Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 7-майы № 287 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 44, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226, 2009-жылдын 11-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Республиканын калкына жогорку квалификациядагы атайын медициналык жардамды көрсөтүү жана дарылоо-диагностика процедуралардын жогорку тех-ологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүн каржылоо максатында Кыргыз Респуб-икасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду түзүлсүн.
Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө жобо бекитилсин;
- медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду-ун эксперттик комиссиясынын курамы.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 226 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражатынын эсебинен каржылануучу медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-майындагы N 288, 2012-жылдын 11-июнундагы N 389 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Топ тогу №
Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн аталышы
Кызмат көрсөтүү коду
1. Абдоминалдык хирургия
1
1
Ууланган богок учурунда калканч бездерин субтоталдык резекциялоо
10100
2
2
Панкреатодуоденалдык резекциялоо (он эки эли ичегини сактоо менен ашказан безинин башын резекциялоо, ашказан безин ортосунан резекциялоо)
10200
3
3
Адреналэктомия (бөйрөктүн үстүн алып салуу)
10300
4
4
Боордун сегментин (сегменттерин) резекцялоо
10400
5
5
Тиенаманы жана ванкомицинди колдонуу менен жугуштуу эндокардитти дарылоо
10500
6
6
Ичке жана жоон ичегени резекциялоо (карын аралык проктопластика, колэктомия, Гиршпрунг оорусу учурунда жоон ичегини резекциялоо, Крон оорусунда жоон жана ичке ичегинин, алкактуу ичегинин такталбаган бөлүгүнүн түбүнүн зыянсыз жаңы пайда болгон жараты)
10600
7
7
Кызыл өңгөч ооруганда операция жасоо (кызыл өңгөчтүн пластикасы, кызыл өңгөчтүн экстирпациясы)
10700
8
8
Бөйрөктөн сырткары өт жолдорунун патологиясын четтетүү
10800
9
9
Тери аркылуу бөйрөк аркылуу эндобилиарддык стенттөө
10900
10
10
Боор циррозу учурунда спленореналдык анастомоз
11000
11
11
Пневмонэктомия и плевропневмонэктомия
11100
2. Нефрология
12
1
Курч жана өнөкөт диализ
20100
3. Комбустиология
13
1
Поликомпоненттик медикаментоздук трасфузия терапиясын колдонуу менен комлекстүү дарылоо, хирургиялык ыкма менен дарылоо, күйүк учурунда реконструкция-пластикалык операция жасоо
30100
4. Нейрохирургия
14
1
Баш мээнин кан тамырларын аневризмин ачык бекемдөө
40100
15
2
Баш мээнин краниобазалдык шишигин алып таштоо
40200
16
3
Ликворошунтирлөөчү операция
40300
17
4
Ар түрдүү импламанттардын корпородези менен омуртканы ордуна коюп түздөө
40400
5. Жүрөк-кан тамыр хирургия жана органдарды трансплантация
18
1
Өпкө артериясы же аортаны клапандык стеноздоодо баллондук вальвулопластикалоо
50100
19
2
ИБС жана миокарддын курч инфаркты учурунда бир коронардык артерия менен стенттөө
50200
20
3
Кавафильтрди имплантациялоо
50300
21
4
Электрондук кардиостимуляторду алмаштыруу жана имплантациялоо
50400
22
5
Бир клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган)
50500
23
6
Эки клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган)
50600
24
7
Аортанын пластикалык бутагы жана протездештирүү менен аневризмаэктомиялоо
50700
25
8
Эмболикага каршы веноздук кавафильтрди орнотуу
50800
26
9
Татаал тубаса жүрөк ооруларынын типтерин радикалдуу коррекцияло: Фалло, ТМС, ДОС тетраддары
50900
27
10
Аорто-ашказан тешигинин, жүрөктүн тоскоолдуктарынын кемтиктерин тигүү жана пластикалоо
51000
28
11
Жүрөктү эндокардиалдык электрофизиологиялык изилдөө
51100
29
12
Лериш синдромунда операция жасоо
51200
30
13
Вена көңдөйүнөн эмбологендик тромбаны алып салуу (тромбоэкстрактор)
51300
31
14
Жүрөк камерасынан бөтөн нерсени алып салуу (эндоваскулярдык, ачык)
51400
32
15
Аорто-коронардык шунтирлөөнү операция жасоо (татаалдашпаган)
51500
33
16
Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө жабык операцияларды жасоо: митралдык комиссуротомия, перикардэктомия, ачык артериалдык түтүкчөнү (ААТ) таңуу, аорто-өпкө анастомозун бастыруу, коррекциялоо же аортонун коарктациясын четтетүү
51600
34
17
Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө ачык операцияларды жасоо: жүрөккө чейинки аралыктагы тоскоолдуктун кемтиги (ЖЧАТД), ашказан аралыгындагы тоскоол-дуктун кемтиги (ААТД), атрио-вентрикулярдык коммуникациянын (АВК) толук жана толук эмес формасы ж.б.
