Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-августу № 474 Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктунун экинчи абзацындагы "409" деген цифралар "614" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегинде (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар):
- 42-главасынын 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 104-пунктунун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, аймактык башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринария кызматынын аймактык жана райондук ветеринариялык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү
1,80
".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-сентябрында № 79(3414) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
"1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№
Мамлекеттик органдардын кызмат орундарынын аталышы
Эселөө коэффициенти
1. Ведомстволук мекемелерде бир эле убакта эсепке алуу жана отчеттуулук менен иштеген башкы бухгалтер
1
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
4,34
2
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
4,13
3
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
3,90
4
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери
3,69
5
Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери, айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
2,70
2. Башкы бухгалтер
6
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
4,03
7
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
3,84
8
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
3,63
9
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери
3,43
10
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
2,64
3. Бухгалтер (эсептик, материалдык)
11
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
3,26
12
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
2,80
13
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
2,66
14
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери
2,51
15
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
2,30
4. Административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы, инженер, инженер-программист, кассир, SММ-адис
16
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
2,98
17
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
2,56
18
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
2,42
19
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринардык кызматтын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү
2,29
20
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
2,10
5. Жетекчинин катчысы, катчы-референт, "бирдиктүү терезенин" жана коомдук кабылдаманын референти (адиси), чарба башчысы, машина бюросунун башчысы, көчүрүү-көбөйтүү бюросунун башчысы, дарыкана башчысы, лаборатория башчысы, редактор, контролер
21
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
2,68
22
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
2,30
23
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
2,18
24
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринардык кызматтын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү
2,06
25
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
1,89
6. Иш кагаздарын жүргүзүүчү, кампа башчысы, кадрларды эсепке алуу боюнча инспектор, архивариус, комендант, катчы-машинист, стенографист, үн жазгыч кызматынын машинисти, көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөө машиналарынын (ЭЭМ) оператору, телефонист-байланышчы, лаборант, санитар, китепканачы, устат, печатник, кесүүчү машинанын машинисти, брошюровкачы, посттордун (пункттардын) көзөмөлдөөчүлөрү
26
Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери
2,53
27
Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү
2,18
28
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаардык кызматтары, институттар
2,06
29
Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринардык кызматтын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү
1,80
30
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
1,70
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин инженерлерине кызматтык маянасына 3,90 өлчөмүндө эселөө коэффициенти белгиленет.".
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготкон айрым чечимдеринин тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 407 "Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 2-пункту, 3-пунктунун 1, 2, 5-пунктчалары, 5-пункту.
31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому.
32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 201 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому.
34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2, 3, 4-пункттары жана 2-тиркемеси.
35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 3, 4-пункттары.
37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
38. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
39. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
40. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 47 · цитата келтиргендер: 51 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (51)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтγγ тизмеги (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар)…Перечень · 27.04.2015 · № 258
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2004 · № 25
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 86
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтомуна "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…План · 25.12.2021 · № 352
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө…Постановление · 31.10.2024 · № 655
- Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык мэриянын аппараты жөнүндө (Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 13 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 06.03.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 04.03.2020 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөПостановление · 19.08.2005 · № 388
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 " Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө…Постановление · 28.09.2005 · № 457 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы №238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" токтомуПостановление · 21.06.2007 · № 238 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Положение · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуПостановление · 18.10.2013 · № 568 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 02.04.2015 · № 180 · Күчүн жоготкон
51 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (47)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2004 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 25.12.2021 · № 352
- КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.03.2022 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө…Постановление · 31.10.2024 · № 655
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөПостановление · 19.08.2005 · № 388
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 04.03.2020 · № 124
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы №238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" токтомуПостановление · 21.06.2007 · № 238 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуПостановление · 18.10.2013 · № 568 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 июля 2011 года №360 "Об условиях оплаты труда работников Фонда государственных материальных резервов при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 05.07.2011 · № 360 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 02.04.2015 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2011 · № 285 · Күчүн жоготкон
47 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон