтүлдү: документтин 67%.
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 23 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 27
Шилтеме берет (23)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2000 · № 346
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө"Постановление · 07.05.2002 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш…Постановление · 27.10.2020 · № 517
- Постановление Правительства КР от 14 июля 2004 года N 531 "Об утверждении Положения о санаторно-курортном обеспечении в Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Постановление · 14.07.2004 · № 531
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 29.05.2024 · № 288
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча…Постановление · 21.04.2014 · № 229 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомПостановление · 20.11.2015 · № 790 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш…Постановление · 18.12.2009 · № 771 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 597 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 20.06.2018 · № 294 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 17 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (27)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Экологиялык экспертиза жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 54
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундага N 531 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобо"Положение · 14.07.2004 · № 531
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 30 "К.Бакиевди кол тийбестик статусунан ажыратуу жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 30
- "2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо" Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 597…Программа · 11.11.2013 · № 597
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөЗакон · 18.05.1998 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-ноябры № 790 токтому менен бекитилген)Программа · 20.11.2015 · № 790 · Күчүн жоготкон
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөЗакон · 04.10.2000 · № 83 · Күчүн жоготкон
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.