51700
35
18
Жүрөктүн кагышынын бузулушундагы радио жыштыктын катетердик абляциясы
51800
36
19
Баллондук ангиопластика жана перифериялык кан тамырларды стенттөө
51900
37
20
Коронарография
52000
38
21
Диагностикалык катетеризациялоо жана жүрөктүн көңдөйүн ангиографиялоо
52100
39
22
Жаслма-кан айлануунун шартында ритмияны четтетүү
52200
40
23
Миокарддын биопсиясы
52300
41
24
Эндомиокардиалдык биопсиясы
52400
42
25
Аортанын аневризми
52500
43
26
Бөйрөктү трансплантациялоо
52600
6. Интервенциондук кардиология жана радиология
44
1
Перифериялык кан тамырлардын, баш мээнин кан тамырларынын жана ички органдардын ангиографиясы
601000
45
2
Коронардык, магистралдык жана перифериялык кан тамырлардын ангиопластикасы
60200
46
3
Катмарларга бөлүнүүчү аневризм учурунда аортаны стенттөө
60300
47
4
Көк боордун, боордун, бөйрөктүн жана башка кан тамырларды эмболизациялоо
60400
48
5
Порталдык гипертензияда трансюгулярдык трансбоордук порто-кавалдык анастомоз
60500
7. Торакалдык хирургия
49
1
Кекиртек, бронха жана өпкөгө реконструктивдүү операция жасоо
70100
50
2
Кызыл өңгөчкө реконструктивдүү операция жасоо
70200
8. Травматология жана ортопедия
51
1
Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү реконструкциялоо
80100
52
2
Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү остеотомия кылуу
80200
53
3
Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү узартуу, кыскартуу
80300
54
4
Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурун тышкы каттап турган жабдууну коюу
80400
55
5
Эндопротездештирүү,реэндопротездештирүү, муундун пластикасы
80500
56
6
Спондилосинтез
80600
57
7
Омуртканын артродези (спондилодез)
80700
58
8
Омуртканын пластикасы
80800
58-1
9
Остеосинтез көп жолку жана айкалышкан жабыркатууларда
80900
58-2
10
Вертебропластика сколиозду дарылаганда
81000
58-3
11
Муундарды онкоэндопротездөө
81100
58-4
12
Блоктолгон интрамедуллярдык остеосинтез
81200
9. Проктология
59
1
Жыныс мүчөсү менен арткы тешиктин ортосундагы аралыктын проктопластикасы
901000
10. Беш манжанын микрохирургиясы жана пластикалык калыбына келтирүүчү хирургия
60
1
Беш манжа, бармак жана кол-буттун башка сегменттерин реинплантациялоо
10010
11. Онкология
60
1
Көтөн чучук рагынын учурунда жанаша органдарды резекциялоо жана алып салуу менен айкалыштырып операция жасоо
11010
61
2
Алкактуу ичегинин рагы учурунда жанаша органдарды резекциялоо жана алып салуу менен айкалыштырып операция жасоо
11020
62
3
Табарсыктын рагы (табарсык резервуарынын жоон ичегисин түзүү менен цистэктомия кылуу)
11030
63
4
Бөйрөктүн рагы (нефрэктомия)
11040
64
5
Кызыл өңгөчтүн рагы (Льюис операциясы жана Герлок операциясы)
11050
65
6
Ашказан рагы (лимфодиссекциялуу гастроэктомия)
11060
66
7
Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын, жумшак ткандын шишиги (жамбаш-карын аралык мүчөлөштүрүү, көкүрөк-далы аралык мүчөлөштүрүү)
11070
67
8
Боор рагы (лимфодиссекциялуу гемигапатэктомия)
11080
68
9
Карын астындагы бездин рагы (гастропанкреатодуоденалдык резекциялоо)
11090
12. Гематология
69
1
Катуу кармаган миелобласттык лейкоз
12010
70
2
Катуу кармаган лимфобласттык лейкоз
12020
71
3
Апластикалык аз кандуулук
12030
72
4
Сөөк чучукту трансплантациялоо
12040
13. Офтальмология
73
1
Экстракапсулярдык экстракция
13010
74
2
Витрэктомия
13020
75
3
Ленсвитрэктомия
13030
76
4
Интраокулярдык линзаларды имплантациялоо (жасалма хрусталик)
13040
77
5
Орбитада реконструктивдик операциялар
13050
78
6
Рефрактердик глаукомада аллодренаждарды имплантациялоо
13060
14. Урология
79
1
Эндоскопиялык нефрэктомия
14010
80
2
Бөйрөктөрдүн лоханкалык-заара түтүгүнүн сегментинин пластикасы
14020
81
3
Эрендик бездин аденомасынын трансуретралдык резекциясы
14030
Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнун фондунун эксперттик комиссиясынын КУРАМЫ
