Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 95 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 28-марты ПЖ № 95 Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө бирдиктүү базалык ставка колдонулат;
2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызматтык маянасы бирдиктүү базалык ставканы кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы кепилденген бөлүгүнөн, компенсациялардан жана дем берүүчү төлөмдөрдөн турат;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын кепилденген бөлүгү эмгек акынын жалпы өлчөмүнүн 2/3 бөлүгүнөн кем эмес болууга тийиш.
2. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттары ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык 2022-жылдын 1-августунан тартып белгиленет деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык эки этапта бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзсүн:
- 2022-жылдын 1-апрелинен тартып - мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүндөгү кызматчыларга;
- 2022-жылдын 1-августунан тартып - мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин тейлөөчү техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына;
2) белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өздөрүнүн эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен эмгек акы төлөө шарттары аныкталган мамлекеттик органдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдары ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өздөрүнүн эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 267-т (2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине…Распоряжение · 23.05.2023 · № 267-р
- 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы (КР Министрлер Кабинетинин…Концепция · 16.12.2022 · № 703
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 703 "2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине…Постановление · 16.12.2022 · № 703
- Красная речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 6-августа № 15/V "Эксковаторго айдоочуу катары кошумча штат бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.08.2022 · № 15/V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2024 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик…Постановление · 15.05.2024 · № 249
- Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 18-февралындагы №3/1 «Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун…Постановление · 18.02.2025 · № 3/1
- Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы № 2 "МЧС ке кенсе куруу" токтомуПостановление · 26.09.2022 · № 2
- Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 1 "Бюджетке өзгөртүү" токтомуПостановление · 27.10.2022 · № 1
- Калба айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 35 "Калба айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ч.Джаманкуловдун эки айлык жөлөк пулун (лечебное пособия) кароо жөнүндө"…Постановление · 19.09.2023 · № 35
- Кара Дарыя айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 1 «Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2024-2025-жылдарга…Постановление · 08.02.2023 · № 1
- Кара-Суу айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын 2022-жылдын 24 - августундагы №36 "Кара-Суу айыл өкмөтүндө иштеген аппарат кызматкерлеринин жогорулаган…Постановление · 24.08.2022 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз…Заключение · 22.04.2026 · № 329
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №434 токтомуПостановление · 01.08.2022 · № 434
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021