Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2000-жылдын 4-октябры № 83 Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө (КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам алышы үчүн укуктук негиз түзөт. I Глава Жалпы жоболор
1-статья
1-статья. Негизги түшүнүктөр Врач-онколог - шишиктерге диагноз коюу, аларды дарылоо жана алдын алуу жаатында даярдыктан өткөн адис-врач. Зилдеме жаңы шишик - тезинен чоңоюп, айланасындагы ткандарга жармашып өсүүчү, аларды бузуучу, ырбама шишик. Онкология - шишиктердин пайда болуш себептерин, өсүш жолдорунун клиникалык байкалышын иликтөөчү жана аларга диагноз коюунун, дарылоонун, алдын алуунун усулдарын иштеп чыгуучу медицина менен биологиянын тармагы. Онкологиялык кызмат - иши зилдеме жаңы шишиктерди өз убагында табууга, алардын алдын алууга жана дарылоого багытталган илимий, дарылоо жана алдын алуу саламаттык сактоо уюмдарынын тутуму. Соопчулук ишканалары менен мекемелери - жарандардын айрым катмарларынын кызыкчылыгында соопчулук ишин жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдар. Терминалдык стадия - зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан ылаажысыз (атайын дарылоого болбогон) оорулуулардын биологиялык өлүмүнүн алдындагы организмдин аткарган кызматтарынын бүтүп бараткан абалы. Цитологиялык изилдөө - органдардан жана ткандардан алынган дары-дармектердеги айрым клеткалык элементтерди микроскоптук иликтөөнүн усулдарын пайдалануу менен изилдөө жүргүзүү. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья
2-статья. Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо-алдын алуу иш-чаралары жана аларды жүргүзүүнүн принциптери Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо - алдын алуу иш-чаралары ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген негизде жана тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган дарылоо - алдын алуу иш-чаралары өзүнө алдын алуучулук, диагноздук, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды камтыйт. Зилдеме жаңы шишиктерди дарылоо - алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу мамлекеттик бийлик органдарынын милдети болуп эсептелет. Зилдеме жаңы шишиктен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында онкологиялык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте көрсөтүлөт. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан жана пландуу медициналык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган адамдарды текшерүү жана дарылоо акысын төлөө негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. (КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, элдин саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга негизденет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими тарабынан ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат жана зилдеме жаңы шишиктердин алдын алуу жана дарылоо менен байланышкан бардык юридикалык жана жеке жактарга колдонулат. II Глава Онкологиялык жардамдын түрлөрү жана зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоонун мамлекет тарабынан кепилдик берилүүчү чаралары
5-статья
5-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттин кепилдиктери жана иш-чаралары Айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк технологиялардын Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугуна терс таасир тийгизишин төмөндөтүү максатында, ошондой эле зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан оорулууларга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан:
- эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга;
- адамдын ден соолугу үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон химиялык заттарды, продукциялардын айрым түрлөрүн, радиоактивдү заттарды жана калдыктарды каттоого;
- жашоо чөйрөсүнүн абалы, жасалып жаткан жумуштар менен тейлөөлөрдүн адамдын ден соолугу үчүн коркунуч мүмкүндүгү жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат берүүгө;
- зилдеме жаңы шишиктер менен оорууну азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө;
- дарылоо-диагноздук жабдууларды жана натыйжалуулугу жогору болгон дары - дармектерди сатып алууга;
- зилдеме жаңы шишиктен жабыр тарткан адамдарга медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүүгө;
- оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды наркотикалык жана ооруну басуучу дары-дармектер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акысыз камсыз кылууга;
- зилдеме жаңы шишиктер менен оорууга байланыштуу экспертизанын бардык түрлөрүн мамлекет тарабынан кепилдик берилген көлөмдө жүргүзүүгө;
- зилдеме жаңы шишиктер менен ооруунун маселелерине тиешелүү консультациялык - укуктук жана юридикалык жардамдын башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
- эгерде бул оорулуунун кызыкчылыгына жооп берсе, аны текшерүүдөгү жана дарылоодогу ден соолугунун абалы, диагнозу жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды башкалардан жашыруун сактоого;
- онкология жаатындагы илимий изилдөөлөргө жетекчилик кылууну жана координациялоону жүзөгө ашырууга кепилдик берет.
Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн мамлекет:
- ооруканадан сырткары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзөт;
- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар үчүн кайрымдуулук ишканалары менен уюмдарын түзүүгө жана алардын иштешине көмөк көрсөтөт;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына барууга жылына бир жолу жеңилдетилген жол киресин камсыз кылат;
- Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп табылган жана пенсиялык камсыздоого укугу жок онкологиялык оорулуу жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жөлөкпулдар менен камсыз кылат.
(КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья
6-статья. Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары жана адамдар (1-бөлүк КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле өз алдынча дарылоочу врачтарда оорулууга зилдеме жаңы шишиктин диагнозу коюлганда оорулуу өзүн андан ары текшерүү жана дарылоо жөнүндө маселени чечүү үчун врач - онкологдун консультациясынан өтүүгө тийиш. Мамлекеттик менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга өздөрүнүн уставдык документтерине ылайык медициналык жардам көрсөтүшөт. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары жана өз алдынча дарылоочу врач-онкологдор зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга Кыргыз Республикасында лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилүүчү лицензиялары болгондо паллиативдик жардам көрсөтүшөт. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья
7-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча ишке укук Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү укугуна врачтык ишке жогорку медициналык билим алган жана өзүнүн врач-онколог квалификациясын Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте ырастаган врач ээ болот. Медициналык кызматкерлердин зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иши кесипкөйлүк этикага негизденет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья
8-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү стационардык жана амбулатордук дарылоо, реабилитациялык иш -чаралар түрүндө жүзөгө ашырылат. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга стационардык жардам адистештирилген онкологиялык мекемелерде жана жалпы түрдөгү ооруканалардын кичи бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте көрсөтүлөт. (4-бөлүк КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту Амбулатордук онкологиялык жардам саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдары жана калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү врач-онколог тарабынан көрсөтүлөт. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык реабилитациялык иш-чаралар оорунун акыркы баскычындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык-социалдык мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III Глава Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын укуктары
9-статья
9-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын укуктары Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар:
- өз укуктары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- врач-онкологду жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмун эркин тандап алууга;
- мындай ооруга байланыштуу адамдын кадыр -баркын басмырлоону болтурбоочу сый жана гумандуу мамилеге;
- оорунун мүнөзү, эгерде мыйзам тарабынан башкача каралбаса, диагноз коюунун, дарылоонун колдсшулуп жаткан усулдары жөнундө маалыматтарды алууга;
- текшерүү жана дарылоо үчүн зарыл болгон мезгилде стационарда болуута;
- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;
- (абзац КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- медициналык-социалдык мекемелерде болууга;
- консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына жылына бир жолу жеңилдетилген жол киреге;
- врачтын байкоосу астында медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алууга.
(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) IV Глава Онкологиялык ооруларды азайтуу боюнча иш-чараларды укуктук жөнгө салуу жана каржылоо
10-статья
10-статья. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- онкологиялык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик менчик түрүндөгү саламаттык сактоонун адистештирилген жана башка уюмдары;
- оорунун акыркы баскычындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн медициналык-социалдык мекемелер. Бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандар менен уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары мындай мекемелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген уставга ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саналат. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья
11-статья. Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары жана милдеттери Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары:
- менчиктин бардык түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынан табылган зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын саны жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга;
- медицина илиминин онкология жаатындагы соңку жетишкендиктерин саламаттык сактоонун практикасына жайылтууга;
- онкологиялык оорулар боюнча эсепти жана отчеттуулукту туура жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.
Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары:
- алдын алуу иш-чараларын пландаштырууда жана жүргүзүүдө саламаттык сактоо уюмдарына уюштуруучулук - усулдук жактан жардам көрсөтүүгө;
- зилдеме жаңы шишиктерден шек саноо менен жиберилген адамдарды сапаттуу текшерүүнү жүргүзүүгө;
- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды стационарга жаткырууга жана аларды туура дарылоону камсыз кылууга;
- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды диспансердик байкоого алууну жана амбулатордук дарылоону уюштурууга;
- рактын эпидемиологиясын жана калктын зилдеме жаңы шишиктер менен оорушун төмөндөтүү боюнча иш - чаралардын натыйжалуулугун тутумдук талдоо жүргүзүүгө;
- санитардык - агартуу иштерин жүргүзүүгө;
- врач жана орто медициналык кызматкерлердин кадрларын даярдоону жана онкологиялык оорулардын алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо маселелери боюнча алардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылууга;
- онкологиялык оорунун IV стадиясындагы оорулууларды симптомдук дарылоону жүргүзүүгө;
- медициналык жардам көрсөтүүдө дарылануучунун ден соолугуна зыян келтирилген учурда колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Саламаттык сактоо уюмдары:
- калкты флюорографиялык кароодон тиешелүү мөөнөттө өткөрүүгө;
- аялдарды цитологиялык текшерүүдөн өткөрүүгө;
- онкологиялык оорусу табылган адамдарды кошумча текшерүүнү жана аларды врач - онкологдорго жиберүүнү камсыз кылууга;
- онкологиялык оорулардын пайда болушу боюнча тобокел тобундагы адамдарды диспансердик кошумча байкоодон өткөрүүнү камсыз кылууга;
- сергек жашоонун зарылдыгы жөнүндө санитардык - агартуу ишин жүзөгө ашырууга милдеттүү.
(КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Зилдеме жаңы шишиктердин алдын алуу Зилдеме жаңы шишиктердин алдын алуу:
- ден соолук үчүн тобокелге салуу менен байланышкан жумуштарга кируудө медициналык кароолорду жүргүзүү:
- "тобокелге салуу" тобундагы адамдарга өз убагында диспансердик байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
- калк арасында санитардык - агартуу иштерин жүргүзүү;
- зилдеме жаңы шишиктердин өнүгүшү менен күчөп кетиши мүмкүн болгон ооруларды өз убагында дарылоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
13-статья
13-статья. Онкологиялык ооруларды азайтууга багытталган иш-чараларды каржылоо Республикалык жана жергиликтуү бюджеттердин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен мамлекет;
- алдын алуучу иш-чараларын жүргүзүүнү;
- диагноздук иш-чараларды жүргүзүүнү;
- зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарды дарылоону;
- реабилитациялык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- онкология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- онкология жаатында адистерди даярдоону, анын ичинде чет мамлекетте даярдоону каржылоого кепилдик берет.
Онкологиялык ооруларды азайтууга багытталган иш-чаралар:
- менчиктин жана ведомстволук таандуулуктун бардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишимдердин;
- Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- милдеттүү жана ыктыярдуу социалдык камсыздандыруунун каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жеке каражаттарынын;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин, анын ичинде чет мамлекеттиктердин;
- чет өлкөлүк инвестициялардын;
- коомдук уюмдардын, бирикмелердин, фонддордун эсебинен котумча каржыланышы мүмкүн.
Калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган каражаттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде өзүнчө сап менен каралат жана биринчи кезекте дарылоо-диагноз коюу иш-чараларын жүргүзүү, шишикке каршы жана ооруну басуучу дары-дармектерди толук көлөмдө алууга пайдаланылат. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тартуучу эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тартуучу эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипке жана шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. Оорунун терминалдык стадиясындагы зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулат. V Глава Корутунду жоболор
15-статья
15-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан саламаттык сактоо ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана администрациялык жоопкерчилик тартышат. (КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча ишти контролдоо Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардамдын көрсөтүлүшүн контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүзөгө ашырат.
17-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 15
Цитата келтиргендер (11)
- Постановление Правительства КР от 20 января 2000 года №32 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об онкологической помощи…Постановление · 20.01.2000 · № 32
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1293-VI "Кыргыз Республикасынын онкологиялык жана гематологиялык кызматтарынын абалы жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2017 · № 1293-VI
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 20 декабря 1999 года З N 1575-1 "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"Постановление · 20.12.1999 · № 1575-1
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Постановление Законодательного Собрания ЖК КР от 8 сентября 2000 года З N 137-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "Об онкологической помощи населению"Постановление · 08.09.2000 · № 137
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү2016-жылдын 30-декабрындагы № 718 "“Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”…Постановление · 30.12.2016 · № 718
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 29.04.2016 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 09.01.2018 · № 1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 09.01.2018 · № 1 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (15)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 15.02.2021 · № 40
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2038-VI "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 30.11.2017 · № 2038-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5323-V "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 25.06.2015 · № 5323-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 271-VI "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.02.2016 · № 271-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 386-VI "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.03.2016 · № 386-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 1847-VI "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 07.09.2017 · № 1847-VI
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн. IX…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 17-ноябрынын № 845 "«Калкка онкологиялык жардам жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду жана толуктоо киргизуу…Постановление · 17.11.2004 · № 845 · Күчүн жоготкон
- О внебюджетной деятельности в государственных учреждениях здравоохранения Кыргызской РеспубликиЗакон · 13.11.1999 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 октября 2015 года № 720 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 21.10.2015 · № 720 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 18.11.2022 · № 646 · Күчүн жоготкон