Аалиев Г.К. - Кыргыз Рсспубликасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары (төрага); Мадыбаев М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын начальниги (төраганын орун басары); Мещерякова Т.И. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын жетектөөчү адиси (катчы); Миррахимов М.М. - Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору; Мамакеев М.М. - Хирургия улуттук борборунун директору; Кудаяров Д.К. - Акушердик жана педиатрия илим-изилдөө институтунун директору; Ниязов Ш.Н. - Улуттук госпиталдын башкы врачы; Абдылдаев Р.А. - Онкология улуттук борборунун директору; Раимжанов А.Р. - Гематология улуттук борборунун директору; Исаков Н.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн референти; Жумабеков С.А. - Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаментинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси; Алишеров А.Ш. - Учук илим-изилдөө институтунун директору; Токтомушев Ч.Т. - Курортология жана дарылоону калыптандыруу илим-изилдөө институтунун директору; Кангельдиев А.А. - Адам репродукциясы илимий борборунун директору; Узакбаев К.А. - Республикалык балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачы; Муратова Н.Б. - Республикалык инфекция клиникалык ооруканасынын башкы врачы; Назаркулов С.Д. - Психикалык саламаттык улуттук борборунун директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (15)
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 600 "О Программе Правительства Кыргызской Республики по охране здоровья населения и развитию системы здравоохранения на…Постановление · 20.12.2018 · № 600
- Постановление Правительства КР от 2 февраля 2010 года №64 "Об итогах проведенного Счетной палатой Кыргызской Республики аудита исполнения республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 02.02.2010 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 03.04.2006 · № 226
- Белгиленген квотанын алкагында медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрүн көрсөтүү (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №…Приложение · 12.12.2024 · № 1297
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №184 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу" ТартибиПравила · 21.05.2012 · № 184
- Медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрүн көрсөтүү (белгиленген квотадан тышкары) (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №…Приложение · 12.12.2024 · № 1297
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө"жобосуПоложение · 07.05.2002 · № 287
- Положение о республиканском фонде здравоохранения (Утверждено Постановлением Правительства КР от 29 июля 1993 года №340)Положение · 29.07.1993 · № 340
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык…Постановление · 11.06.2012 · № 389
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-майындагы №288 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу)…Постановление · 11.05.2009 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 802 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2024 · № 802
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 104-р ( 2017-жылы базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделинин пилоттук апробациясы адистештирилген (психиатриялык…Распоряжение · 17.03.2016 · № 104-р · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн. IX…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 октября 2015 года № 720 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 21.10.2015 · № 720 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө"жобосуПоложение · 07.05.2002 · № 287
5 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 29 июля 1993 года №340 "О мерах по улучшению охраны здоровья населения Кыргызской Республики"Постановление · 29.07.1993 · № 340 · Күчүн жоготкон